СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ: Байсалов, Токтакунов, Матраимов бетме-бет жолугуп, миллиондорду талкуулашат

СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ: Байсалов, Токтакунов, Матраимов бетме-бет жолугуп, миллиондорду талкуулашат

Бул тууралуу 5-каналдын жетекчиси Эрнис Кыязов “Азаттыкка” билдирген. Билдирүүгө караганда, бүгүн,3-июнда аталган телеканалдын «Ой бүгүн» телеберүүсүнө Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, ЖК депутаты Искендер Матраимов келип, «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсү боюнча жооп берет. Талкууга андан тышкары, журналисттик иликтөөнүн автору, «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов жана Эдил Байсалов катышат. Эдил мырзанын да айта турган сөзү, далили бар, себеби, дал ушундай миллиондорду былтыр айтып, жазып чыккан эле.

Талкуу кечки саат алтыда башталат. Сөзсүз көрүңүз, Матраимов бул боюнча эмне дээр экен?!

«Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» (ВИДЕО)

Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон доллар тууралуу иликтөөнү «Азаттык» 29-майда жарыялап, ошондон бери кызуу талкууда. Бул видеону көрүү үчүн бу жердеги ШИЛТЕМЕни бассаңыз чыгат.

Бул иликтөө парламентте сөз болду, бирок, тилекке каршы, бул көйгөйлүү маселеге депутаттар олуттуу карап, маани берген жок. Коррупция менен күрөшүүдө президент: “Мен бир тууганыма, досума, тууган, таанышка карабайм”,-деди эле. Антип айтканы боюнча бу жердеги ВИДЕОдон көрсөңүз болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.