Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бүгүн, 1-августта Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт аралык сүйлөшүүлөрү өтөт.
Буга чейин, былтыр декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Абдулла Арипов жолуккан. Анда алар кызматташуу боюнча жол картасына кол коюшкан.
Соңку үч жылда Өзбекстан Кыргызстанга экспортун беш эсе көбөйттү. 2016-жылы коңшулар Бишкекке болгону 67 миллион долларлык товар жөнөтсө, 2018-жылы бул сумма 350 миллион долларга чукулдады.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы