3 жыл мурун… Атамбаевдин досуна берген батасы…
Артка сереп салсак, 6 жыл Кыргызстанды башкарган Алмазбек Атамбаев андагы досу Сооронбай Жээнбековго тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берип, өз колу менен жетелеп келип тактыга отургузган.
2017-жылы 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланган. Ант берүү салтанаты Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясындагы «Энесай» үйүндө өткөн. Анда Алмазбек Атамбаев сөзүн жыйынтыктап жатып, Сооронбай Жээнбековго мындай деп батасын берген:
—Оо, жараткан!
Кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын балээсинен сакта,
Душмандын жалаасынан сакта.
Дос көрүнүп кас болгондон сакта,
Жаныңда жүрүп өч болгондон сакта!
Берекет жаныңдан кетпесин,
Бак-дөөлөт башыңдан кетпесин!
Жолуң шыдыр болсун!
Жолдошуң касиеттүү Кыдыр болсун!
Жараткан ар дайым сени колдосун.
Аман бол, бактылуу бол, Соке досум!
Элибизге ак жолтой ажо бол!
Оомийин!
Тагдырдын тамашасы…
3 жылдан кийин тарыхый бурулуш болду. Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы 15-октябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазып кетти. Тагырагы, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу нааразычылыктан жаралган саясий кризистен улам президенттик кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Ал 15-октябрда кетүү чечимин кабыл алып, арызын жазып, ал арызы 16-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынында расмий жарыяланып, соңку билдирүүсүн жасаган эле…