Бул тууралуу Муфтият билдирүү таратты. Билдирүүгө таянсак, айт намаз 5-июнда эски аянтта окулат. Таңкы саат алтыдан жетиге чейин дин аалымдарынын баяндары, андан кийин Азирети муфтийдин куттуктоосу, баяндамасы 20 мүнөткө созулат. Саат 7:20да өкмөттүн куттуктоосу, 10 мүнөттөн соң, намаз окулат. Майрамдык намазга карата бир нече көчөлөр жабылат.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы