Эсен болуп, эстей жүр!
РЕДАКЦИЯДАН: Кыргызстандын бардык аймактарына кеӊири таанылып, эл эсинде калган айтылуу «Асаба, «Агым», «Баягы Асаба» басылмаларында башкы редактор болуп эмгектенген белгилүү журналист, котормочу, акын Эрнис АСЕК уулун эскерүү кечеси Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоӊ залында эртеӊ, 25-апрелде өткөнү турат. Анда Эрнис АСЕК уулунун ырлары окулат, обон чыгарылган ырлары ырдалат. Аны менен катар «Каалга» аттуу ыр китебинин бет ачары болот.
Кирүү акысыз. Башталышы: саат 14:00.
Поэзия сүйөрмандары, маркумдун күйөрмандары, эскерүү кечеге келип, Эрнис Асек уулунун чыгармачылыгына күбө болуп кетиӊиздер!
Ага чейин ырларында, эскерүүлөрдө экинчи өмүрүн жашап жаткан Эрнис Асек уулунун маектерин, «Записки от скуки» деген аталышта жазылган ойлондурган, кээде күлкү жараткан чакан эсселерин окуп туруӊуздар!
Записки от скуки
Каалга
Баягы Шукшиндин «Кызыл калина» тасмасындагы башкаарманы Егор түрмөдөн чыгып келип, эски тааныш келиндин үйүнө келет, анысы жок болуп чыгып, атасы менен ажылдашып жатат. Егор каалганын сыртында, кыздын атасы ичинде. Муштап-муштап койсо, тамтыракайы чыккан, кажылган каалга сорок-сорок этет, кудум Советтик империянын өзүндөй болуп. Ошол каалганын ичинде чоңойбодукпу, сорок-сорок этип кыйчылдап.
Дегеним, «каалга» ар дайым мыкты символ. Саясат каалгасы, жандүйнө каалгасы, спорт, экономика, илим-билим, жаштар, сүйүү, куса, балалык… деги койчу, деги койчу… Каалаган «каалгага» кир да, ары коркунучтуу, ары керемет дүйнөлөрдүн күбөсү бол.
Дагы бир каалганын алдына келдим. Кайтарып кара кулпу турат. Чындап эле жабылуу каалгалар сүрдүү болот. Бир балакетти ичине катат да турат. Азыркы заманда жалаң эле жабылуу каалгалар. Тартып көргөндөн да коркосуң… Аңырайып ачылган каалгаларды айылдан эле издебесең. Ыракеники (Рамис) дайыма ачык. Көчөдөн жолугуп калып, сүйлөшө кетсең эле, кантип төрүнө барып отуруп калганыңды билбейсиң. Жандүйнө каалгасын айтам…
Студент кезде эшек көтөргүз бир жалаяктай чоң дептерге ырларымды жазып, сыртына «Каалга» деп жазып коюпмун. Китебим ушинтип аталса десем керек. Эми китеп чыгаруудан жаа бою качып, башка Каалганы, турмуштун туткасынан карматкан Алтын Каалганы самап, алиги козудай адашып келем.
Жөөтуман каптап турган мейкиндиктер, жөөтуман каптап турган мейкиндиктер…
2000
Канаттар
«Налет наивности никогда меня не покидает. Именно она защищает меня».
(Антонио Поркья)
Азыр «Асабанын» шоопурлары олтурган бөлмөдөмүн. Мурда президенттикке талапкер Эшимкановдун штабы болчу. Жайнаган, кайнаган эл келер эле. Ызы-чуунун, талаш-тартыштын, ар кыл сунуштардын, идеялардын майданы эле. Эми тынч. Аябай тынч бөлмө. Бөлмө эмес, кабинет. Дүйнөнүн ызы-чуусунан качсаң ушул кабинетке кире качсаң болот. «Асабачылар» кээде кире качышат. Адеттегидей жалгыз олтургам. Эл түштөнүп жүрөт. Мен «Московский комсомолецтин» кроссворду менен түштөнүп жаткам. Суроосу эмне эле? «По вертикали: 2.Лечащий совет.» Кеңеш бергенди билбеген жаным таппай олтургам. Шарт кирип келди. Элүүдөн өтүп калган киши экен. «Мелистин иниси Эрнис Асек уулу деген сен болосуңбу?» дейт. «Анда сенде сөз бар» дейт. «92-жылы «Асабага» Индиянын «Кубаныч илими» деген окуусун ыр түрүндө кыргызча которуп басыпсың. Туурабы?» дейт. Анан эле өзү жөнүндө, Аурибиндо жөнүндө, йога жөнүндө, Садыбакасов жөнүндө, акыйкат жөнүндө узун кеп куруп кирди. Сөз арасында «өзүң билесиң» деп коет. Ал «өзүң билесиң» деген сайын, ичимен «билбейм» деп коем. Анан оюм онго, санаам санга бөлүндү. Ал сүйлөп жатат. Кыргызда ушундай адамдар өтө-өтө көп экенин, алар жалгыздап жарыкты айланган көпөлөктөр экенин, бир күнү отко күйүп кетерин ойлойм. Ал сүйлөп жатат. Оюм онго… «Кой, убактыңды албайын» дейт. «Мен сага кубаныч илиминдей окууларды алып келип турайын. Сен которуп, гезитиңе басып турбайсыңбы» дейт. «Эй, бул кыргыздарга аябай керек да» дейт. «Өзүң билесиң да» дейт. Баеолугумду карасаң, «А эмнеге кыргыздарга керек?» деп жибериптирмин. Суу бүрккөндөй эле болду. «Кечир» деди. Ордунан тура калды да, кандай келсе, шарт ошондой чыгып кетти. Кайрадан жымжырттык, кроссворд үчөөбүз калдык. Аты-жөнүн да сурабапмын.
Аты-жөнүн сурабаган кишиден суранарым, кечирип коюңуз. Канатыңыз күйбөсө экен…
2000
Жалгыз тал
«Если бы я был сам себе вожаком, я не вел бы себя по тропе, ведущей к смерти».
(Антонио Поркья)
Күзүндө Кердегейден кат келиптир. «Сижу и гляжу на старую одинокую иву. Кстати, она передает тебе привет и говорит: «Передай Эрнису, я воскресла из мертвых, пускай он возьмет пример у меня…»
Эмне дээримди билбейм. Айла жок. Колумда чылым, көө-дөңдө түтүн. Жеңижоктун саптары келет: «Бакайырда жалгыз тал…»
2000
Жалбырак
«Любовь умерла – да здравствует любовь!»
(Альфред де Мюссе)
Билген эмесмин. Ушундай болот деп эч ойлогон эмесмин. «Көкүрөк сууй түштү» дегенди түшүнөм деп ойлочумун. Бирок кадимкидей көкүрөк сууй түшкөнүн жон терим менен сезгенде делдиреп эле калыптырмын. Үн жок, сөз жок, шалдырап олтуруп бердим. Кенедей да бир сезим калбай калганына таң калам…
Саргарган, кытыраган күзгү жалбырак келип ийиниме түштү. Алаканга салдым. Ушаланды. Уйпаланды. Учту муздак шамалга… Ушалангым келди сенин колуңда…
2006
Акыйкат дейби?
«Жаңы акыйкат – эски акыйкаттын өлгөнү» деди. Жооп бербедим. Жубайым «Бийик болуп кой» деди. Менин тилим кычышып турду. Бийик болгум келген жок. Жооп бербедим. Бийик болдум. А бийиктиктен кулаш кандай азап?! Бийиктикке жеткен кишилерди ойлоп, боорум ооруп кетти. Кандай кулашат, ээ? «Күн баткыча көзүңдү жумсаң, ал жаркырап тура бермек» деди. Дагы унчукпадым. Көрсө, баарын унчукпай жеңет экенсиң…
2013
Балтика боюндагы жалгыздык
Студенттик дүйнө – бир башкача. Дегеним, дүйнөнү сугалак көздөр менен карап, сугалак жандил менен кабыл аласың. Жаштыктын укмуш мезгили, чиркин! Мен байкуш 1988-жылы алыскы Латвиянын борбору Ригада окуп калдым. Кычыраган кышта, жаныбардын 18инде аэропортто автобус күткөнүм эстен кетпейт. Даярдоо курсуна барып жатпаймынбы. Кадимки Чыңгыз Айтматов жолдомо жазып, кадимки Камбаралы Бобулов колун коюп, «Ленинчил жашта» чабарман болуп иштеп жүргөнүмдө Акбар Рыскулов сунуш кылып, айтор, ата-жотом көрбөгөн Балтиканын боюна барып калдым…
Союз учурундагы 15 республикадан, анан Алтайдан экиден студент окуп калдык. Кыргызстандан мени менен барган өзгөндүк Сатима эжем кетип калды. Жалгыз кыргыз жалдырап окуп жүрдү. Баарынан биринчи латышча мен үйрөндүм. Мугалимдер мени мисал кылып, азербайжан Ильясты, казак Төрөгелдини, эстон Марияны, грузин Зурабды тилдеп эле жатып калышчу. Баягы Союздун күчү күч эле да. Мен, кыргыз, эч кимге кошулчу эмесмин. Дайыма жалгыз жүрчүмүн. Бирок баары бирдей мени жакшы көрүшөр эле. Боюма карап «Маленький» деген «погонялам» бар болчу. Рига союздун ичинде болсо дагы, батыштын саясатын жүргүзчү. Азыр ошого таңгалам. Сальвадор Далини, Рафаэлди Дрезден музейи келгенде көрбөдүмбү. Эч жакка барбай, ошол музей 88-жылы Ригага гана келген. Аны көрүп чалкабыздан эмес, оңкобуздан кеткенбиз. Тажик досум Паймон, украин досум Юрко үчөөбүз маданий саамалыктарды эч калтырган жокпуз. Керемет күндөр эле.
88-жылы Киевдин үч миң жылдыгы болуп калды. Украин досторубуз чакырып, поюз менен «учуп» баратабыз. Тосуп алган киши жок, Киевдин таш көчөлөрүндө уктап калганыбызчы? Майрам күнү ачкадан фонтанга секирип, суу жутканыбызчы? Көчө боюнда өскөн гүлдөрдүн жалбырактарын жегенибизчи? Үч күндө Киевдин үч миң жылдыгын жонтерибиз менен сезгенибизчи?
Мен ар дайым жалгыз жүрчү элем. «Тейка» деген студенттердин шаарчасы болот эле. Шаарчанын четинде жалаң кайыңдардан, анан байтеректен турган токой бар эле. Ошол токойдон чыкчу эмесмин. Шукшиндей болуп, кайыңдар менен сүйлөшчүмүн. Кийин-кийин Анатолий Кимдин «Отец-Лес» деген романын окуп алып, ошол токой көз алдыман кетпей койду эле. Чогуу жашаган эки тажик, казак бала менин жалгыздыгыма тийише беришчү. Ошондо эле сөзгө сараң жаным, «Извините» дегенден башканы билчү эмес. Ригадан Акутагава, Достоевский, Фолкнер, Рильке, Кафка менен «оорудум». Балдарга айтсам, чыкыйларын чукуп, «Наш Маленький дуреет» деп коюшчу. Токойго качып кетчүмүн.
Анан футболдун акесин окутар элем. Эки метр латыштардын алаасынан өтүп барып, гол киргизген күндөр, ай! «Марадона» деп коюшса, Алатоонун чокусуна чыгып кеткенсип сүйүнчүмүн.
Бир жолу факультетибизде улуттар арасында мелдеш кече болуп калды. Бардык улут экиден, мен – кыргыз – жалгыз. Ырдап жатышат, бийлеп жатышат, өз улутун даңазалап жатышат. Анан «Сахнада – кыргыз» дегенде кирерге тешик таппай калбадымбы? Юрко досум гитара кучактап олтурган экен, колунан жулуп алып сахнага чыктым. Зал гүүлдөйт, дуулдайт. Гитарамды көрүп, стул алып чыгып беришти. Анан «Кыргыз көчүн» черте баштадым. Мага гитараны эч ким үйрөткөн эмес эле. Өзүм тырмалаңдап жүрүп, ушул күүнү гитарага салып алгам. Ойноп бүттүм… Кол чабуулар, тим эле бис!… Мага грамота беришти… «Кыргызды уят кылган жокмун» деп өзүмчө кудуңдайм…
Латыш кызы Каирина экөөбүз Балтиканын жээгинде жетелешип баратабыз. «Ты такой странный, но ты мне нравишься» деди. «Извините, я тебя не люблю» десем, колун жулуп алып, качып кетти.
Иий, тамагын эстесем, не дээримди билбейм. Бардыгы балыктан турчу да. Керек болсо, пирожки сатып алсаң, ичи балык болчу. Анан каникулда үйгө баратам, «бешбармак жейм, манты жейм, лагман жейм» деп… Келсем, апам «Балыкты жакшы көрчү эле» деп балык кууруп коюптур. Шаабайымдын сууганычы? «Апа, азыр кусуп жиберем» десем, түшүнбөйт. Балыкты кийин эле кайра жеп калбадымбы…
Кызык күндөр эле, сызык күндөр эле… Азыр эстесем да, кылым кыйшайган жок. «Өттү, кетти» деген киши ушинтип калабы же?.. Эстей турган көп эле нерселер бар эле. Эстегеним ушул болду. Гезиттин чамасы да. Бизде эмне бар? Студенттик күндөр бар. Оозум бош айтат…
2013
Булут
Жөө баратабыз. Келинчегим экөөбүз талаада баратабыз. Эч нерсе сүйлөшпөй эле баратабыз. Асман ачык эле. Көк-мөк эле. Мандайыбызда гана кебездей бир булут турат. Бир жерди карайм, бир булутту карайм. Булут эч нерсеге окшошпойт. Кебездей керилип жатат. Чоң апамды эстейм. Колун пешенесине алып, асманды карап, «Ий, байкушумдун жатканын? Жата бер, жата бер, булганбасаң болду» деп койчу. Мен аңырайып асманды карап, эч нерсе түшүнбөй калчумун. Көрсө, булут менен сүйлөшчү экен. Ушуларды эстеп баратып эле, мүдүрүлүп кеттим. Жыгылып кете жаздадым. Келинчегим билегимен кармап калды. Унчуккан жок. Мен дагы. Булутту карадым. Кебездей керилип жаткан булут заматта тытылып-тытылып кетиптир. Көз ачып-жумганча тытылганына таңгалдым. Чоң апамдын бир сөзүн эстедим. «Кудай булуттар аркылуу белги берет» деп калчу. Ошол сөзүнөн кийин булуттарды карап калгам. Тытылганы эмне белги? Кыргыз баарын жакшылыкка жоруйт. «Кемпир, жакшылык болот экен?» дедим. Келинчегим «жалт» мени карады. «Эмне жакшылык?» деди. «Билбейм» дедим…
2014
Кечирим
Өз учурунда кечирим сураганды билбейт экенбиз. Бири-бирибизди көралбай, көралбагандан өлалбай, кыска жашоону ого бетер кыскартып, тытынып жүрүп өтүп кетебизби? Анан жараткандан кечирим сурап койгонубузду кантели? Кечирим өзү бычак мизиндей болот окшойт. Ошондуктан адамдар кечирим сурагандан коркушатпы деп калдым. Кечирип койгондон өткөн айкөлдүк барбы? Анан «Айкөл Манас» деп коебуз. Же тырмагына татысакчы? Кыргызстан экиге бөлүнчүдөй абалда туру. Сезген бар, сезбеген бар. Андай абалды кечирим гана сактап калаарын ойлонгон жокпуз. Ойлонбойлубу, ыя? Эртең менен караңгыны жамынып, «мыйоолоп» бир «чокчолой баатыр» чуркап өттү. Ошол «мыйоологону» жаккан жок мага. «Кыргыздар мыйоолоп калган окшойбуз» деп жибериптирмин. «Мыйоолобойлучу»! Мышык ыйлачудай заман болсо да, кечиримди унутпайлычы. Башка не дейм? Башка сөз да жок…
2014
Бакыт
Бак сугарып жатам. Сүйүнүп жатам. (Табийгаттан алыстап кеткениме күйүнүп жатам). Чоң апам айтты эле: “Бак сугарганга бак берет” деп. Түшүнчү эмесмин. Кичинекей баламын да. Чоң апам сүйлөп-сүйлөп алып, “Чоңойгондо түшүнөсүң!” деп кекиртегимден жыттап койчу. “Чоңойгондо” деп манчыркап мен калам. Бирок чоңойбой койдум. Дене карыса да, жандилим бала бойдон калды. “Бак сугарганга бак берет!” Кандай сөз? Көчмөндөрдүн көөнө сөзү. “А бак деген эмне?” десем, “Бакыт” дейт. “А бакыт деген эмне?” десем, “Өткөргөн өмүрүңө өкүнбөгөнүң” дейт. “Өкүнбөгөн деген эмне?” дейм? “А-аа, балам, чоңойгондо түшүнөсүң” дейт. Же мен чоңойбой койдум. Түшүнбөй калат окшойм да. Анан кайра чолок мээм менен ойлоп коем: “Түшүнгөнүң бакыт окшойт” деп. Түшүнбөгөндөр түшүнбөй бактысыз өтүп кетет окшобойбу. Түшүнүү укмуш экен, эй! Бакыт укмуш экен. Күн ысыкы, абдан көлөкө экен. Элиңди, жериңди түшүнсөң (койнуңдагы эриңди түшүнсөң), анан өкүнбөй жашасаң, ошол бакыт экен да. “Экен” деп калдык. “Экен” деп Ээсиз калдык. Аңгырап эле турубуз. Асманыбыз деле ачык. Болгону түшүнбөйт окшойбуз. Ажоң баш болуп, алжыган чалың каш болуп түшүнбөйт экенбиз. А түшүнүү – бакыт экен. Келгиле, түшүнүп, бактылуу болобуз! “Бир жетеней айтты эле” дейсиңер…
2015
Уктап калба!
Ой басканда сыртка атып чыктым. Ой жөн баспайт да. Өсүп турган өсүмдүк, чөп, гүл, дарактар алаксытабы дейм. Тоо томкоргондой, ой омкоргондой ойлор басып турганда сыртка чыктым десем болот. Жаман чарпаябыз бар. Чарпаяга барып жаттым. Кайра эле тоо томкорулуп, ой омкорулуп жатты. “Ушундай да болобу?” деп жатсам, аяр аялым (“аяр” деген кандай алтын сөз, ошондой аялдар эле болсо) келип, “Уктап калба!” деди. Укмуш сөз болду. Ушундай кыргыздын алтын сөздөрүнө маани беребизби, же шылдыңдайбызбы? Ал ыкыбалыңда. Менин айтайын дегеним… Айтчу эмес элем… Кыргыздын азабы эмнеде? Уйкуда. Уйку таттуу да. Таттууну жакшы көргөн элбиз. Уктап калсаң, бүт унутта калат. ”Уктап калба!” дегенди укпайбыз. Уктап калганда, иш калат, тиш калат, кадалган көз калат, айтылбай калган сөз калат, кыскасы, баары калат. Мас болгондой эле. Кыргыздын өнүкпөгөнү да ошондон. Ушундай жөнөкөй нерседен. Жөнөкөйгө маани бербейбиз да. Жанбашка тээп ойготчу Конфуций жок кашайып. “Кыргызым, ойгон!” деп ураа-патриоттор кыйкырат. Өздөрү уктап жатканы менен иштери жок. Түшүнбөстүк да.
Чын эле чарчайсың. Чачырайсың. Высоцкийдей кыйкыргың келет тим эле. Анан Джо Дассенденй мээлүүн болгуң келет. Келет, келет, бирок келгениң аткарылбайт турбайбы. Анан уктап каласың. Уктап калып, баарынан каласың. Жашоо каратып туруп өзгөрүп жатат, заман өзгөрүп жатат, аалам аласалып жатат. Ушундай учурда уктап калба, бир боорум! Айтор, уктабачы!
2015