Президенттик шайлоого ат салышып жаткан 18 талапкер эртең, 9-январда, саат 8:00дөн тартып үгүт иштерин токтотууга тийиш. Бул тууралуу БШК бүгүн, 8-январда, билдирди.
Алардын айтымында, эртең — «жымжыртык күнү»: эл аралап үгүт жүргүзүүгө, ММК аркылуу жарнамаларды жарыялоого тыюу салынат. Бирок көчөлөрдөгү көрнөк-жарнактар кала берет.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президенттик тактыга 18 талапкер ат салышууда. Алардын үгүт иштери 15-декабрда башталган, ал добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт.
10-январда шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт. Бул күнү кыргызстандыктар өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы