ВИДЕО — Асыран АЙДАРАЛИЕВ: «Атакемди (Токоюмду) өлүмгө эч ыраа көрбөй кыйналып жүрөм…»

ВИДЕО — Асыран АЙДАРАЛИЕВ: «Атакемди (Токоюмду) өлүмгө эч ыраа көрбөй кыйналып жүрөм…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Мекендешибиз, журналист кесиптешибиз Асыран Айдаралиев көп жылдан бери Финляндия мамлекетинин Хельсинки шаарында жашайт. Ушул алтын байкебиздин атасы Токтонаалы Айдаралиев 89 жашында 29-июнда каза болуп, сөөгү Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылына 1-июлда коюлду. 5-августта кыркылыгы өтөт.
Асыран байке менен апрель айында байым Эрнистин эскерүү кечеси өтөөрдүн алдында сүйлөшкөндө атасынын сыркоолоп жатканын жазды эле: «Апабыз 13 баланы тарбиялап, кабагым-кашым дебей келатат. Бизди тарбиялап, өстүрүп келаткан Апам менен Атамды Кудай сүйгөн, Кудайдын мээрими түшкөн өтө бактылуу адамдар деп ичимден кубанам. Атам акыркы 3 айдан бери бир аз сыркоолоп калды, болбосо ал да Эрнистин эскерүүсүнө бармак. Эскерүүгө апам менен карындашым Кымбат барат. Китепти өз колуӊ менен берип кой э. Ата, апаларыбызга өмүрдүн узунун тилейли. Сенин да апаӊа бекем ден соолук берсин Жаратканым»…
Асыран байке айткандай эле, Ат-Башыдагы Кызыл-Туу (Мелис байке менен Эрнис байымдын балалык чагы өткөн айыл) айылынан атайы апасы, карындашы эскерүүгө келип, китеп алып, апасы колумду кармап Эрнис уулу Тат экөөбүзгө каалоо-тилегин айтып, ак батасын берген. Бата алуу кандай гана жакшы. Атайы айылдан келип батасын берген Назирбүбү апага ичибиз жылып, аябай кубанып, шаардан жолугуп, кайын эне, кайын атам тууралуу маек куралы десем макул болгон. Тилекке каршы, жолуга албай калдык. Кызы Кымбат эжеден Токтонаалы атабыздын сыркоолоп жатканын байланыштуу шашылыш кетип калганын уктук.

Ал эми Асыран байке: «Назира, Эрнистин эскерүү кечеси мыкты, жогорку деӊгээлде өткөнүн, китептеринин сатылып кеткенин угуп аябай кубандым. Эрнис эле эмес, Мелистин да арбагы ыраазы болсо керек деп ойлоп койдум. Эрнистин өзүнө жолугуп эзилишип бир сүйлөшөөрбүз деген тилек ишке ашпады. Тагдыр экен, айла жок, баш ийебиз да«, — деп жазган.

Асыран байке, өзүӊүз айткандай, тагдыр экен, баш ийебиз да. Куран окуп, эскерүү жазгандан башка арга жок, айла жок. АТАны жоготуу өтө оор. Мындай өксүк биздин баштан да өткөн. Атабыздан 52 жашында ажыраганбыз. Мен 26 жашта, кичүү иним 1-класс эле… Ушунча жылдан бери элесин унутпай, дайыма куран окутуп келебиз.

Асыран байке, Эрнисимдин «Башат» ырында:

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун»
деп айтылат. Бир бейиттен орун алган асыл адамдар Эрнисим жазгандай, болгон, болот, бар. Алар биз менен бирге: эскерүүлөрдө, китептерде жашайт.

Асыран байке, асыл атаӊыз тууралуу жүрөк сыздаган эскерүү жазыпсыз… Эми алтын апаларыбыз узак жашасын! Сиздин апаӊыздын колун кармап, батасын алганыма, атайын айылдан эскерүүгө келип, байымдын китебин алып кеткенине башымды ийип таазим кылам!

Назира СААЛИЕВА

Асыран АЙДАРАЛИЕВ: «ӨКСҮК»

«Өмүр. Өлүм». «Өмүр бар, демек Өлүм бар». Болгону, аралыгы ар кандай. Жашоонун бул туруктуу философиясын атам заман, алмуздактан эч ким, эч качан башкача кылып өзгөртүп, бурмалап, алмаштырып же жокко чыгара алган эмес. Андай болбойт, болушу да мүмкүн эмес. Ооба, барып-келип, эртеби-кечпи, азбы-көппү ар бирибиз ошол «Аксиомага» түптүз баш ийебиз. Башка жол жок. Өзгөчөсү, «Өмүр» өтө таттуу, күлкү жана шаң. Өкүнүчтүүсү, «Өлүм» өтө ачуу, Өксүк, кайгы жана муң!

Ушул «Аксиоманы» толук түшүнүп, акыл дараметим, аң сезимим кадимкидей жетип, туйуп турсам деле аз мурун Токойубуздун (Атакебиз) анча-мынча ооруй калып, акка мойун сунуп, бу жалгандан өтүп кеткенин кашайып эле кабыл ала албай, өйдөдө өзүм айтып өткөн «Өлүмгө» эч эле ыраа көрбөй, Токойумду тирүүлүктөн «бөлалбай», кыйалбай, кыйналып жүргөнүм жүргөн..

Ишенесиздерби? Бүгүн, азыр деле Токойум экөөбүз «көйкөлүп», алкынган ат үстүндө жүрөбүз. Бучкактары чатыраган чаначтар, ат канжыгасында чайпалып, болушунча чайкалып. Куржун толо күл-азык. Шамбет өтөк, Ботоштон алыскы жайлоону көздөй күтүрөтө жылкы айдап. Бери жагы Бел-Карасуу, Беш-Сары, Шамалдуу-Өтөк, Кемеся, Ак-Бейит. Андан ары, оо, Аксай тарапка, Таш-Рабат бел ашып, Чатыр-Көл, Культцентр, Сарт-Жол, керилген өтөк Кежигени, Кең-Суу, Кашка-Суу, Башка сууларды «кечип», теңдеши жок эки айрылыш Тешик-Чап жайлоосуна жетип. Өргүп, ат арытып, орто жолдо конуп-түнөп. Атааң-гөрү, ат жабдыктарынан эле таптатынакай кылып, ичмегинен бери ирээттеп салып берген Токойумдун жыпжылуу «ээр төшөгүн» эстеп, ошого көшүлө жатып, уктагым келип, эңсеп.. Ээх, чиркин..

Арыраак, оң тарапта жатууга кам урган жаш жылкычы Төлөмүш байкенин түшүнбөсөң деле түнкү тынчтыккка жуурулушуп, жагымдуу маанай тартуулай кыткылыктаган күлкүсү. Сол тарапта, алысыраак жайгашкан Шейшен байкенин (Буденный) эрке талтаң баласы Абдыбекти адамдан башкача эркелеткени, угулуп-угулбай, үзүл-кесил чыйылдап чыккан үнү, «Дүмпөн балам, солдат балам, балбан балам, ж.б.у.с.»..

Кара көрпө ичиктин жакасына жашынып, кылтыйып, далайга көз ирмебей, көктү, кайдадыр шашып, ала булут аралап, жылбай эле кадимки Аккуу сымал кайкып учуп бара жаткансыган супсулуу толгон Айдын артынан «кубалай» тиктеп, жөн тиктебей, акыры-ын шыбырап, «Токойке, Айга ат менен барсак болобу, консок болобу?» — дегендей «кычык» суроо бергенге үлгүрүп..

Үн-сөз жок, оо бир топтон кийин, «Калжырабачы балам, уктайгой, уйкуң канбай калат» — деген чала-моңол жообуна ичим чыкпагансып, а бирок, «чын эле уктайын, уйкум канбай калбасын» — деген ойго жетеленип, «жеңилип», жоошуп, мемиреп, качан, кантип уктап калганымды билбей..

«Чекеткетейин» тур, аттарды токуйлу балам» — деген Атакемдин мээримдүү үнүнөн «селт» этип чочуп ойгонуп, чала-була, көзүмдү ачып-ачпай эликтей секирип турганым..

Таптаза салкын аба, таңкы шүүдүрүм, бири-бирин сыга кучактай көшүлүп уктаган тестиер балдарга окшоп, узатасынан кеткен Кытай менен чектеш бөксө тоолор, «азыр чыгам» — дегендей алдын-ала ишаратыбы, тээ чыгыш тараптагы аркайган тоолордун арасынан оттой жанып, жалындай чачырап, көздүн жоосун алган апакай саргыч Күндүн шооласы. Ар кай жерде жорголоп, аздан соң көк асманга көтөрүлүп чыгып, Ааламды жаңырта кубулжута сайраганга камынган, кайра-кайра канатын керип-чойгон боз торгойлор. Баары, бүт баары күнү бүгүнкүдөй көз алдымда тасма болуп тартылып..

Балалык сансыз ой-кыйалым чар жайыт алып-учуп, бир кездерде мурунду шор-шор тартып, акырдагы аттын кашек-чөбүн тазалап, короодо эле койдун, уйдун «погун» чыгарып, же көк муштум болуп жылгайак тээп, жыгылып-туруп жүргөнүм менен ишим жок, ансайын Ай-ааламды түрө кыдырып, «сайакаттап», «тентип» кете бергенден тажабаган мен, оо, кийин-кийин бөтөн жер, бөтөн элдин арасында, белгисиз бир чет өлкөдө жашап калам деген ой үч уктасам түшүмө да кирбеген, билбегем..

«Тагдыр» деген немеге айла жок тура, көрсө..

«Көчөбүз» деген сөздү укканда көзүм күйүп, от чыгып кете жаздачу. Анткени, Атам экөөбүз Аксай тарапка жылкы айдайбыз. Башкасын билбейм, мага ушул гана керек. Эмнегедир ушул «процесс» эс тарткандан эле каныма сиңип, «Көчүү-конуу» деген өзгөчө «жыргал» менин көкүрөгүмө кыттай уйуп калган. Ал «уйуган кыт» Ата-бабаларыбыздын Улуу жолу, кылымдарды карыткан «Кыргыз Көчү» окшобойбу. Дал ошол канымда кайнаган «өзгөчө жыргал» менен «уйуган кыттын» жандырмагы ушул болсо керек, «Улуу Көчтү» улагым келсе керек..

Финн жергесине «Көчүп» келген биринчи эле күндөн тарта «эмне кылышым керек, кандай кылышым керек?» — деген суроо башымды катырып, бирок, көп буйдалып, ойлонуп отурбай эле «Кыргыз Көчү» деген аталышта Ааламтордо (Фейсбукта) алгачкылардан болуп атайын топ (тайпа) түзүп, төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган жалаң мен деген мекенчил боордошторумду чогултуп, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» дегендей, баарыбыз биригип, биргеликте ар кандай аталыштагы «рубрикаларды» ачып, тилибиз менен дилибизди, үрп-адат, каада салтыбызды, нарк-насилибизди, адабият менен маданиятыбызды, бүгүнкү жөн-жай жашоо турмушубузду болушунча жайылтууга жан үрөп, аз эмес жылдар бойу тер төккөнүбүздү айткым келип кетти, эмнегедир. Ошол ар кандай аталыштагы «рубрикалардын» бири «Өксүк» эле..

«Өксүктү» көп жаздым. Чет жер деген чет экен. Өзгөчө, таанып билгендериң, чогуу жүргөндөрүң, бирге иштегендериң, Эл сыйына ээ болуп, калк каймагы аталып, аттын кашкасындай таанылып калган залкарлардын кайтыш болуп, арабыздан мезгилсиз өтүп, ар кандай шартта, замандаш-кандаштарың, жердештериң Өмүр менен кош айтышып, Акырет кетип жатканын укканда, улутунуп, кайгырып, кабыргаң кайышып, «Өксүбөй» койо албайт экенсиң. Эки ооз болсо да алар тууралуу жылуу сөз жазып, эл-журтуңа, алардын жакындарына кайрат айтып, эстеп, эскербей койо албайт экенсиң..

Чынымды айтайын, эмне кыла алам, эми минтип чыныгы «Өксүктүн», өзөктүн өрттөнгөнүн, анын кандай ачуу болоорун аз күн мурун өзүмдүн жон терим менен сезбедимби. Бүтүндөй жан дүйнөм жабыркап, тулку бойум тутулуп, өзөгүм өрттөнүп, «Өксүп» турганын чындап туйбадымбы. Өмүр менен Өлүмдүн жыйынтыгы акыры келип «Өксүк» болуп калаарын дагы эми толук түшүнбөдүмбү..

Өзүм көргөн жокмун, бирок Атамды ажал алып кеткен жок, Атам ажалга тик карап, ал жакка өзү кетти. Ооруп, кыйналганын түк билгизбей, кадимкидей эле күлүп-жайнап, жылмайып, акыл-кеңешин тынымсыз айтып, ага дагы алы келбей калганда карандаш, кагаз сурап, эң акыркы ойун жазганга үлгүрүп, андан соң баары менен, балдары менен коштошуп, бүтүндөй «тамыр, бутак-шактарынын» алдында, ажалга, Акыретке, келбес жайга өз эрки менен эле акыры-ын көзүн жуумп, сүзүлүп узап кете бериптир..

Атамдын ошол сааттардагы таң калыштуу айткан-дегендерин, кыймыл аракеттерин айтышканда мен так ушундай бүтүмгө келип жана ушул ойумду айныгыс кылып тастыктап, бекемдедим. Өзүнүн бүтүндөй ӨМҮРҮ менен да, жада калса ӨЛҮМҮ менен да баарыбызга ҮЛГҮ болуп, АДАМ деген атты булгабай, таптаза кармап, татыктуу жана өрнөктүү жашап өткөн чыныгы АТАНЫН баласымын го деген тейде араң-зор арыма келип, «90 жашка чыккан бар, чыкпаган бар» — дедим да, өзүмдү-өзүм сооротконго өтүп, «өксүгүмдү» жыйыштырып, өзүмө-өзүм кайрат, дем-күч берип, чыйралып, ал тургай сыймыктанып, кеч болсо да ушундай эскерүү саптарымды чиймелеп отурам..

Аркы дүйнөдө Акырет, анан Акыр кыйамат деген бар дешет, агер ошол чын болсо, Акыреттен жолугаарбыз, АТАКЕ!.

«ТОКОЙГО» АЙЛАНГАН «ЧЫРПЫК».

«Токойум» деп чоңойдук. Баарыбыз. «Ата дебей «Токойум, Токойке» дегиле» — деп ким айтып, үйрөтүп койгонун деле билбейм. Тек гана бири-бирибизди туурап айтып калсак керек деп божомолдоп койом, өзүмчө. Курбалдаш, тели-теңтуштары да «Токой» деп кайрылгандарын көп эле көрүп, угуп жүрчүмүн. А бирок Атакебиздин ушул «аталышынын» түпкү маани-маңызын бирибиз дагы аңдап, анча түшүнбөйт элек..

Тээ бир кездеги, өлгөндөн калган сербейген жалгыз «чырпыктын» тамыры терең жайылып, бутак-шактары бүрдөп, гүлдөп, билинбей эле күндөрдүн бир күндөрү дүпүйгөн кадимки «Токой» болуп өзгөрүп, өзүнчө эле бир чакан айылга айланганын кийинчерээк, эми-эми эле аңдап билгендей болдум. Эң жөнөкөй эле нерсени элес албасак керек. Ал эми Токойдун эмне экенин, анын пайдасын, баа-баркын, жаратылыштагы гана эмес, бүтүндөй Адамзат жашоосундагы табылгыс ордун дал ушул бүтүндөй аймагын жалаң жапжашыл, чытырман Токой каптаган Финдердин өлкөсүнө келип, жашап калганымдан баштап толук түшүндүм. Биздин, өзүбүздүн өлкөбүздөгү асман тиреген тоолорубуз, аска-зоолорубуз кандай баалуу, керемет болсо, «Токой» дагы түгөнгүс кенч, алтындан да кымбат, баа жеткис байлык тура..

Ыраматылык чоң Энебиз (Токойубузду төрөгөн энеси) Жийде туптуура 21 бала төрөп, айагында 21-баласын төрөөрдө, төрөттөн каза болгонун укканда «селт» этип чочуп, бир ишенип, бир ишенбей, оозум ачылып, «ошондой кантип болсун?» — деген тейде көпкө ойлонуп калаар элем. Бирок андай таң калыштуу «рекордду» эч кимден суратып, калыс издетип, алыс бардырбай эле баарыбыздын алтын Апакебиз Назирбүбү (Жийденин келини) катары менен 17 бала төрөп, өзү эле «мынакей» деп иш жүзүндө тастыктап салган. Кантип ишенбейсиң?

«Күндө туусам күндө жок, күндө жылаан жеп кетет» демекчи, Жийде чоң энебиз жыл айлантбай төрөй берет, балдары өлө берет, «өчөшүп» кайра төрөй берет, өлө берет, төрөй берет. Өшөнтүп жүрүп 19-сун төрөгөндө араң эстерине келгенби, айтор, «ээ Кудайым, ушул кыз аман калаар бекен, өлбөй токтоп калаар бекен?» — дешип Кудайдан тиленишип, Жаратканга жалбарышып азан чакыртып, атын «Токтобүбү» деп койушат. Эки жылдан соң уул төрөлөт. Ошол эле ырымды пайдаланышып, уулдун атын «Токтонаалы» деп койушат. Ый-ызалуу үндөрү акыры чындап Кудайга жетсе керек, айткандай эле тилектери кабыл болуп, эки чүрпөсүн ажал аттап кетип экөө тең аман калат. Тилекке каршы, андан кийинки төрөлө турган курсагындагы чүрпөсү өзү эле эмес, Энесин (Жийде чоң энебизди) кошо аркы дүйнөгө ээрчитип кете бериптир..

«Кайнененин камырынан» дегени деле чын болсо керек, ал аныктама далай жылдардан кийин, кайнэнесин эзели көрүп-билип, чогуу жашабаса дагы чоң Энебиздин айтылуу «өнөрү» биздин Апабыз (Жийденин келини) Назирбүбүгө жугуп, жайы жайлоодо, күзү күздөөдө, кышы кыштоолоп жашап, ысык-суугун тоготпой, тызылдап чуркап жүрүп, удаама-удаа 17 бала төрөп, улам ирденип, бир аз чоңойуп, кол арага жарап калганын жакадагы Бүбүйра Чоң апабызга (Бүбүйра, Айдараалы чоң Атабыздын экинчи кемпири) өткөрүп берип, өздөрү күндөп-түндөп, үйүр-үйүр колхоздун жылкысын багып, албетте, ал кадамдары касиеттүү Камбар атага жагып..

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, Апакебиз азыр деле дал ошол калыбынан жазбай тызылдап чуркап жүрөт. Ошол он жетинин төртөө, алды алты жашка, арты бир жашка чыгып-чыкпай чарчап (Кыялкан, Арстанбек, Алымкүл, Упагүл) Бейишке жылкычы чымчык болуп эртелеп учуп кеткендери эле болбосо, калганыбыз Кудайга шүгүр. Он үчүбүз азыр очор-бачар, эл-журт арасында, эсен-сообуз дегендей. Ылайым эле Жараткан Кудай күч-кубатты, ден-соолукту, Өмүрдү, Токойубуздукунан дагы узак жашты эми Апабызга берип, Апабыздан айабаса экен..

«Ай сүйгөн адам» аттуу өз өмүр байанымды чагылдырган эссе китебимден «элеп» алган сүртүмдөр..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Назирбүбү апага, Асыран байкеге, бир туугандарына Токтонаалы Айдаралиев атабыздын дүйнө салганына байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза кайгысын теӊ бөлүшөт! Кайрат кылыӊыздар!

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.