ВИДЕО — Эрнис Асек уулу менен Зайырбек Ажыматовду агайы Мырзабек Жумаев эскерип.. 

ВИДЕО — Эрнис Асек уулу менен Зайырбек Ажыматовду агайы Мырзабек Жумаев эскерип.. 

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Мыкты котормочу, акын, журналист, жазуучу, философ, гений Эрнис АСЕК уулунун дүйнө салып кеткенине 1 жыл 4 ай 20 күн болду… 

“Артыңда эстей жүргөн кишиң, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилүүдө… Мелис байкебиздин көзү өткөнүнө (2011-жылы, 15-сентябрда каза болгон) быйыл 10 жыл болот. Эки гений ага-инини эскерген жакшы адамдар көп болууда, жаркын элестерине арналган ырлар жаралууда.

Редакцияга келген эскерүүлөрдү, жакшы адамдардын жардамы менен ишке ашкан 25-апрелдеги эскерүүнү күнүгө берип турабыз.

Бул сапар Эрнис АСЕК уулу менен Зайырбек Ажыматовдун мугалими, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин филология факультетиндеги кыргыз тили жана адабият кафедрасынын профессору Мырзабек Жумаев эскерет.

Мезгил келептеп…

Өмүрүмдө жаман көргөн иштердин бири кимдир бирөөлөр тууралуу эскерүү жазуу деп эсептечүмүн. Өзүң жөнүндө өткөнүңдү  жайма-жай эстеп отурганың бул бир жөн, анткени анда  жакшылык-жамандыкты салмактай алууга буямаң келген учур. Ал эми капилет көзү өтүп кеткен адам тууралуу, болгондо да ылым санаган киши, анын үстүнө ал жашы кичүү болсо, бул бир мүшкүл да. Мүшкүлдүн мүшкүлү ушул ирмем болсо керек.

Сөз мезгилинен эрте кеткен таланттуу, келечеги дагы көптү  күттүргөн Эрнис Эшимкановго байланыштуу.

1989-жыл, жай  мезгили. КМУда студенттерди  кабыл  алууну аяктаган  кез.   Ал  учурда 1-курстун  студенттерин  жыйым-теримге августтун аягында алып барчубуз. Шаардын  четиндеги  Степное  айылына  кыргыз  филология факультетинин окууга өткөн  студенттерди алып  барып  калдык. Ал  жердин  тургундары  негизинен  түрктөр  экен.  Мезгил  татаал  болчу.  Ич  ара  улуттар аралык  чатактын  бир  чети  болуп  калган кез  эле.  Ошондон улам кечкисин  студенттерди саксактап турчубуз.

Ошондо Эрнисти Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси экенин билдик. Мелисти го жакшы билчүбүз. Ал  КМУнун кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүн аяктап, Кыргызстанга таанылып  калган кези эле. Ошондон улам,  биз “аккан  арыктан  суу  агат” дегендей, Эрнисте да бирдеме болгон үчүн  филологияга келсе керек деген элек.

Жаштар деген жаштар да, ар кимисинин ар кандай кыялы бар дегендей… Анын  үстүнө жогорку окууга жайга өтүп, студент атанып эрдемсип турган кездери. Бирок мындай эйфориялык моментти Эрнистен байкоо кыйын болчу. Көрсө, анын тубаса мүнөзүнүн болгону эле ошол экен. Бардыгын ичине бек сактап зымпыйып жүрмөйү бар тура. Сынактарда “4” же “5”  баа алганын такыр билдирчү эмес. Бир калыпта өзүн оор басырыктуу алып жүргөн жигит болчу. Башка студенттердей болуп баа алууга шашылмайы жок эле. Ага атайын кайрылып, суроо бермейинче тынч отура берчү.  Анан калса анын фамилиясы алфавит боюнча аягында эле. Бирок, мен айрым учурда тизме боюнча эмес, ар кандай сураган ыкмам бар эле.

Ал жылдары  студенттерге  “Байыркы кыргыз  адабиятынын тарыхы”  дисциплинасы жаңыдан кирген мезгил.  Мында Орхон-Енисей таш  жазма  эстеликтеринен тарта ХХ  кылымга  чейинки  орток  адабият  тарыхы  окутулган. Анын  ичинде  акындар  чыгармачылыгы,  жазгыч  акындар,  кыскасы,  баары  бир  чөмөлө болуп кетип, бул  дисциплина эки семестр  удаа  окутулаар  эле.  Анда  студенттер стипендия алышчу  эмес  беле, ошол  себептен  студенттер  жогорку  баа  алганга тырышканы тырышып, тырышпаганы  тааныш  салып,  кээси  кайра-кайра кирип окушчу.  А Эрнисте мындай көрүнүштүн бири да жок болчу. Алдына ат салдырчу эмес.

Турмуш жолу бу жарыкчылыкта болжогус бейм. Эрнис менен мен туура чейрек кылымдан соң, болгондо да Таластан жолугуп калсам болобу.

2016-жылдын май айы эле. Бир уулум үйлөнмөкчү болуп, куданын үйүнө кызынын колун сурап барып калдык. Бир маал сыртка чыкканыбызда, салам айтып алдыман жаркылдап Эрнис чыга калса болобу. «Сен  кайдан?” деп таӊгалып сурап калдым…

Көрсө, Эрнистин келинчеги Назира менен менин келиним Назгүл бир тууган ага-ининин кыздары экен. Бир кездеги жакшы окуган окуучум кудам болуп чыга келди. Эрнистин мүнөзү такыр өзгөрбөптүр. Студент кезинде кандай болсо ошондой: токтоо, ашыкча сүйлөбөгөн, акылдуу, ыймандуу.

Ошол эле жылдын күз айында кайра да Бишкектен жолугуп калдык. Анда Эрнистин Конфуцийдин насааттарын которгону Кун Фы Зы аталыш менен китеп болуп чыкканын, бет ачары президентке караштуу Башкаруу академиясында өтөөрүн мугалимдерден угуп, барып калдым. Ачылыш аземине белгилүү тарыхчы, окумуштуулар келип, Эрнистин мыкты чеберчилигин баса белгилеп, котормосун макташты. Окуучум тууралуу окумуштуулардан жакшы сөз угуп сүйүнгөм. Өзүнө жолугуп, куттуктап, кол тамгасын алып кеткем.

Эрнистин орус тилин мыкты билерин даанышман Конфуцийдин ойлорун  кыргызчалаган ишинен баамдадым. Анткени Конфуций канча тилге  которулса, ошончо мааниси тереңдей бере турган ой ээсине кирет.

Эрнис Конфуцийди которгондо кыргызча сөз тактыгына гана маани бербестен, ой тактыгын да сактоого, эквивалентин табууга аракет  кылгандыгы көз  айнексиз деле көрүнүп  турат.

Эрнистин студент кезинде эле журналисттик таскагы катуу чыгып  калганын, ыр жандуу экенин группалаш, курсташтары сыймыктануу менен айтып калышчу. Анткени, агезде ар кандай темада адабий кечелер, жолугушуулар  бат-бат өтүп турчу. Активисттерге тапшырма берилгенде “аткарылат” дегени менен алар андай ишке Эрнисти чегип алышчу экен.

Ал  эми  Булгаковдун  “Мастер  менен  Маргарита” романы  — бул кыргыз  котормочуларынын  далайы  батына  албаган  чыгарманын  бири. Болбосо бул чыгарма небак  эле котормочулар талашына  түшүп калмак.  Ал  эми  Эрнистин  буга даап, коркпой кирип барышы чоӊ эрдик. Бул анын  адабий, тилдик, котормочулук  даремети  жеке  талантына  айкашкан  мезгили  бышкандыгынан  кабар  берет.

Эрнистин  келгис  сапарга  кеткен  маалы  кыш  күрөөдө,  анан  калса  укмуштай  суук  болуп  турган  учур эле. 2020-жылдын 29-январында кайрылгыс жакка кеткенин, акыркы сапарга узатуу Ат-Башыда болоорун келинимден угуп,  ичим  тыз  этип, “аттиң  ай,  жолдун  алыстыгы” деп  аргасыз  тим  болгон  элем. Кантели,  өмүрү  кыска  болду, кыргыз  адабий  журтчулугу дагы  бир мыкты маданий табылгасынан кемип калды.

Артында боздоп, сыздап жалгыз калып, армандуу эскерүү жазып келаткан келинчеги Назира жакында эле, 25-апрелде жолдошунун аманатын аткарып, Эрнистин эскерүү кечесин өткөрдү. Зарыл жумуш чыгып калып бара албай калганыбыз менен КТРКдан көрдүк. Жогорку деӊгээлде өтүптүр.

Эрнистин ыр жазганын билгеним менен орусча ыр жазары такыр оюма келбептир. Эскерүү кечесинде мага ачылыш болду. Орус тилиндеги ырларынын бирин — «Жить» аттуу ырына обон чыгарган ырчы Тимурлан Дайрабаевдин аткаруусунда уктук. Бул ырдын да мааниси тереӊ, ойго салат.

Эрнис артына көп эмгектерди таштап кетти. Мындай эмгектери жаш муунга жетиши керек!

Эрнистен кийин эле дагы бир окуучум Зайырбек Ажыматов өтүп кетти. Эки акындын өмүр жолуна назар салып, булардын  ортосунда бир окшоштук бардыгына айран таӊгалам. Зайырбекке да сабак берип калгам. Ал алгачкы ырлар жыйнагын мага берген эле.  Качан анын көзү  өткөнүн  укканда  ыр жыйнагын барактадым.  Ырас,  мурда  деле колго  алып абай салгам  дечи,  бирок, бул  жолкусундай ырларына таасир анда  болбосо  керек. Эмнегедир экөөнүн теӊ ыр саптарында чыныгы  дүйнөгө сапар  тартууга чыгынуу  мотиви  эрте  эле  үн  сала  баштагандыгы  таӊгалтырбай  койбойт.

Баары  Кудайдын  колунда,  баарыбыз  эртеби, кечпи  акка моюн  сунарыбыз анык  го.  Эми окуучуларымдын жаткан жеринен Алла Таалам жай берсин. Кудай жандарына жаанаттан орун  берип, жүздөрүн  кыбыладан  айырбасын деп алакан жайганга  шүгүр  этели.

З.га  (Зайыр Ажыматовго)
Келесиң караңгы көчө менен,
кемшейген жетим тамдар карашат карааныңды.
Билишпейт жетим тамдар, билишпейт жылдыз,
асман кай жакка бараарыңды.
Келесиң асман батпай көөдөнүңө,
ыйың батпай көздөрүңө,
ырың батпай сөздөрүңө,
сырың батпай…
Калсачы таңың атпай, күнүң батпай…
Жонуңда жокчулугуң, оюңда токчулугуң
туйлашып көкүрөктө жулмалашып.
Бирине-бири болуп азап кайгы,
жолдору турса дагы болуп айры…
Келесиң дарман калбай, арман калып.
Жан дилде адам калбай, айласыз кадам калып,
Келесиң… келесиң Сен…
Акыр-чикир калдыгындай үйүп салчы мастыкты,
түбү терең түйүнчөктө түйүп салчы.
жаштыкты кетчи кезип, аалам кезип, жер кезип.
Эшилген кум — эрме чөлдүү, Эл кезип.
Кетчи, кетчи, кетчи Сен!
Дал ошондой даанышмандын турпатына жетчи Сен!
Жалгандын керемети, жашоонун дарамети
ошондо тизе бүгүп, ошондо тагдыр сага чөгөлөйттүр.
Көптү да эңсебеген, жакшыны тепсебеген
көңүлүң көкөлөйттүр…
Келесиң… келесиң сен…
Билемин бүт баарысын жеңесиң… жеңесиң сен!…

Эрнис АСЕК уулу, 2000-жыл

«КААЛГА» китебинен

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.