Эске сала кетсек, Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү, таңга маал өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Анын уулу милицияга билдирип, атасы байланышка 31-майдын кечинде чыккан бойдон дайынсыз жоголгонун айткан.
Ал эми Инандынын жубайы Рейхан Инанды болсо, социалдык тармактар аркылуу видеокайрылуу жасап, дайынсыз болуп жаткан жолдошу Кыргызстандагы Түркия элчилигинин имаратында кармалып жатышы мүмкүн деп айтып чыкты. Бирок түрк элчилиги бул маалыматты четке какты деп 8-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди. Айтымында, 7-июнда ТИМде Түркия элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушуу өткөн жана элчи Орхан Инанды «түрк элчилигинин имаратында» деген кеп чындыкка дал келбестигин билдирген.
Орхандын тарапкерлери дагы чогулду…
Бүгүн, 9-июнда, Орхан Ынандынын табылышын талап кылган тарапкерлер Өкмөт үйүнүн алдына дагы чогулушту. Тагырагы, алар ушуну менен тогузунчу жолу чыгышууда… Талаптары — Инандынын жагдайын парламенттин жалпы жыйынынын күн тартибинде талкуулоо.