Ысык-Көл облусунда баңгизат жана ок атуучу куралды үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы бүгүн, 21-декабрда, билдирди.
Алардын айтымында, милицияга 40-45 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү жаран баңгизаттарды сактоо, жасоо менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат декабрдын башында келип түшкөн. Алар бул фактыны аныктоо үчүн Ысык-Көл районунун Семеновка айылында жашаган, 1971-жылы туулган А.Ж. аттуу атуулдун үйүнө тинтүү жүргүзүшкөн. Натыйжада, шектүүнүн үйүнөн кара-жашыл түстөгү кендир жыттанган, капка салынган зат (салмагы 4 кг 300 граммды түзгөн «марихуана») табылган. Андан тышкары, мыйзамсыз курал-жарак сактоо фактысы да аныкталып, уруксат берүүчү документтери жок 16-калибрдеги эки курал табылган.
Жогорудагыдай далилдүү фактылар боюнча кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы