Ысык-Көлдө мигранттардын балдарынын жашоо-шарты текшерилүүдө. Балдардын саны аныкталды

Ысык-Көлдө мигранттардын балдарынын жашоо-шарты текшерилүүдө. Балдардын саны аныкталды
Ысык-Көлдө мигранттардын балдарынын жашоо-шарты текшерилүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда, билдирди. Алардын айтымында, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында алардын жашоо-шарттары текшерилүүдө.
Ысык-Көл ОИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Мирбек Табалдиевдин айтымында, мындай иш-чаралар өз маалы менен үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. «Мурда такталган тизмелердин негизинде биздин кызматкерлер жана социалдык кызматкерлер мигранттардын балдары жашаган үйлөрдү кылдаттык менен текшеришүүдө. Балдардын жашоо-шарттарын текшерип, жайкы каникул учурунда  кайсыл жерлерде болушарын тактап жатабыз. Алыскы туугандарына жана тааныштарына калтырып кеткен балдар да жок эмес. Мындай үй-бүлөлөр менен мыйзамдын негизинде камкорчулукту толтуруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», — дейт М.Табалдиев.
Кыскасы, ушул жылдын 5 айында облус аймагында мигранттардын балдары жашаган 13 миӊден ашык үйлөр текшерилип чыккан. Иш-чара жүрүшүндө 7668 мигранттын балдары аныкталып, алардын ичинен 2890су ички, 4778и тышкы мигранттардын балдары болуп чыккан. КМШ мамлекеттерине жана алыскы өлкөлөргө чыгып кеткен ата-энелердин саны 3876 адамды түзгөн.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.