Жаңы жылда кыргызстандыктар катары менен үч күн эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-декабрда, билдирди.
Алардын маалыматы боюнча, кыргызстандыктар 1-январда эс алышат, бул күн жума күнүнө туура келет. 2-3-январда (ишемби жана жекшемби күндөрү) дем алыш күн катарында эс алышат. 4-6-январь — кайрадан иш күнү. 7-январь да майрам күнү, 8-январдан тарта кайрадан иш күнү.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы