Эсен болуп, эстей жүр!
РЕДАКЦИЯДАН: 9-декабрь. Бүгүн белгилүү саясатчы, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» аталган, журналистикада, саясатта опол тоодой эмгек кылып, советтик журналистика режимин сындырып, эркин журналистикага из салган Мелис Эшимкановдун туулган күнү. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 58 жашка чыкмак экен.
«60ка чыгамбы, 70ге чыгамбы, кеп анда эмес экен, өмүрдү кандай өткөрдүӊ, кеп ошондо турбайбы» деп өзүнүн Эрнис инисине айткан сөзү бар экен…
2011-жылы, 15-сентябрда көз жумган. Арадан 9 жыл өтүптүр…
Атасынан 6 жашында калган Адамчик, 4 жашында калган Миэлланы жана көптөн бери көрүнбөй кеткен Асел Эшимканованын ал-акыбалын сурагандар оголе көп. Аны аткардык. Миэлла ар кайсы тилде ырдайт. Аны маектин аягында уга аласыздар!
— Жеӊе, Мелис байкеден ажыраганыӊызга 9 жыл болуптур. Жоктоо дартын кантип жеӊдиӊиз эле?
— «Убакыт учкан куш» дегендей, билинбей эле арадан 9 жыл өтүптүр… Атасынан 6 жашында калган Адамчик 15ге, 4 жашында калган Миэлла 13 жашка чыкты. Кызым кичинекей болгондуктан атасы кайда кеткенин түшүнбөй деле калды. А балам болсо баарын түшүнүп, мени сооротконго аракет кылчу. Куран окутуп келген адамдар кеткенден кийин ыйлап калчумун. Ошондо уулум көз жашымды аарчып, ар нерсени көрсөтүп, туурап, куудулданып, көӊүлүмдү көтөргөнгө аракет кылчу. Баламдын мындай аракетине бир чети таӊгалып, бир чети ыраазы болуп жүрдүм. Адамчигимдин аракетин текке кетирбейин деп өзүмдү колго алдым десем болот.
Албетте, жакшы көргөн эӊ жакын адамыӊдан ажыроо азаптын азабы. Куса, сагыныч… Жоктоо дартын жеӊүү оӊой-олтоӊго турбайт. Тилекке каршы, мындай абалды өзүӊ да башыӊдан өткөрүп жатасыӊ. Андайда кандай адамдар жардам берээрин жакшы билесиӊ: ата-эне, бир тууган. Алардын мээрими, жылуу мамилеси менен андай абалдан чыктым. Эми өзүмө келатканда, оор учурда мага колдоо көрсөткөн алтын атам да мурдагы жылы каза болуп калып, кабыргабызды кайыштырып кетти. Анан Эрнис… Мындай асыл адамдарды унутуу кыйын. Атамды, Мелисти, Эрнисти унуткан жокпуз жана эч качан унутпайбыз, элеси жүрөгүбүздө жашап келет.
— Балдарыӊыздын кимисинин мүнөзүн атасына окшоштурасыз?
— Атасына Адику аябай окшош: кыймыл-аракети, баскан-турганы, ой-жүгүртүүсү. Жадагалса ойлонгонуна чейин окшош.
— Келечекте кайсы кесиптин ээси болом дейт?
— Адику 9-классты ийгиликтүү аяктагандан кийин, билимин чет өлкөдөн улантууну чечти. Мен анын мындай чечимин толугу менен колдойм. Себеби, балдарымдын Европадан билим алуусун каалайм. Ал максаттарыбыз буйруса орундалганы турат, виза күтүп жатабыз. Ал эми кайсы кесиптин ээси болоорун азырынча айта элек. Бардык нерсени алдын ала айтканды жактырбайт, аткарылган соӊ гана айтууну жакшы көрөт. Мен анын мындай оюна да кошулам.
— А Миэллачы?
— Микуля мектепке 4 жашында барды. 3 жашында жазганды, окуганды өзү эле үйрөнүп алган. Байкесин ээрчип, «мектепке барам» деп жарым жыл ыйлап, аябай талап кылып жүрдү. Кызымдын каалоосун жаӊы жылдан кийин аткардым. Көӊүлү калып, «барбайм» десе, кайра бала бакчага берип коем деп жүргөм. Андай болгон жок, өздөштүрүп кетти. (Күлүп) «Ар кимдики өзүнө, Ай көрүнөт көзүнө» дегендей, мактана тургандай уникалдуу, таланттуу кызым бар. Азыр ал көркөм гимнастика менен алектенүүдө. Аны менен катар ырдаганды, бийлегенди жакшы көрөт. Ырдаган жагынан атасын тартты окшойт, себеби, Мелис да жакшы ырдачу да. Алты тилде (кыргыз, орус, англис, кытай, француз, еврей) ырдайт, эркин сүйлөйт.
— Атасына арнап ыр жазганын угуп калдык эле. Андай таланты калган жокпу? Сизчи, ыр жазып жатасызбы?
— (Күлүп) Азыр экөөбүз теӊ ыр жазбайбыз, андан алыстап кеттик. Ыр жазууга бир учур келет экен, жаш кезде. Ошол учурда жазып калдым.
— Кесибиӊизди, көгүлтүр экранга чыгууну сагындыӊызбы? Журналистикага кайра кайтып баргыӊыз келеби?
- Жашырганда эмне, башында аябай эле кесибимди сагынып жүрдүм. Аны эми сөз менен жеткире албайм. Азыр анын баары артта калды. Азыр мен кесибиме кайрылууну каалабайм, себеби андан да кызыктуу ишим бар. Маркетинг тармагын тандап алгам, ошондо эмгектенип келатам.
— Мурдагы Асел менен азыркы Аселдин айырмасы барбы?
— (Күлүп) Албетте, бар, асман менен жердей. Баягыдай баёо Асел жок, анда мен ишенчээк элем. Бардык болуп жаткан окуяларга кызыкчумун. Жаман сөздөргө көӊүл буруп, жүрөгүмдөн өткөрчүмүн. А азыр болсо такыр башкамын, эч нерсеге көӊүлүм бурбайм, жүрөк оорутпайм.
— Ушак-айыӊга көӊүл бурасызбы?
— Негизи ушактарга мурда эле көӊүл бурчу эмесмин. Бирок, туура эмес, жалган маалыматтарды окуп алып: «Эмнеге адамдар мынча каардуу? Эмнеге ушинтип туура эмес жазышат? Эмнеге так маалымат беришпейт?» деген суроолорду берип, ага жооп таба албай, капаланып калчумун. «Жакшы адамга сөз эмес, чөп да жармашат» дегендей, болбогон сөз айтыла берет. Ушак-айыӊга көӊүл буруп, аларга жооп кайтарып, алардын деӊгээлине түшпөй эле кой, Аселёк!»,-деп Мелис көп айтчу. Анынсыӊарындай, көрүнүктүү, атактуу, ийгиликтүү адамды кеп-сөз ээрчий берет экен. Болбогон кепке көӊүл бурбайм, сүрүштүрүп, артынан түшпөйм. Социалдык тармактардан алысмын, ага кирбей калганыма көп жыл болду. Жалган, калп ушак таратып жаткандарды Кудайга койдум.
Мелис мыкты үчүн унутулбай келатат да. Мына, жакында эле, күзүндө Нарын шаарындагы атактуу инсандардын галереясына Мелистин сүрөтү кошулду. Андагы портреттерди белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов тартыптыр. Бул жолу да 8 атактуу адамдардын сүрөтүн тартып, алып барып кошту. Ар биринин алдына 6 саптан турган ыр жазылыптыр.
Мелиске:
«Бийликтин жанын койбостон,
Ажоӊ менен кожоӊду,
Мышык, чычкан ойноткон,
«Асаба», «Агым» Ак үйгө,
Агенттерин жойлоткон,
Жарчы эле элди ойготкон!» деп жазылыптыр.
Мага аябай жагымдуу болду. Ушундай инсандарды унутпай, жакындарын чакырып, алып барууну уюштуруп, маркумдарды эскерип, аларга багыштап куран окутуп, сүрөттөрүн тарттырып, демөөрчүлүк кылган «Дордой» ассоциациясынын негиздөөчүсү, белгилүү ишкер Аскар (Салымбеков) байкеге, чоӊ эмгек кылган Асан (Турсункулов) байкеге тереӊ ыраазычылык билдирем. Атактуу инсандарды жүзүнөн кийинки муунга таанытып, анын кылган эмгегин, ким болгонун кийинки урпактарга даӊазалагандын өзү баатырдык. Аскар байке менен Асан байкедей адамдар көп болсун!
Ал жерде мага дагы бир жагымдуу болгону кайын иним Эрнистин эскерилгени болду. Эрнистин мыкты акын, котормочу, журналист болгонун айтып, кыргыз тилине зор салым кошуп кеткенин баса белгилеп, гений деп атап, эмгектерин санап, сүрөтүн тартып, галереяга кошууну сунуштаган Жазуучулар Союзунун жетекчиси Нурлан Калыбеков болду. Ал Эрнистин эки айда эле, эч ким батынып которо албаган атактуу Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романын которуп салганын, ага чейин Конфуцийдин осуяттарын которгонун жана башка дагы толтура котормолору демөөрчү жок жарык көрбөй турганын айтты. Нурландын айтканында калет жок. Эрнис сөзсүз кошулушу керек. Анткени ал унчукпай эле чоӊ эмгек кылып, кыргыз элине таштап кетти. Башкалардай болуп өзүн реклама кылган жок, мактанган жок. Ушундай адамды унутпай, эмгегин айтып, күйүп-бышкан Нурлан Калыбековго да ыраазычылык билдирем.
Эрнис да элүүгө чыкпай, жаш кетти. Билинбей эле Эрниске да бир жыл болоюн деп калыптыр…
Эрнистин каза болгонун укканда аябай жаман абалда болдук. Ошондо балам: «Байкеме топурак салып келейин»,-деп, иним Аваз менен Ат-Башыга барып, байкесин акыркы сапарга узатып келди…
— Мына, бүгүн, 9-декабрь — Мелис байкенин туулган күнү. Бул датаны белгилегенди жактырчу беле? Кандай өткөрчү элеӊиздер?
— Мелис туулган күнүн белгилегенди көп жактырчу эмес, ошентсе да, тар чөйрөдө белгилечүбүз. Бирок, ал өзү достору менен отурганды жактырчу. Эми алар менен көӊүл ачуу максатта эмес, маанилүү маселелерди чечүү үчүн жолукчу. Себеби, туулган күнүн куттуктап, кафеге чакырган достору, санаалаштары толтура болчу…
— Ошол достору эскерип, куран окутуштубу? Азыр кимиси менен байланыштасыз?
— 2013-жылы «Дасмияга» куран окутуп, эскеришкен. Ошондо да Түгөлбай (Казаков) байке Мелисти жакшы эскерип берген эле… Ошол эле жылы Мелис Эшимканов атындагы коомдук фондунда «Жылдын мыкты журналисти» сынагындагы 100 миӊ сомду Түгөлбай байке жеӊип алган. Ыраазычылык билдирип, «50 миӊ сомду кайра кайрып берем, калган 50 миӊ сомду Түркияга барып жүрөгүмдү дарылап келейин» деп, 50 миӊ сомду кайтарып берген. Учурдан пайдаланып, байкеге үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылык билдирем. Ал дайыма моралдык жактан колдоо көрсөтүп келди.
— Келечекте фонддун тагдыры кандай болот: ал убактылуу токтодубу же биротолобу?
— Фондду жакшы тилек менен ачканбыз. Максатыбыз — Мелиске окшогон мыкты калемгерлерди жылына акчалай сыйлык менен сыйлоо болчу. Фондду 3 жыл гана кармай алдым, 3 жыл катары менен жеӊүүчүлөргө өз чөнтөгүмдөн акчалай сыйлык берип жүрдүм. «Талаада жалгыз адам — жоокер эмес» дегендей, жалгыз каражатты тарта албагандыктан, жабууга аргасыз болдум. Убактылуу токтоп турган ишти балдарым чоӊойгондо улантып кетет деген ойдомун.
Ушул жерден дагы бир нерсени баса белгилеп айтып койгум келет. Фондду ачканда моралдык жактан колдогондор көп болду. Алсак, Түгөлбай Казаков, Эсенбай Нурушев, Кубатбек Байболов, Нуржамал Байболова, Чолпон Жакупова колдоп, эскерүүгө келип жүрүштү. Уюштуруу иштерин Эсенбай байке жана Түгөлбай байке менен кеӊешип жасачумун. Журналисттер Айнагүл Сапарбек кызы менен Азамат Кыязовго да ыраазычылык билдирем, жакшы жардам беришти. Бильярд, футбол боюнча турнир өткөргөндө Айбек, Азамат деген жигиттер жардам берип, колдоо көрсөтүштү. Баарына тереӊ ыраазычылык билдирем.
— «Сырдашканга эже, сиӊдим болгондо…» деп айрым учурда капаланып, үй-бүлөдө жалгыз кыз болуп калганыӊызга өкүнгөн күндөр болду беле?
— Мурда ошентип өкүнчүмүн, азыр антпейм. Өкүнгөндө деле пайдасы жок го… Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп таянган эки бир тууганым: агам менен иним бар. Бар байлыгым: апам, бир туугандарым, балдарым. Ушундай алтын адамдар менен дагы эле болсо ийгиликтер жаралууда жана жарала бермекчи!
Маектешкен Назира СААЛИЕВА
Мелис Миэлла: «Атакем»
Миэлла француз тилинде:
Миэлла еврей тилинде:
Миэлла англис тилинде:
3 thoughts on “4 ВИДЕО — Мелис Миэлла: «Атакемди сагындым…». Адамчик апасынын көз жашын аарчып…”