ИИМ: «Орхан Инандыны издөө иши министр Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө…»

ИИМ: «Орхан Инандыны издөө иши министр Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө…»
Эл аралык «Cапат» билим берүү мекемесинин жетекчиси, Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө, дайынсыз жоголуш себептерин тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө жана тийиштүү  ыкчам иш-чаралар активдүү жүргүзүлүп жатат. Маселен, милиция кандайдыр бир маалыматтарга ээ жарандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, териштирүү жана тактоо иштерин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда, ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Инандынын жубайы менен элчиликтин билдирүүсү… 

Эске сала кетсек, Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү, таңга маал өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Анын уулу милицияга билдирип, атасы байланышка 31-майдын кечинде чыккан бойдон дайынсыз жоголгонун айткан.

Ал эми Инандынын жубайы Рейхан Инанды болсо, социалдык тармактар аркылуу видеокайрылуу жасап, дайынсыз болуп жаткан жолдошу Кыргызстандагы Түркия элчилигинин имаратында кармалып жатышы мүмкүн деп айтып чыкты. Бирок түрк элчилиги бул маалыматты четке какты деп 8-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди. Айтымында, 7-июнда ТИМде Түркия элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушуу өткөн жана элчи Орхан Инанды «түрк элчилигинин имаратында» деген кеп  чындыкка дал келбестигин билдирген.

Орхандын тарапкерлери дагы чогулду…

Бүгүн, 9-июнда, Орхан Ынандынын табылышын талап кылган тарапкерлер Өкмөт үйүнүн алдына дагы чогулушту. Тагырагы, алар ушуну менен тогузунчу жолу чыгышууда… Талаптары — Инандынын жагдайын парламенттин жалпы жыйынынын күн тартибинде талкуулоо.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.