Эсен болуп, эстей жүр!
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына саналуу гана күн калды. Ушундай учурда Ашыралы атабыздай кыргыз маданиятына, дегеле жалпы түрк элдеринин жалпы маданиятына чоң, зор салым кошкон, кыргыздын бактысына бир жаралып келип-кеткен таланттар бааланбаса болбойт. Алар тээ эсил кайран СССРдин учурунда борбордон тартып тээ тоо-ташты аралап, унаалары бузулуп далай жолдо калып, жарык өчсө чырактардын жарыгында же май чыланган жүндүн түтүнү каптап карала-торала болсо да кабагым-кашым дебей элге өнөрлөрүн тартуулап, өмүрлөрүнүн көбү гастролдоп дөӊгөлөк үстүндө өткөн, барган жеринде таланттуу балдар-кыздар көздөрүнө урунуп калса, борборго ала келип, окууга, театр-филармонияга киргизип шакирт таптап, «ушуларды мен кылдым эле» деп көкүрөк какпай, ал кызматына жарытылуу айлык же сыйлык албай, балдарын жумалап, айлап балдарын көрбөй, жөнөкөй жашап УШУЛ ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК МАДАНИЯТЫНЫН ПАЙДУБАЛЫН КУРУШКАН. Ушундай мыктылардын бири — Ашыралы АЙТАЛИЕВ атабыз болгон.
Көмөкөйүнөн ыр да, обон да төгүлүп, көкүрөгүндө сөз багып, кыргыздын айтыш өнөрүнө өнөрүн да, өмүрүн да арнап өткөн ак таӊдай акын, залкар обончу, дастанчы маркум Ашыралы атабыз 1927-жылы 8-мартта Сары-Өзөн-Чүйдүн Кант районундагы Жедигер айылында жарыкка келген. Көзү тирүү болсо азыр 94 жаштын чайын ичип отурмак. Ажалга айла жок экен, 81 жашында узап кеткен Ашыралы атабыздын аты азыр Бишкектин бир чоӊ көчөлөрүнүн бирине берилип калса деген байбичеси Наила апанын аманат сураныч-өтүнүчү аткарылып калса деген тилектебиз…
Байбичеси Наила апабыз барбаган жери, какпаган эшиги калбай чуркап жүрүп абышкасынын эстелигин тургузуп, айылындагы окуган мектебине ысымын бердиртти. Убагында айрым бир чоңдордон, чиновниктерден уу сөздөрдү угуп көңүлү калган Наила апа эки жылдан берип баспай калгандыктан, Бишкектеги чоң көчөлөрдүн бирине аты берилсе деген демилге менен барчу жерлерге жетпей, аргасыз 5-августта президентке видеокайрылуу жасаган:
Наила АЙТАЛИЕВА: «Садыр балам, сага ишенем»
Наила апа жакын арада кагаз жүзүндө кайрылганы турат, балким, оӊ жооп болуп калар… Ага чейин айтар сөзүбүз көп. Көчөгө ат ыйгаруу эл чече турган маселе болсо – 938 көчөсү бар Бишкектин негизги деген көчөлөрүнүн көбү жаркырап кыргыздын кыйын инсандарынын аттары менен аталып турмак. А бирок, кээде сакталып, кээде сакталбаса да, бул маселенин кызмат адамдары чеччү өз эреже-шарттары, мыйзамдары бар экен, ушул жагы көп учурда кыйнап коет. Анткен менен, Ашыкебиздин баа-баркын, даӊаза-даражасын, кыргызга кылган кымбат кызматын кемитпей эл кыймылы да, унаа кыймылы да көп көчөлөрдүн бирине берилет деген үмүттөбүз… Жардамыбыз ушул экен – өнөр адамдарын сыйлаган элибизге кайрылып, пикир чогултуп, маселе чече турган чоӊдорго коӊгуроо кагып аракет кылып жатабыз… Ошондон бери Кудайдын кулагы сүйүнсүн, “берилсин” деп эл колдоп, үн кошуп жатат. Эл колдоосу да «кыргыздын башын бириктирем» деген ажобузга да жетип, кол кабыш кылып оң чечим чыгарар…
Бул маселе боюнча өнөрдүн жана өнөр адамдарынын баа-баркын жакшы билген, оң колу менен бардык темада макала-маектерди жазып жүргөн, сол колу менен келиштире комуз черткен журналист байкебиз Сурат Жылкычиев Ашыралы атабыз боюнча көтөрүлүп жаткан маселеге кайдыгер карабай кенен пикир жазган экен, жарыялап турубуз…
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ: «Ашыкемдин «Нарындан жазган салам катын» эл кайра-кайра суранып ырдатышканы эсимде»
— Ашыкемдин көзү тирүүсүндө көп эле жолугуп, көп эле жолу маек кылдык. Алардын баары коомчулук билет. Эл билбеген жагынан бир нерсени айтып коюну эп көрүп турам. Ал мындай болгон. 1970-74-жылдардын ары-бери жагы, эсимде жок. Биздин Ат-Башы районуна караштуу, Ак-Моюн айылы «Артисттер келиптир» деп, уу-дуу болуп калышты. Кеч күз болчу. Мал-жандык жайлоодон түшүп, баары семиз. Атам колхоздун конторуна «Артистерди мен конок кылайын» деп айтканы кетти. Бир чай кайнамга жетпей эле келип калды. «Артистерди биз конок кылабыз» деп сүйүнүп алган. Атабыз сүйүнсө биз дагы үй бүлөбүз менен кошулуп алганбыз. Анткени, концертке бекер кирүү шарты болор эле. Ким конок кылса дегеним. Ошентип концертке баарыбыз бардык. Ашыкемдин «Нарындан жазган салам катын» аткаргандан кийин клубга келген элдин баары кол чаап, кайра-кайра суранып туруп алышты.
Ошондо «Карагул ботом» дастанын айтты. Айтып бүткүчө эле угуп аткан кемпир-кезек, абышка чалдар ыйлап, көздөрүнүн жаштары шорголоп, жоон тобу чыдабай клубдан акырын туруп кете баштады. Дастандын аягында эл же кол чаба албай же кетип калбай, баардыгы баштарын жерге салып, тунжурап калышты. Анысы ал. Кызыктын баары кийин болду. Кээ бир мылтыгы бар чабандар, жылкычылар, малчылар колхоздун башкармасына өзүлөрүнүн мылтыктарын, ок-дарылары менен кошо ыктыярдуу түрдө өткөзүп бере башташты. «Мылтыгы жок эле тиричилик кылабыз» дешип. Көрсө Ашыкемдин «Карагул ботом» чыгармасынын таасири укмуш болуптур. Тимеле жүрөктөн жүрөккө кадалгыдай жогорку деңгээлде аткарыптыр.
Ооба, Ашыкемдин талантын, кыргыз маданиятына кылган ат көтөргүс кызматын тиешелүү түрдө баалабай келебиз. Жок дегенде ордо калаабыздагы бир көчөгө ысымын бербептирбиз, өкүнүчтүү. Антейин десең «Итибай, Чотубай» көчөлөр толтура. Анын баарын айтып отурбайын. Бизде Логвиненко көчөсү бар. Аты-жөнү, эмне кылган, эмне үчүн көчөнүн ысмын алып жүргөнүн сүрүштүргөн жан жок. Беловодск айылында жашаган жездем быйыл 82 жашта. Мына ушу кишинин атасы Логвиненко тууралуу эки эле ооз сөз менен «Логвиненко Беловодскидеги күнөөсү жок далай кыргыздарды Кызы-Дыйкан айылынын ары жагындагы капчыгайга айдап барып кырып салган» деп айтканын угуп калган жайым бар. Мына ушу көчөнүн ысмын которуп «Ашыралы Айталиев» атындагы көчө кылып койсо кандай сонун болгону турат. Бул сунушумду шаар тургундары, маданият кызматкерлери, чыгармачыл журтчулугу колдомок. Качанкыга чейин артка кылчактайбыз, алдыга жылбайлыбы! Көздү ачып жумгуча заманыбыздын залкары Ашыкемдин (1927-жыл туулган) 100 жылдыгы келип калат. Азыртан ойлонбойлубу?..
Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
P.S. Наила апабыздын кайрылуусун, демилгесин колдоо улантылат. Кыргыз Эл артисти Каныкей Эралиева, ырчылар Стамгүл Турдалиева, Салима Балтаеванын жана белгилүү сүрөтчүлөр, журналисттер, акын, жазуучу, коомдук ишмерлердин пикирин жакында окуй аласыздар! Буга чейинки пикирлерди бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаныздар болот.
Архивден…
Ашыралы АЙТАЛИЕВ: «Нарындан жазган салам кат» официант кыздарга арналган. Ал 6 куплеттен турат»
— Ашыралы ата, «Нарындан жазган кат» деген ырыӊыздан уламбы, айтор, сизди нарындык деп жүрүшөт…
— Кант районунун Жедигер деген айылынан болом. 1927-жылы жарыкка келгем. 8-мартта 78 жашка чыгам. Карылыкка моюн сунбайын десеӊ да оору сундуруп коет экен. Эки жолу инфаркт болдум. Баскан-турганым тыӊ болгону менен көкүрөк кышылдап турат.
— Бул ырыӊыздын жаралганына 47 жыл болуптур. Ушундан улам, Абай Кунанбаевдин «Атак — зоо. Ага жылан сойлоп жетсе, бүркүт канатын бир кагып жетет» деген сөзү эсиме түшүп жатат. Буга пикириӊиз кандай?
— Абайдын бул сөзү бүгүнкү күндү айгинелеп тургандай…Негизи талант өзү көзгө көрүнбөгөн нерсе. Жакшы чыгарма элдин арасына бат жайылып, элдин элегинен өтөт. Талантты ташкындатыш үчүн көп күч керек. Канча деген тепкичтен өтүү зарыл. Талантыбызды баалаган адам өзү издеп таап, телерадиого чакырчу. Өкмөт өзү эле баалап, чакырып белек-бечкек берип, наам ыйгарчу. Мына мен «Эмгек сиӊирген артист» наамын 1982-жылы алгам. «Кыргыз Эл артисти» наамын пенсияга чыкканда алдым, чакырып, «кеч болуп калды» деп тапшырышкан. III даражадагы «Манас» ордени менен сыйландым. «Залкарлар арасында» аттуу китебим жарык көрдү.
— «Нарындан жазган салам кат» аттуу ырыӊызды казактын ырчы кызы Багдат Самудинова ырдап жүрөт. Ал сизден автор катары уруксат сурады беле?
— Жок, кайдан. Бирок, мен соттошуп, чатакташкан адамдардан эмесмин. Сенин ырыӊ коӊшу мамлекетке тараса жаманбы?! Эӊ башкысы обонун бузушкан жок. Кыргыздар бул ырдын 3 эле куплетин ырдап жүрөт, а Багдат 5 куплетин ырдап жүрөт. Негизи бул ыр 6 куплеттен турат.
«Айрылуу кыйын жаштарга,
Мен алыска бара жатканда.
Калдыӊ деп Чүйдү карадым,
Долондун белин ашканда».деген бир куплети түшүп калган.
Багдат менен мени Казакстандагы Кыргызстандын мурдагы элчиси Акбар Рыскулов тааныштырган. Ал башка мамлекетке элчи болуп которулуп жатканда Кыргызстанга ал ырчыны ээрчите келиптир. Чогуу конок болдук. Ошондо Акбар: «Багдат, сен ырдап жүргөн ырдын автору ушул киши» десе эле, ал мени таӊгалып аябай карады. Көрсө, ал мени жаш жигит деп ойлоп жүрүптүр. «Ошол ыр жаралганда, мен сен суктана тургандай солкулдаган жигит болчумун» десем, ал күлүп калды.
— Негизи бул ырды кимге арнагансыз?
— Официант кыздарга арнагам. 1958-жылдын декабрь айы эле. Кычыраган кышта чоӊдор: «Тянь-Шань» театрын ачканга жардам бергиле» деп 3-4 кишини жөнөтүштү. Акчаны алдын ала беришти. Берген акчасын Фрунзеден эле ичип салдык. Калган акчаны чогултуп санасак, поезд менен Балыкчыга жетчүдөй эле акча калыптыр. Темир жолго барып поездди күтүп отурдук. Курсак ачка. Тамак ичкени ресторанга кирдик. Таанылып калган кез. Кыздар таанып, бизди сыйлашты. Таанышкандыгыбыз үчүн ичип, кызуу болуп поездге чыктык. Кыздар чөнтөгүбүзгө акча салып, ыйлап узатып калышты. Фрунзеден Балыкчыга келдик. Балыкчыдан машинага отуруп Нарынга жеттик. Театрды алты ай дегенде, май айында бүтүрдүк. Ачылышына ушул ырды эл алдына алып чыктым. Эӊ кызыгы кагазга түшүргөн эмесмин. Кийин ушул ырымды Фрунзеден угуп жатпаймынбы. Стадионго футболго барганбыз, ошо тыныгууда кыргыз ырлар берилип жатты. Анан эле мен радиодон (мурда карагайда илинип турчу эмес беле) ырдап жатам. Көрсө, элге ырдаганда жаздырып алышкан экен. Анан радиого Турсун Уралиевге барып, сөзүн ошондо жазып албадымбы.
— Анда көп эле ырларыӊыз кагазга жазылбай калган турбайбы э?
— Жок, баары эле жазылган. Артымдан жазчу Жапар Чабалдаев деген досум бар болчу. Кыӊылдап, басып-туруп, жатып алып шыпты тиктеп ырдай берип, уйкуга кетчүмүн. Эртеси Жапар: «Кечээ момундай ыр жараттыӊ» деп жазып алганын мага көрсөтчү.
— Төкмө акын болушуӊузга ким түрткү болду эле?
— 1944-45-жылдар, согуш учуру. Айылдагы согушка жарамдуу эркек аттуунун баары согушка кеткен. Артынан буркурап калган ата-эне, кыз-келиндердин арманын төгүп жүрдүм. Анан алар мени: «Келечекте төкмө акын болот» деп калышты. Алардын мактоосуна татыйын деп күндө жаӊыланууга аракет кылып такшала бердим. 1945-жылдын декабрь айында айылга төкмө акын Осмонкул Бөлөбалаев, Калык Акиев, Токтанаалы Шабданбаев, Актан Тыныбековдор командировкага келип калышты. Ошондо залкар адамдар менен амандашып калдым. Осмонкул Бөлөбалаевге кесиптештери: «Сиздин айылндан дагы бир акын чыккан турбайбы»,- деп калышты. «Артист болгуӊ келеби? деп менден сурашты эле токтолбой туруп «ооба» дедим. Ошентип 1946-жылы алар мени Филармонияга чакыртып алышты. Кудайга шүгүр, чыгармачылыгымдын артынан агардым, көгөрдүм. Ыраазымын. Атактуу адамдар менен жүз көрүшүп, баарлашып калганыма да ыраазымын.
— «Залкар акын Райкан Шүкүрбеков, Мидин Алыбаев, Байдылда Сарногоевдер менен жакшы мамиледе болгон» деп уктук эле. Айтылуу акындардын жоруктарынан айтып бербейсизби…
— Бул атактуу акындар менен көп эле чогуу отурдук. Алардын жөн эле сүйлөп койгонунун өзү күлкө болчу. Таамай, курч, мурч айткан адамдар эле. Райкандын айтып берген жоругу эсимден чыкпайт. «Ак үйдүн алдынан жердеш депутатка жолугуп калдым. Элдин камын көрүп жүргөнсүп, «Эл-журт аманбы?» деп учураштым» деп күлөт. Түшкү тамакка чыккан экен, «чогуу түштөнөлү» деп ресторанга киргизип, тамак алды. Көптөн кийин, «Ичип жүрөсүзбү же коюп койдуӊуз беле?» деп сөздү алыстан баштады. «Ичпей анан, ичип жүрөм, 100 грамм»,- дедим. Ошентип жүздөштүк. Анан депутат: «Мен эч унутпай да, күлүп да жүрө тургандай кылып ыр жазып бериӊизчи»,- деп суранып калды. Ошол замат, токтолбой туруп:
«Арак жаман, аны да билемин,
Ичкендерди ичтен тилдеп жүрөмүн.
Үйүм турса, электрим жаркырап,
Кыштын күнү арыктарга түнөдүм.
Арак жагын мага койсоӊ болбойбу,
Депутаттын ичкенине күйөмүн» деп бир куплет ыр жазып бердим»,-деген эле Райкан.
— Азыр сиз «Айтыш» коомундасыз. Кимдерге устат болуудасыз?
— Мен алгач Садык Шерниязга ыраазычылык билдиргим келет. Себеби 4 эле төкмө акын калды деп эл эшик жаап коердо «Айтыш» коомун ачып, өлүп бараткан өнөрдү өркүндөттү, жаш төкмө акындардын талантын талпынтты. Ал жерден биз, Тууганбай экөөбүз Элмирбек, Жеӊишбек, Аалы, Азамат деген балдарга устат болдук. Маданиятка көӊүл бөлгөн Садыкка окшогон адамдардын саны көбөйө берсе экен.
— Азыркы ырчылардын кимисине баа бере аласыз?
— Мурункунун да, азыркынын да мыкты ырчысы Шахра Талипова деп айта алам. Мына, Шахранын үнү үн да. Анын талантына таазим этем.
— А куудулдарга кандай көз караштасыз?
— Чындап элди күлдүргөн куудул жок. Эл күлбөй эле, өздөрү күлүп тим болот. Түзгөн текстери да кыргыздын кулагына жат угулат.
— Кинолор дагы көбөйдү. Кайсы кино купулуӊузга толуп жатат?
— Заманга жараша кинолор тартылууда. Мага кыргыздын «Издейм сени», «Чиркин өмүр», «Апамдын махабаты» деген сериалдары жакты. Бирок мурунку артисттерге жетиш кыйын да, алар эми бир келип кеткен артисттер турайбы. Мисалы. Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева. Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов. Мына ушулар сахнага чыгат дегенин угуп калсак, нанга деген акчага билет алып кирет элек. Алардын ойногон ролдоруна, аткарган чеберчилигине ыраазы болуп, көрүп бүткөндөн кийин да үйгө чейин тамшанып сөз кылып келээр элек. Алар эми айтып бүткүс дастан да.
— Армияда болдуӊуз беле?
— Жок. Документти даярдап, мына-мына жөнөйбүз деп турган учурда согуш бүтүп, жеӊиш келип калып, бизди кубанычка бөлөгөн…
— Намазга жыгыласызбы?
— Жок. Жыгылбасам да ислам динин, куран китебин ыйык тутам. Духуӊ таза болсо эле болду да.
— Кайсы тамакты жакшы көрөсүз?
— Кудайдын берген ырыскысын жаман дебеш креек. Тамактын жаманы жок, балам.
— «Аял болбосо ашкана жетимсирейт» деген сөзгө кошуласызбы?
— Албетте, аялсыз ашкананын көркү ачылабы?!
— Наила апа тамакты кандай жасайт?
— Жакшы жасайт.
— Наила апаны «үчүнчү жубайы» деп угабыз, ошол чынбы?
— Экинчиси эле. Мурункусу таластык болчу. А Наила Ат-Башынын татар кызы. Жеӊеӊер жаш кезинде сулуу болчу. Мүнөзүн, өӊ-келбетин, жөнөкөйлүгүн жактыргам.
— Уул-кыздарыӊыз менен мамилеси кандай?
— Жакшы үчүн ушунча жыл бирге жашап келатабыз да.1975-жылы, 16-февралда баш кошконбуз. Эки уул, үч кыздын ата-энесибиз. Наиланы апа деп сыйлап турушат.
— Балдарыӊызга кандай тарбия бере алдыӊыз?
— Балдарга тарбия бере алган жокпун. Алар төрөлөөр замат ата-энебиз багып алчу, алардын тарбиясы менен чоӊоюшту. Менден оолак өсүшкөндөн уламбы, айтор, кээде боор бербей калышат.
Наила АЙТАЛИЕВА: «Ашыралынын камчысынын учу да тийген эмес»
— Наила апа, Ашыралы ата менен кандайча таанышып калдыӊыз эле?
— Биз Нарын шаарынан таанышканбыз. Почтада телефонистка болуп иштечүмүн. Ашыралы бирөө менен келип, мага орусча сүйлөп кайрылып калды. Мен аларга кыргызча жооп берсем, таӊгалып эле мени карап калышты. Ошондон улам кызыгуу пайда болдубу билбейм, айтор, дарегимди сурашты, бербей койдум. Ашыралы кадрлар бөлүмүнөн менин дарегимди алып, айылыма издеп барыптыр. Үйдөн таппай калып шаарга кетет. Ошол дарек менен катты үстөккө-босток жазды. Бир дагы жолу жооп жазган жокмун. И баса, мени издеп барганын кошунам айтып калды: «Кычырап кийинген, фотоаппарат көтөргөн Ашыралы деген киши издеп келип кетти»,- деп. Андай таанышым жок эле деп таӊгалып калдым. Кийин Бишкек шаарына жумуштап келип, ошондо капысынан жолугуп калып, жакшылап, жакындан тааныштык. Тагдырдын жазмышы экен, акыры баш коштук. Мен атаӊарга 35 жашымда турмушка чыктым. А атанар болсо анда 49 жашта эле. Азыр таӊар 77 жашта, 8-мартта 78ге чыгат, а мен болсо 65 жашка келип калдым. Быйыл баш кошконубузга туптуруу 30 жыл болот. Ушунча жылдан бери жакшы жашап келатабыз. Почта бөлүмүндө иштеп жүрүп пенсияга чыктым. Анан басма сөз киоскасында 1999-жылга чейин иштедим. Азыр үйдөмүн.
— Атанын туулган күнү 8-март турбайбы… Бул күн кандай өтөт?
— «Менин майрамым» деп мен андан, «Туулган күнүм» деп ал менден белек күтөт. Бири-бирибизге колдон келишинче белек беребиз. Ошентип эки майрамды чогуу белгилейбиз. Жаркырап-жайнап, бала-чака, небере, күйөө бала, келиндер кели куттуктап кетишет.
— Кечиресиз апа, атаны «кызыл камчы» дешет го…
— Ээ, кызым, «Эл оозунда элек жок» деп бекер айтылбайт да. 30 жылдан бери камчысынын учу да тийген жок. Ашыралы өтө жөнөкөй, көп нерсени кенебеген адам. Ырларын деле «атым чыкса болду» деп ырын эч кимден кызганбаган, уруксатсыз ырдагандардан акча доолап тытынбаган, ичин кенен салган айкөл, камырабаган, өтө боорукер киши. Боорукер үчүн «сыртта энесиз калыптыр» деп мый-мыйды көтөрүп келген, чоӊоюп калды. Ит, мышык багып алалы деген деле ой жок болчу. Мен ооруп, ооруканага барып калдым. Андан чыксам кичинекей күчүк туруптур. Артымдан үйгө чейин ээрчип келди, калбай койду. «Өзү келген ит жакшы болот, киреше кирет» деп коет го кыргызда. Биз дагы ырымдап багып алганбыз. Чындап эле үйгө киреше кирди. Мына, азыр экөө теӊ чоӊоюп балабыздай эле болуп калды. Бат-бат жуунтуп, ветеринарларга көрсөтүп турабыз. Тазалыкка үйрөтүп койгонбуз, үйдү булгашпайт, акылдуу. Экөө ынтымактуу.
— Атанын айтымында, сиз экинчи никеси экенсиз. А сиз мурда турмуш кургансызбы?..
— Ооба, турмуш куруп, бир кызым менен ажырашып кеткем. Кызым казак жигитке турмушка чыккан, жашоосу жакшы. «Ата, апа,» деп келип турат. Өзүм беш бир туугандын улуусумун. Төрт эркек, жалгыз кызмын. Бир бир тууганым дүйнөдөн өтүп кетти. Кудайга шүгүр, калгандары аман-эсен, келип-кетип турушат. Туулган жерим, өскөн айылым Ат-Башы, ошол жердин кызымын.
— Атанын балдары менен кандай мамиледесиз?
— Жакшы мамиледебиз. Келиндерим да жакшы. Бизге эмне, жылуу сөз, жылуу мамиле эле керек да. Үйлөрүнө барып калсак, төргө өткөрүп, астыбызга калыӊдап төшөк салып, ысык чай беришет. Ушундай мамилелерине кантип ичиӊ жылыбайт.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА,
«Бишкек таймс» гезити, 2005-жыл, №95