Эртең, 5-июлда, Ысык-Көл облусунун башка аймактарында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Алардын айтымында, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы тоо этектеринде, тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө: түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40;
Таласта: түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда: түнкүсүн 21…26, күндүз 35…40;
Ысык-Көлдө: түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;
Нарында: түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31;
Бишкекте: түнкүсүн 21…23°, күндүз 38…40°.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы