Бул талаада таӊ атпай жолдошум экөөбүз көп басчу элек деп Эрнисимдин элесин элестетип келатып, чатырда жашап жаткан үй-бүлөнү көрүп чочуп кеттим. Анткени аларды Көк-Жарда эл арасында үйдө жашап жатканын көргөм. Себебин сурадым. Үй-бүлө башчысы Түлөбердиев Бийсеид Жуманазарович буларды айтты:
— Көк-Жар айылындагы талаада жашап жатканыбызга 3 ай болду. Бу жерге ушул жылы жазында (апрелде) көчүп келгенбиз. Үч кыз, бир уул, эки неберем бар. Жубайым Жылдыз Өскөнбаева, эки кызым, эки неберем менен өзүм жасаган ушул чатырда күн кечирүүдөбүз. Чатырды 7-класска көчкөн неберем менен куруп алдым. Неберем Тунук тун кызымдын кызы, ал кызым да турмуштун айынан Москвага кетип, иштеп жатат. Уулум айылда. Бир кызым тигүүчү цехте иштейт. Бир кызым катуу ооруп калып, ооруканада, абалы оор. Бизге чоӊ күч болуп жаткан — неберебиз Тунук. Тамак кылат, талаага отургузуп алган жашылча-жемишти карайт, 5-10 литрдик баклажка менен мурунку жашап кеткен үйдөн (бир топ эле алыс) суу алып келет, 5 жаштагы неберем Мурасбекти карайт. Мурасбек — ооруканадагы кызымдын баласы. Түйшүктүн көбү ушул кызыма түшүп калды. Менин бутум ооруйт, кокустатып алып таяк таянып жүрөм. Жубайым болсо талаада иштейт. Учурда эмне бышып жатса, ошону терип, «Ош» базарына барып сатып келет. Жашы 57де, кесиби жок, өмүр бою талаада иштеп, балдарды багып келатат. Мен болсо 62ге келдим. Кесибим — тренер. Таластагы спорт мектебинде, анан Чүй облусундагы Арашан айылында иштедим. Мурдагы Киров (азыркы Кара-Буура) районунан болом. Ал жакта жумуш жок. Ошондуктан Бишкекке көчүп келгенбиз, 10 жыл болду келгенибизге, ошондон бери жер алууга аракет кылып келатабыз, бирок жыйынтык жок. Элдин турмуш-шарты начарлап кеткенинен улам революция болуп жатат да улам эле. 10 жыл мурунку революцияга катышып, «Апрель элдик революциясынын баатыры» коомдук бирикмесинин мүчөсү болгом. Саясатта жүргөнүмө 30 жыл болду. Өлкөбүз оӊолуп кетер деген зор үмүт менен ар бир революцияга активдүү катышып келем.
Жылдыз ӨСКӨНБАЕВА: «5 жаштагы, 7-класстагы неберем үчүн жардам кылыӊыздар!
— Мына жашоо-шартыбызды көрүп турасыӊар, талаада жашап жатабыз. Туш-тарабыбыздын баарын көрүп жатасыӊар, кабат-кабат курулган үйдө байлар жашайт. Биз болсо, ыркыраган шамалда жашап жатабыз. Жыл сайын ушул жерге помидор эгип, ошону сатып, өлбөстүн күнүн көрүп келатабыз. Свет жок болгондуктан эрте жатабыз. Мурунку жашап жаткан батирдин ээси «чыккыла, биз өзүбүз там салабыз» деп тээ кышында эле айткан, «неберелерибиз кичинекей, күн жылысын» деп атып жазга чейин ал жерге жашап турганга макул кылганбыз. Апрелде келдик бул жерге. Бизди шаштырып үйүнөн чыгарган үй ээси там салмак түгүл топурак түшүрө элек. Эмнеге суукта шаштырды билбейм. Балким аларда да кандайдыр бир кыйынчылык жаралгандыр. Болгону, баарынан да 7-класстагы жана 5 жаштагы неберебизге кыйын болду. Мурунку жашаган жерибизде жылуу, свет бар, момпойуп телевизор көрүшчү да. Шашылышта оӊдуу жай таппай, ушул талаага көчүүгө аргасыз болдук. Ооруканага жатып калган кызым ушундан улам депрессияга учурадыбы деп кейип кетем. (Үнү каргылданып, көзүнө жаш алды).
Ал кызым — 5 жаштагы неберебиздин апасы. Мурасбек апасын сурап атат. Ушу неберелерибизге убал болду, балалыктын таттуу күндөрүн көрүп ойной турган убакта Тунугубуз бизге кошулуп оор турмушту башынан кечирип жатат. «Ыйлаба, баары жакшы болот» деп сооротом, көз жашын аарчып. Садагам десе, кез-кез гана ыйлабаса, абдан акылдуу, эч сыр бербейт, баарын ичине кармайт. ичинен сызат. Ичтен сызган жаман да. Башым деп калат жүрөктү оорутуп… Түнкүсүн аркырап эле шамал, ушул эки неберем үшүп калбаса экен деп таӊ атканча аӊдып жаап чыгам. Мына, көрүп жатасыздар, кийим-кечебиз сыртта турат. Ушул эки неберем деп талаада иштеп жүрөм, бирок, бул эч нерсеге жетпейт да, болгону күнүмдүк оокатка эле жарайт.
Учурда бир ооруканадагы кызымды, бир неберелеримди ойлоп, эртеӊ эле суук түшөт, суукта балдарым кантет деп ичимден кан өтүп, жанымды коерге жай таппай келем?! Азыр деле суук. Орусча айтканда, шалашта жашап жатабыз да. Кыргызым илгертен кыйынчылыкта муктажды таштаган эмес да деп, Президентке, кайрымдуу, боорукер кыргыз элиме кайрылат элем, ушул неберелерим үчүн жардам бериӊиздерчи! Үзүлбөгөн үмүт менен жашап келатабыз! Урмуттуу президент, кыргыз элим, жардам кылыӊыздар! (Ыйлап жиберди…)
ТУНУК, 7-класстын окуучусу: «Күн күркүрөп, чагылган чартылдаганда коркобуз. ..»
6-классты ийгиликтүү аяктап, 7-класска көчкөн Тунук видеодон классташтарым көрсө эмне дейт деп уялып, камерасыз эле сүйлөп берейин деп суранды. Ал келечекте котормочу болгусу келээрин айтты. «Быйыл мектепти бүткөн Жазайым аттуу эжеден бекер эле корей тилин үйрөндүм. Жазайым эжемдей болуп жакшы жерде жашап, окуп Кореяга кетким келет. Жазайым эжемдин ата-энеси аябай жакшы, көп жардам кылышты. Ошондой болуп бизге жардам кылган адам болсо, жакшы болот эле. Ата-энеме жардам берип иштейин десем, жашыӊ жете элек деп эч жерге жумушка албай жатышат. Талаада апама жардам берип жатам. Илгерки бир заманда жашап жаткандайбыз, сыртка от жагабыз, тамак бышырабыз. Апам отун издеп кетет, эптеп таап келет. Мен өзүмдөн мурун Мурас инимди аяйм. Жок дегенде, ушул иним үчүн жардам кылыӊыздарчы деп суранат элем. Талаада жашоо оор болууда. Шамал урат аябай. Күн күркүрөп, чагылган чартылдаганда коркобуз», — дейт Тунук жүрөктү оорутуп…
«Көп түкүрсө көл болот» дегендей, жардам кылалы!
Мына, кайрымдуу, боорукер окурман кыргыз элим, бул үй-бүлөнүн азыркы абалы ушундай, боор ооруйлук. Кыргыз эли эзелтеден муктажды доого да, жоого да калтырган эмес. Эми деле жамандыкка таштабайт деген үмүттөбүз. «Көп түкүрсө көл болот» дегендей, колдон келген жардамды берип, 7-класстагы Тунук менен 5 жаштагы Мурасбекти келечеги үчүн жардам колун сунуп соопчулук кылалы, кагылайын кыргыз элим! Кичкентай, дили да, тилеги да таза, аруу Тунук менен Мурасбектин жаркын келечегине кол кабыш кылып жардам берели!
Каражат жагынан жардам кылабыз десеӊиздер, Бийсеид мырзанын телефонуна чалыӊыздар: (0777) 188649,( 0706) 188649
Назира СААЛИЕВА