«Супер ТВ» медиасынын журналисти Шаиста Шатманова Райымбек Матраимовго байланыштуу маселени көтөрбөө тууралуу анын депутат агасы Искендер Матраимовдон телефон аркылуу эскертүү алганы тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү жазып калтырды:
Шатманова «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, ага телефон чалган адам Жогорку Кеңеш депутаты Искендер Матраимов экенин айткан. Депутат журналистке: «Кечке эле Матраимов деген темага жабышып эле калдыңар. Кыргызстанда башка маселе, башка тема калбай калганбы?»,- деген.
Эске сала кетсек, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык чуулуу иштери тууралуу буга чейин бир катар журналисттик иликтөөлөр чыккан. УКМК ага 2020-жылдын октябрында кылмыш ишин козгоп, 20-октябрда кармаган. Бирок, ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон. Кийинчерээк ал бюджетке 2 млрд. сом төлөгөнү расмий кабарланган. Каражаттын 1 млрд. 400 млн. сому акчалай, калганы бир соода борбору, тогуз батир түрүндө төлөнгөн.
Ал эми Талант Мамытов 2020-жылдагы октябрь окуяларындагы бийлик алмашкан соӊ алгач спикер, кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп, азыр кош кызматты аткарып келет. Ал жыл башында, 6-январда судьяларды дайындоо жарлыгына кол койгон. Судьялар арасында Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жана Ысмайыл Матраимов фондунун кызыкчылыктарын коргоп келаткан адвокат Лейла Байдаева да болгон. Бул тууралуу учурунда журналисттер суроо көтөргөндө, Талант Мамытовдун басма сөз кызматы «судьяны бекитпей коюуга эч кандай негиз жок болчу» деп билдирген эле…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы