Бишкекте жаңы 50 автобус каттай баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 22-июнда, билдирди.
Маалыматка караганда, 350 автобус алып келүү пландалууда. Автобустар дизель майы менен жүргөндүктөн кыска убакытта эле 50 автобус алынып келинди. Бир жума бою элди бекер ташышат.
Автобустар төмөнкү маршруттар боюнча каттайт:
№10 жана №11 муршруттар — Ак-Ордо;
№12 маршрут, Маевка айылы — Көк-Жар айылы (айлампа);
№13 маршрут, Муромская көчөсү — Кырман жаңы конушу;
№14 маршрут, №12 кичи район — Ак-Ордо жаңы кошуну.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы