Чыныбай Турсунбеков Нарындагы аксакалдардын оозун ачырды…

Чыныбай Турсунбеков Нарындагы аксакалдардын оозун ачырды…

ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков Нарын районуна иш сапары менен барганы тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, эл өкүлү Куланак айылындагы бир катар социалдык обьектилердин абалы менен таанышып, губернатор, аким менен бирге Куланак орто мектебинин абалын көрүп чыкты.

Алар 40 жыл мурун турган мектеп бир дагы жолу капиталдык ремонттон өткөн эместиги, терезе-эшиктеринин эскилиги жетип, жылуулук системасы жарытылуу иштебей калганы, чатырынан тамчы тамаарын, спорттук залы кышкысын жылуулуктун жоктугунан колдонулбаганына күбө болушкан. Ал жерге чогулган эл айылдык клуб да жараксыз абалда экенин жана жайыт маселени талашта экенин айтышкан. Мындай талаш маселе чатакка айланып кетпеш үчүн атайын комиссия түзүп, эки тарап тең ыраазы болгондой кылып чечүү керектигин депутат айткан. Ошондой эле эл өкүлү Учкун айылындагы таза суунун эң чоң көйгөйгө айланганы, сугат сууларына болгон муктаждык чечилбей жатканын уккан. Жолугушуунун соңунда, Чыныбай Акунович Нарын районундагы орозо кармап жаткан аксакалдардын оозун ачырып, элди кеңпейилдикке, кечиримдүүлүккө, ынтымак-ырашкерликке чакырган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.