Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Биринчи май райондук соту 22-апрелге чейин баш калаада митингдерди өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Kloop.kg порталы адвокат Евгения Крапивинага шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, сотко жекшемби күндөрдөгү митингдерге байланыштуу Биринчи май райондук акимчилиги арыз менен кайрылган. Мекеменин арызында шаар борборундагы митингдер «жарандарды тынчсыздандырып», анын катышуучулары транспорт кыймылына тоскоолдук жаратып, жолдорду тосуп жатканы жазылган. Басылма жүрүштүн катышуучулары жолдорду тосуп, автоунаа кыймылына тоскоолдук кылбаганын белгилөөдө.

Бишкекте ар жекшемби сайын активисттердин мыйзамдуулук үчүн акциясы өтүп келсе, 8-мартта аялдарды коргоого багытталган жүрүш уюштуруу пландалып жаткан. Эми соттун чечими менен тынч жыйындар Максим Горький атындагы сейил багында өткөрүлүшү керек…

Баягыдай эле баягыбай…

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.