Эсен болуп, эстей жүр!
РЕДАКЦИЯДАН: 9-декабрь. Бүгүн белгилүү саясатчы, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» аталган Эшимканов Мелис Асаналиевичтин туулган күнү. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 58 жашка чыкмак экен. «60ка чыгамбы, 70ге чыгамбы, кеп анда эмес экен, өмүрдү кандай өткөрдүӊ, кеп ошондо турбайбы» деп өзүнүн Эрнис инисине айткан сөзү бар экен…
2011-жылы, 15-сентябрда көз жумган. Арадан 9 жыл өтүптүр…
Маркумдун ашы өткөндөн кийин, 2012-жылы жубайы Асел Эшимканова жолдошунун элесине арнап «Мелис Эшимканов» аттуу китеп түзгөн. Ал китеп баарыӊыздардын эле колуӊуздарга тийбесе керек. Андагы эскерүүлөрдү Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси Эрнис Асек уулу (Эшимканов) атап кеткен «Алакан» сайтынан окуй аласыздар. Бүгүн кечке Эшимканов Мелис Асаналиевичти эскеребиз. «Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!»
Архивден…
15-сентябрь — айтылуу Мелис Эшимкановдун каза болгон күнү. Арадан 9 жыл өтүп кетиптир. Мелис байкени эскерип жүргөн бир тууган иниси, белгилүү журналист, котормочу, акын, философ Эрнис Асек уулу (Эшимканов) да арабызда жок. Эрнис байкенин жубайы журналист Назира Саалиева менен маек курдук.
— Назира эже, Эрнис байкенин агасы Мелис байкени жоктоп кайгырып жүргөнүн жазгандарынан окуп калчубуз. Бул күнү өзүн кандай алып жүрчү эле?
— Эрнис сыр бербегени менен ичинен агасын арман кылып эле жүрдү. Сагынычы сөзүнөн, кусалыгы көзүнөн билинип турчу. Көзү өткөнчө агасын жоктоо дартынан айыккан жок. Агасын ушунчалык жакшы көргөнүн Эрнистин сары чемоданында сакталган сары кагаздарынан да билдим. Ал чемоданын мен байым каза болгондон кийин ачып, тээ бала кезинен бери жазгандарын окуп көзүмдөн жаш акты. Ригада студент болуп окуп жүргөндө бири-бирине жазган каттары, апама (кайын энеме) жазган сагынычтуу каттары бар, бала кездеги сүрөттөрү бар экен. Айтор, ал сыр сандыгынан көп нерсени таптым. Ушунун баарын камтып «Мелис Эшимканов» аттуу китепти жазып баштаган турбайбы деп калдым. Аны да баштап койгон экен, тилекке каршы, аягына чыкпай калды да. Эрнис өзүнчө эле энциклопедия эле да. Бардык нерсени датасы, жылы менен күндөлүк кылып жазып жүрүптүр. Айтылуу «Асабага» ким кантип ишке келгенин, редакцияга келген саясатчылардын кечээ ким эле, бүгүн ким болгонунун баарын ачык жазыптыр. Саясатчылардын да, акындардын да, журналисттердин да жүзүн ачыптыр. Аны «Кагындылар» деп атаган эле. Түшүнгөн кишиге аталышы эле эмнени айтып турат. Кимдин ким экенин мен дагы Эрнисимден ажырагандан кийин билдим. Эрнисим да ушинтип калчу эле: «Кимдин ким экенин Мелис байке каза болгондон кийин нак жүзүн көрдүм. Эки сөздүн башын бириктирип жаза албагандардын кара жанына бой көтөргөндөрүн да, байкеме өйдө карап сүйлөй албагандардын калп айтып, калп жазгандарын да көрдүм. Байкемдин жакшылыгын унутуп койгондорду Кудайга койдум. Бирок, убагында жүздөрү ачылат. Артты карап кагынып коюш керек экен. Ошон үчүн китепти «Кагындылар» деп атадым» деп калаар эле. Ал китеп чыкканда чырлар чыкмак, себеби, көбү чынга чычалашмак да.
— Жаӊы жазылып жаткан китепке ошол баштап койгон китеби да киреби?
— Жок, кирбейт. Себеби, ал бүтпөгөн китеп да. Баштап эле койгон. Ал эми сары чемоданында колго жазганы сакталуу боюнча турат. Китепке Эрнисимдин эссе, аӊгеме, эскерүүлөрү, котормолору, «Записки от скуки» деп жазгандары, маектери, байымды эскерген эскерүүлөр кирет.
— Кечээ жакында эле акын, котормочу Марат Токоев сайтына Эрнис байкенин ырларын жарыялады. Ал сөз башында «Каалга» аттуу ыр китебине демөөрчү керектигин жазганын окуп калдым. Ал китепке ырлары толугу менен кирдиби?
— Жок, толугу менен кирген жок. Ага өзү тандап койгон ырлары гана кирди. Аны да тандабайт болчу. Эрнистин чыгармасын баалаган Жазуучулар союзунун төрагасы акын Нурлан Калыбеков: «Назира, генийлер кежир келет. Алдагы гений күйөөӊ Жазуучулар Союзуна мүчө болсун. Ырларын дайындасын, китеп кылалы. Ошого көндүр» деп калды. Кантип көндүрөөрүмдү билбей, акырын: «Байым, Жазуучулар Союзуна мүчө болсоӊ, жер берет экен, ыр китебиӊ чыгат экен» десем, «Эгер Нуке (Нурланды ушинтип айтчу) жазуучу, акындарга жер берсе жакшы экен, ушул сунушу мага жакты. Жер алсак, экөөбүз батирлебей, колектеп болсо да үй салат элем» деп күлүп, мүчөлүккө макул болгон эле. Бирок ырларын китеп кылып чыгарганга макул болбой коюп, ал жагынан да Нурлан өзү көндүрдү эле. Ырларынын тандалып калганы да ошондон. Мага аманат болуп калды деп жүрөк өйүп жүрөт. Бирок, демөөрчү издеген эмесмин, Марат өзү мага жардам кылайын деген ниетте жазып коюптур. Аны окуп алып, «ка-ап, мага акылдашып койсо болмок экен» деп калдым. Маратка ыраазымын, ырларын сурап жүрдү, чыгарды. Ал эми каражат чогултуу демилгесин туура көргөн жокмун. Байым дагы андайга караманча каршы эле. Себеби, азыр бирөөдөн акча чыгышы кыйыныраак. Өзүм акча топтоп чыгарайын деп жүргөм.
— Конфуцийден башка котормолору китеп болуп чыкты беле?
— Негизи Эрнис баш-аягы 9 китеп которуптур. Анын бирөөсү гана жарык көрдү, ал — Конфуций (Кун фы Зы). Мухаммед пайгамбардын (САВ) күйөө баласы Имам Али (Нахж-ул-Балаге. Купталар, каттар, афоризмдер (накыл кептер) китебин да которуп берген. Анын сигналдык вариантын көрүп калды. Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романын которуп, мукабасынын дизайнын да өзү иштеп берип, чыгып калышын күттү эле. Жок дегенде сигналдык вариантын көрүп калса болмок деп кейип калдым. Ал чыгарманы 2 айда эле бүтүп, «Турар» басмаканасына берип зарыгып күтүп жүрдү. Тилекке каршы, демөөрчүлүк кылып чыгарып берем деген басмакана ээси Мураталиев Тилек байке да 20-августта каза болуп калды. Ошондон бери ал котормого тынчсызданган баягы эле Нурлан Калыбеков. «Кел, акылдашалы» деп атат. Эми сааты чыккан күнү чыгаар.
— Демөөрчү издеген жоксузбу?
— Жок, «демөөрчү болчу» деп эч кимге деле кайрылган жокмун. Ыраматалык Мелис байке чыгармачыл адамдарды баалап, алардын муктаждыгын туюп-билип өзү эле демөөрчү болуп койчу экен да. Бирок, ал кишинин эмгегин билгени да болду, билбегени да да болду. Билбей кеткендерди байым айтып кейип калчу. Сенин сурооӊдон улам бир окуя эсиме түшүп кетти. Жакында эле бир иш-чарага журналисттер чакырып, барып калдым. Ал жерден Кыргыз эл артисти Каныкей Эралиева эжеме жолугуп калып, жөнөкөй, жароокер, мээримдүү эжекем мээримин чачып, ал-жаны калбай, «Бир күнү байкеӊ экөөбүз куран окутуп барабыз» деп, Мелис байкеден сөз козгоп, «Жаз» деген ырына клип тарттырганга демөөрчүлүк кылганын, дегеле маданият кызматкерлерине чоӊ жардам көрсөткөнүн айтып калды. Негизи бул кепти Каныкей эжеден мурдагы жылы бир интервью алганда уктум эле, «ушундай деди» деп кубанып Эрнисиме айтып келсем, аябай сүйүнгөн. Мелис байке тууралуу жакшы гана сөз уккусу келчү. Мына парламенттик шайлоонун үгүт иш-чараларын көрүп, Эрнисимдин бир кубанычын эстедим. 2017-жылы, президенттик шайлоодо Темир Сариев да талапкерлигин коюп ат салышпады беле. Эрнис «байкемдин досу эле, эмне жардам керектигин сурайлы» деп, кеӊсесине бардык. Ошондо Темир байке да Мелис байке жетишпей турганын айтып, «Аттиӊ ай, Мекем болгондо го. Анын кымындай эле сөзү таасирдүү эмес беле» деп кейиген эле. Анан чекесин укалап отуруп калган Эрнисти карап, «Эмне башыӊ ооруп жүрөбү? Кудум эле Мелистей башыӊды укалап отуруп калыпсыӊ. Окшошуп да кеттиӊ. Ай, келин бала, Эрнисти жакшы кара» деген эле… Айтайын дегеним, жакшы сөз эргитет дегендей, Мелис байке тууралуу учкай да, кенен да жакшы сөз болсо, кубанып калчубуз. Көӊүлүндө капачылык болсо, же оюна бир нерсе түшсө, башын кармалап отуруп калчу.
— Эмне башы ооручу беле?
— Ооба, башы да, жүрөгү да ооручу. Эрнисим баарын ичине кармап, ичинен сызчу да… Эмне дейбиз, аттиӊ дегенден башка айлабыз жок, дагы жашай түшкөндө эмне? Жок дегенде 50 жашка чыкса болмок, ага да жетпей кетти, алтыным десе…
— Мелис байкенин балдары чоӊоюп калдыбы? Үй-бүлөсү менен катташып турасызбы?
-.Атасынан 6 жашында калган Адамчик 15 жашка, Миэлла 13 жашка чыкты. Асел жеӊем менен телефондо сүйлөшүп турам.
— Кечиресиз, абысыныӊыздын кайталап турмуш курганы чынбы?
— Жок, калп. Ал ушакты ким чыгарганы таӊгалыштуу. Бирок, кайталап турмуш курушуна Эрнис каршы эмес болчу. «Жаш, турмушун куруп кетсин. Байкемдин артынан куурап калмак беле? Бактылуу болсун» деп калчу. Ушундай акылдуу адам эле да…
Маектешкен Жамиля НУРМАНБЕТОВА,
«АЗИЯnews», 2020-жыл, 17-сентябрь