7—8-августта болгон Кой-Таштагы окуя боюнча ИИМ, УКМКнын жетекчилери бүгүн (13-августта) журналисттерге жыйын өткөрүштү. Анда ИИМ министри Кашкар Жунушалиев Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бийликти күч менен басып алууну көздөгөнүн айтты. “8-августта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары саат 16:00дө «Форумдун» алдына чогулуп, анан кечинде бийликти мыйзамсыз басып алуу, массалык башамандык уюштуруу, талап-тоноо максаттары бар экендиги бизге маалым эле. Кечинде Бишкек шаарынын борбордук аянтына 1500дөй жаран топтолуп келди. Жаш балдар, баңгилер жана соттолгондор менен бийликти алып, шаарды тоногонго аракет кылышты”,-дейт министр.
Эскерте кетсек, 8-августта, Атамбаев кармалган күнү Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтына, Ак үйдүн алдына топтолгон балдар чогулуп, жолдорду тосуп, “тартпа!” деп журналисттерге да кол көтөргөндөрү болгон. Аларды милициялар сүрүп чыгып, айрымдарын кармап кетишкен.
Эрзат МЫРЗА