Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-июлда, билдирди.
Алардын айтымында, кырсык 20-июлда, саат 15:30 чамасында Түп районунун Маяк айылында болгон. Ал жактагы сууга 12 жаштагы М.Ж. аттуу кыз чөгүп кеткен. Издөө иштерин ӨКМнын 7 куткаруучусу жүргүзүп, өспүрүмдүн жансыз денесин саат 16:00дө суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы