Бүгүн, 17-ноябрда, экс-президент Сооронбай Жээнбеков туулган күнү менен куттуктаган элге ыраазычылыгын билдирди. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды.
— Урматтуу мекендештерим!
Сиздердин көпчүлүгүңүздөрдөн кечээ, 16-ноябрда менин дарегиме жылуу сөздөр менен бирге куттуктоолор айтылды, жазылды. Ар бириңизге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем.
Мен үчүн айтылган ар бир каалоо-тилектериңер кымбат, өзгөчө маанилүү. Мага эмне кааласаңыздар, сиздерге да ошону каалайм.
Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун. Бекем ден соолукта болуңуздар!
Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай колдосун!
Белгилей кетсек, кечээ, 16-ноябрда, Сооронбай Жээнбеков 62 жашка толду. Ал туптуура бир ай мурун — 16-октябрда бийликти премьер-министр Садыр Жапаровго өткөрүп берген. Мыйзам боюнча «экс-президент» макамын алган.
Ал эми президенттин милдетин аткарып келген Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша турганын билдирип, кызматын 14-ноябрда тапшырган. Мыйзам боюнча спикер Талант Мамытов президенттик милдетин аткарууда… Анын кайрылуусун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы