Соттордун “атасы” Арабаев камалды. Соттордун ишине кийлигишээрин Канатбек Исаев үч жыл мурун айткан эле…

Соттордун “атасы” Арабаев камалды. Соттордун ишине кийлигишээрин Канатбек Исаев үч жыл мурун айткан эле…

Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев камакка алынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы Арабаевди кечээ, 2-июнда кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдиргендей, ал коррупцияга аралашкан деп шек саналууда, бирок конкреттүү кайсы ишке байланыштуу колго түшкөнү расмий айтыла элек.

Манасбек Арабаев мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Кийинки президент Сооронбай Жээнбековдун убагында деле ошол кызматын аркалаган. Былтыр, 15-майда «жетекчиликтин ишениминен кетти» деген жүйө менен кызматынан бошотулган. Анын дарегине кызматта турганда «соттук иштерге кийлигишет» деген дооматтар айтылып келген. Бул дооматтар боюнча Манасбек Арабаевдин адвокаттары жана жакындары анын камалганына байланыштуу үн ката элек.

Арабаевдин тегерегиндеги ызы-чуулар…

Эскерте кетсек, былтыр «Медиа Полиси Институту» уюму Манасбек Арабаев «соттордун ишине кийлигишкен, кадрдык маселерди чечкен» деген фактыларды текшерүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылган. Башкы көзөмөлдөөчү орган Арабаев мыйзам бузбаганын билдирип, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Андан кийин Арабаевдин аты Башкы прокуратуранын «200 миң доллар пара алганда кармалды» деп сөз болгон бөлүм башчысы Улан Чалбаевге байланыштуу айтылган жана айрым бир документтер Интернетке жарыяланып кеткен. УКМК анда «Арабаевге кылмыш иши козголду, камалды» деген маалыматты жокко чыгарган эле.

Канатбек Исаев качан эле айтты эле…

Негизи Арабаевдин айланасындагы уу-дуу кеп былтыр жазында башталган. Балтыр, апрель айында мурдагы судья Максуда Оморова кызы Гүлчехранын судьялык кызматтан мөөнөтүнөн мурда алынганы үчүн Арабаевди ачык айыптап чыккан жана «сот чечимдерине, кадр саясатына кийлигишет» деп күнөөлөгөн. ЖК депутаты Канатбек Исаев 2016-жылы эле парламентте Арабаевдин соттордун ишине кийлигишерин айтып чыккан болчу.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.