Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын борборундагы коомдук тамактануучу жайдагы газ баллонунун жарылышынан каза болгон Нурайым Аманкалиеванын сөөгү бүгүн, 12-январда, туулуп-өскөн Липенка айылында жерге берилет. Бул тууралуу «Турмуш» сайты жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, 18 жаштагы Нурайым бир үйдүн жалгыз кызы болгон. Маркум Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айылындагы Тарас Шевченко орто мектебин ийгиликтүү аяктап, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинде 1-курста окуп жаткан. Окуу менен катар Каракол шаарындагы тез татым жайында иштеп да жаткан. 4 бир туугандын ичинде 3 агасынан кийинки үйдүн кичүүсү болгон. Апасынан 6 жыл мурда ажыраган. Атасы, бир туугандары менен чогуу жашачу.
ӨКМ маалыматына таянсак, 10-январда Караколдогу коомдук тамактануучу жайда газ баллону жарылган. Анын айынан чыккан өрт 15:30да чектөөгө алынып, саат 15:42де толугу менен өчүрүлгөн. Кырсык кесепетинен 6 адам жаракат алып, бир адам — 18 жаштагы Нурайым каза болгон…
Өрт газ баллонун этиятсыз колдонуудан улам чыккан…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы