ӨКМ басма сөз кызматы аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты. Алардын айтымында, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Бишкек шаарында жамгыр катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы); Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 72-91-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында; Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
27-марттан 30-мартка чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-30-марттарда тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. 28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 29-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, 29-мартта күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
29-30-мартта абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5° жылуу, күндүз 1…6° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6° жылуу, күндүз 8…13° жылуу, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19° суук, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
ӨКМ басма сөз кызматы