Бокоев шайлоо мыйзамы боюнча Шайлдабекованын шайын кетирди

Бокоев шайлоо мыйзамы боюнча Шайлдабекованын шайын кетирди

Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде каралган «Жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын 30% аялдар үчүн резервге коюу жөнүндө мыйзам долбоору» экинчи окуудан өтүп, жалпы сессияда каралаары күтүлүүдө. Мына ушул шайлоодогу аялдар үчүн түзүлгөн резерв боюнча талаш-тартыш мыйзамдарда так жазылбаганын депутат Бокоев бүгүнкү комитет жыйынында дагы бир жолу баса белгиледи. Депутаттын айтымында, аялдардын шайлоо укуктарына болгон камкордуктар жаман эмес, бирок, мыйзамда баары так жазылса туура болмок. Мыйзам — бул башаламандыктарга чек кое турган акыркы чек, бирок, тескерисинче башаламандыкка алып бара турган так эмес, дааналап көрсөтүлбөгөн мыйзам болуп көрбөгөндөй башаламандыктын башаты.

Бүгүн комитет жыйынында шайлоо мыйзамдары боюнча талаш-тартышта БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы депутат Кенжебек Бокоев алардын алып келген мыйзамдарындагы кетирген кемчиликтерин көзгө сайып көрсөтүп, каталарын калкып чыкты. Берилген суроолорго так жооп бере албаган Шайлдабекова баарын БШК “мыйзамдарынын” негизинде тууралап коерун айтты. Алардын комитеттеги суроо-жооптору төмөндө, ага назар салыңыздар.

К.Бокоев:

— БШКнын талаптарына ылайык жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо, бир эле мандат бар жерде, бирөөсү резервге коюлат деп жатат. Демек, ошол жерден беш талапкер чыга турган болсо, айталы үч аял, эки эркек чыгып калса, алар бир эле мандат үчүн талашат да, туурабы?

 Н.Шайлдабекова:

-Ооба, ошондой деп жазылды.

К.Бокоев:

— Эгер ошондой болсо, “эки мандаттын бирөөсүн аялдар үчүн” деп резервге коюп жатсаңар, анда эки мандаттуу жерде талаштырып олтурбай, бирөөсүн аял депутатка, бирөөсүн эркек депутатка деп эле койбойсуңарбы, ишенимдүү эле. Эмне үчүн беш талапкер тең бир мандатты талашат? Кызыгы, эгер ошол талаша турган бир мандатты аял киши депутат болуп утуп чыкса эмне кыласыңар? Резервдеги мандат кимге берилет? Бул боюнча сиздердин сунуштаган жоболоруңуздарда так жазылган эмес.

Н.Шайлдабекова:

— Кенжебек Сатымкулович, мыйзам кабыл алынгандан кийин, биз ал үчүн механизм иштеп чыгабыз. Ушул комитет менен да макулдашабыз. Бул шайлоо процессине жаңычылдык болуп жатат. Муну кеңири коомдук жана комитеттин талкуусунун негизинде баарын иштеп чыгабыз.

К.Бокоев:

— Ошондуктан, шашпай иштеш керек. Көп каталар кирип жатат. Сиздер жазып атасыздар “эки мандаттын бирөөсү аялдар үчүн резервге” деп, бирок, ал жердеги бир мандатты аял алып кетсе, резервдеги мандатты эмне кылаарыңарды жазбай жатасыңар. Анткени, ал резерв аял кишиге деп эле жазылган. Силер жазышыңар керек эле: “Эгер бир мандатты аял алып кетсе, резервдеги мандат эркек талапкерге берилет”-деп. Мындай болбойт да. Бир сөз менен айтканда, шайлоонун кашасын чыгарып атасыңар да. Шайлоо болуп жатса, бир мандатты бекитип коет деген эмне шумдук? Мыйзамда, баардык мандат шайлоо бүткөнчө кантип берилет, эмне болот так жазылышы керек?! А силер, мындайча айтканда, мандатты да БШКга катып алып, кийин беребиз дегендей кылып жатасыңар да.

Н.Шайлдабеков:

— Кенжебек Сатымкулович, 62-беренеде “Шайлоонун жыйынтыгын аныктоо” дегенде баары так жазылган. Добуш кантип саналат, кантип мандат берилет баары жазылган.

К.Бокоев:

— Негизги мандатты алып кетсе, резервдеги мандат эмне болоорун жазган жоксуңар да?

Н.Шайлдабеков:

— Мен ойлойм, түшүнүктүү эле жазылды.

К.Бокоев:

— Эми Сиз өзүңүз түшүндүрө албай жатпайсызбы, кандай жазылды.

Н.Шайлдабекова:

— Эки мандаттын бирөөсү аялдар үчүн резерв болуп бекитилет.

К.Бокоев:

— А бирок, негизги мандатты аял алып кетсечи?

Н.Шайлдабекова:

— Аял алып кетсе, аял алып кетсин. Аялдар депутат болсун, аялдар көбүрөөк болсун.

К.Бокоев:

— Резервдеги кимге берилет анан?

Н.Шайлдабекова:

— Резервдеги да аялдарга берилет.

К.Бокоев:

— Мына депутаттар, биз мыйзамды 3-окууда өткөрөйүн деп жатабыз, жаңы кирип жаткан сунушта башаламандыктар, так эмес нерселер көп. 21 мандат шайлоого коюлуп жатса, талапкер болуп жаткандар ошол 21 мандат үчүн күрөшүш керек. Же болбосо так эле “мынча мандат аялдарга, мынча мандат эркектерге” деп туруп эле киргизишибиз керек.  Андай болбосо, так эле жергиликтүү кеңештерди “ар бир төртүнчү тизмеге аялдар” деп туруп, пропорционалдык  системага которуп салуу керек болчу. Биз эртең ушул мыйзамды кабыл алуу менен айылдардагы буга чейин деле болуп келе жаткан башаламандыктарды, дагы башаламандыкка алып барабыз. Негизи, бир айылдын эли бир эле талапкерге добуш бере турган болушубуз керек эле.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.