Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева 24-мартта (биринчи төңкөрүш болгон күнү) Кыргызстандан чыгып кеткен. Тагырагы, өзбек президентинин өмүрлүк жары Зироатхан Мирзиёеванын чакыруусу менен Ташкентке учуп кеткен. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлдөрү кабарлашкан. Алардын айтымында, эки айым жылуу мамиледе болуп келген, ошондон улам З.Мирзиёева жеке чакыруу жөнөтүптүр. Эми ал 28-мартта кайтып келет экен. Дал ошол күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келет.
Эрзат МЫРЗА