«Эртабылды агам эч нерседен эринбеген, сөзгө терикпеген эрки күчтүү, көп сырдуу, көп кырдуу инсан эле...«
Эртабылды Аттокуров менен бир кезде калемдеш болуп чогуу иштеген депутат Рыскелди Момбеков «Фейсбуктагы» баракчасына мындай деп жазды: «Белгилүү журналист, акын жана котормочу Эртабылды Аттокуровдун дүйнө салганы, жан дүйнөмдү дүрбөтүп көп ойлорду эске салды. Ооба, Эртабылды агам менен көп жылдар бою бирге иштештим. Эки сөз менен айтканда, колунан ручкасы, жонунан сумкасы түшпөгөн дыйкан журналист эле. Эч нерседен эринбеген, эч бир сөзгө терикпеген эрки күчтүү, көп сырдуу, көп кырдуу инсан эле. Кээде кекечтенип сүйлөгөнү менен, кекетип сүйлөгөндү билчү эмес эле. Жарыктык, чыгарма жазгандан, чындыкты казгандан такыр тажачу эмес. Гезиттин эки-үч бетин өзү эле толтуруп койбостон, кееде корректор да боло коюп, жаш журналисттердин каталарын да оңдоп чыгар эле. Орусча жакшы материалдар келип калса, » ии ушуну мага берчи, мен үйдөн которуп келейин» деп, адатынча жылмайып жылып кетер эле. Айрым адамдар азыр балалык чагын, басып өткөн өмүрүн көркөмдөп жазып, жазуучу боло калып жатпайбы китеп чыгарып. Эртабылды аганын «Алиби», «Ачык саясат», «Эл сөзү», «Форум», «Фабула» жана «Кыргыз Тили» гезиттерине жазган макала, маектерин чогултуп китепке салса, бер жагы эки томдук толчудай. Баратбай Аракеев, Бабырбек Жээнбеков, Анатай Өмүрканов жана Эртабылды Аттокуров, менин чоң саясаттагы алгачкы мектебимдин агайлары болгонун айтканда не….Мындан аз күн мурун уулу Элдарга кезигип көпкө сүйлөшүп отурдук эле. Ошондо айтты эле, «Атам өзү жазган китебин сизге белекке берем деп жүрүп жетишпей калды, инсульт алып жатып калды» деп. Жалган дүйнөнүн жалгыз чындыгы ушул экен, анын аты — өлүм экен. Эртабылды аганын калган жашын уул- кыздары, неберелери жашасын, эми экинчи өмүрү болуп калтырган чыгармалары жашасын. Кош агам, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!»
Эртабылды АТТОКУРОВ: «Сенден мага жетпеген бир ысык дем«
Эртабылды агабыз небере жыттап келатканда ден соолугунан (инсульт) жабыркап, дүйнө салды. Артында Элдар, Эрмек аттуу уулдары, кызы Жылдыз, неберелери калды. Поэзия дүйнөсүндө өз чыйырын издеп, атасындай ыр жазып жүргөн уулу Элдардын айтымында, атасынын «Мурасым бар » аттуу соӊку китеби 2019-жылы жарык көргөн экен. Агайдын ал китебин Эсенбай Нурушевге, Карбалас Бакировго, Шайлообек Дуйшеевге, Рыскелди Момбековго, Абдыкадыр Султанбаевге өз колум берем деген ниет-тилеги болгон экен, бирок жетишпей калыптыр…
Ошол таберик «Мурасым бар» аттуу китебинен бул ырларды берип коёлу деп чечтик. Эртабылды ага, Алла таалам ырайымына алсын, жайыӊыз бейиштик болсун. Кийинки өмүрүӊүз неберелериӊизде, кыз-уулдарыӊызда, ушул ыр саптарыӊызда уланат…