Кыргызстандан 59,5 млрд. сомду мыйзамсыз чыгарып кетүүгө катышкан 48 жаштагы Бахтияр Жолдошбаевге УКМК издөө жарыялап, кандайдыр бир маалымат болсо, нөөмөт бөлүмүнө кабарлап коюуну суранды.
Телефон номурлары: 0312-62-05-85, 0312-66-04-75, 0555-55-30-46.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын март айынан октябрга чейин Кыргызстандан 59,5 млрд. сом сыртка чыгарылып, андан 500 млн. сомдон ашык салык бюджетке түшпөй калганын Атайын кызмат билдирген эле…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы