ӨКМ аба ырайына байланыштуу бүгүн, 17-февралда, шашылыш билдирүү таратты. Алардын айтымында, 17-февралдан 19-февралга чейин абанын температурасы жогорулайт. Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Ошого байланыштуу унаа жолдорундагы чакырымдардагы эрежени сактоо зарыл!
«Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу) кар көчкүнүн түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл!» деп жазылат маалыматта.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы