Бакыт ОРУНБЕКОВ: «30 жылдык тарыхта “Мелис Эшимканов” деген ысым жазылып калды»

Бакыт ОРУНБЕКОВ: «30 жылдык тарыхта “Мелис Эшимканов” деген ысым жазылып калды»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: 15-сентябрь. Дал ушул күнү «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор болгон, президенттик шайлоодо талапкер (2000-жылы), Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты (2005-жылы) болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Эшимканов Мелис Асаналиевич көз жумган. Сөөгү 18-сентябрда «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. 

Андан бери 10 жыл өтүптүр. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 59 жашка чыкмак экен. 

Бүгүн, эртең Мелис Асаналиевичти эскеребиз.

«Жаштык жарчысы», «Асаба»  гезиттеринде чогуу иштеген жердеши, кесиптеши, журналист Бакыт Орунбеков эскерет. 

Биз түшүнгөн, түшүнбөгөн “түндүктөн түшкөн редактор” Мелис Эшимканов

Эгемендүү Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында “Мелис Эшимканов” деген ысым жазылып калды. Ал кыргыз журналистикасында, саясий айдыңында бирөөлөр үчүн легенда болсо, башкалары үчүн табышмак инсан боюнча кетти. Ошондуктан Мелис жөнүндө жазуу бир жагы оңой болсо, экинчи жагы оор, кыйын. Кыйындыгы ушул — ал кыска өмүрүндө бунтарь, демократ, авантюрист, харизматик, парадокс, өзүнчө эле феномен инсан болчу дегендер көп. Анын баарына баам салып, Мелистин бейнесин тартуу мен үчүн да кыйын болду…

“Мал болбой калышы мүмкүн…”

Мелис Эшимканов Тогуз-Торо районунун борбору – Казарман айылында 1962-жылы 9-декабрда жарык дүйнөгө келген. Теги атбашылык, атасы Асек райондук ооруканада бир нече жыл дарыгер болуп иштеген. Ошондон улам “Бакыт экөөбүз жердешбиз” деп калчу. Жердешим менен “Жаштык жарчысы”, “Асаба” гезиттеринде беш жылга жакын иштедим.

Мелис ЭШИМКАНОВ: «Апаке, ыйлабачы!»

Мелис төрөлгөндө эле ата-энесин түйшүккө салган. Жарык дүйнөгө ден соолугу чабал келгендиктен, анын мал болуп кетүүсүнөн күмөн санагандар көп болгон. “Мен итий болуп төрөлүптүрмүн. Колу-бутум ипичке, башы чарадай, курсагы чоң бала болгон экенмин. Жада калса эмчек эмгенге да жарабай койгонумда ата-энем катуу коркот. Чарчап калбасын деп дарыгерлер глюкоза сайып, эптеп эки ай кармашкан экен… Ошентип ата-энем ыйлап-сыктап турушканда өмүр бою чабан болуп иштеген атамдын агасы “кой балаңарды мен алып кетейин, киши болсо анысын, киши болбосо мунусун көрөсүңөр”,-деп өзү менен тоого алып кетет” (“Суперинфо”, 19-25. 02.2010) деп Мекем өзү эскерет.

Тоого алып кетип, баккан атасы менен апасынын өз балдары жок болсо да Мелисти “тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай”, айран-сүткө, кымызга киринтип багышат. Жети жашка чейин чыныгы өз атасын билбей, шаар эмес, айылдын “цивилизациясын” көрбөй чоңоет. Биздин каарман баккан атасынын тили заар, жини чукул каардуу камчысын, анын “зөөкүр байларга” окшош экендигин, баккан апасынын мээримин, бутун ойо бастырып, жаан-чачынга карабай кой кайтарганын, түндөп айылга качып жолдо түнөгөнүн, ж.б. толгон жомокторун эч жашырбайт. Мелис балтыр эти ката электе элеттин “каар заманына” бышып чоңойгонун байкайбыз. Тоонун толгон түйшүгүнө бышып, айылдагы балдарга жемин жедирбеген “баатыр” болуп чоңоет. Убагында көкөйгө көк таштай тийген тоонун турмушу, кийин Мекемдин макалаларында жашоосунун философиясына айланганын байкайбыз. Анын күчтүү, өжөр адам болуп калыптанышынын баштапкы фундаменти Ат-Башынын тоолору, анын асыл адамдары болгон.

Мелис мектепке кирерде жайлоодон түшүп, өз атасы Асектин колуна келип, Фрунзедеги №50 мектептен окуйт. “Мелис орусча сүйлөп койчу” дешсе, “келгенский”, “барганский” деп кошуп, тартынбай сүйлөй берчүмүн, деп өзү көп айтып калчу.

Тоодон алып келген тарбиясы, шаардагы өгөйлөгөн турмуш Мелисти ого бетер чыйралтат. Камчы салдырбай окуп, бат эле классташтарынан суурулуп чыгып, окуудан, футболдон да алдыга чыгат. Көчөдөгү балдар менен мушташканда да талканын тарттырып жибербей, кол тийгис “өз баласына”  айланат. 5-класста колу кычышып, кыздарга каттарды, дилбаяндарды жазып “атактуу жазуучуга” айланат. “Ак кеме” киносуна таасирленип жазган дил баяны “Кыргызстан пионери” гезитине жарыяланганда жазуучу болууну дегдеп, ооруп калат. Кыргыз телевидениесине келип, жомоктордогу балдардын ролун аткарат, ошондо журналист болууну эңсейт.

“Түндүктөн түшкөн редактор”

Мелистин эмгек жолу 10-класста окуп жүргөндө эле башталган, борбордогу “Физприбор” заводунда жумушчу болуп кирип, акча таба баштаган. 1980-жылы азыркы Улуттук университеттин журналистика бөлүмүнө кирип окуйт. Баягы бала кезинен берки кыялын орундатам деп, кыргыз телевидениесинин эшигин жырта берет, бара берет. Балдарга, жаштарга арналган көрсөтүүлөргө катышып, берген тапшырмаларды “суусун жерге тамызбай” аткаргандан тажабайт. Ага алымсынбай “Ленинчил жаш”, “Комсомолец Киргизии” гезиттерине каттап, кыргызча, орусча макалаларын ташып, “качан чыгарасыңар” деп алардын шайын оодарат.

Адамдын дараметин, жанда жок аракетин, ички энергиясын сезген “Ленинчил жаш” гезитинин ал кездеги башкы редактору Калыбай Осмоналиев 1986-жылы университетти бүтүп-бүтөлек Эшимкановду дароо жумушка алат. Ички амбициясын, максатын жашыра албаган Мекең “беш жылдан кийин ушул гезитке редактор болом” дейт. Анын сөзүн башында шамал ойногон балакайдын ою дешип уккандардын бири да таңазарга алган эмес, шылдыңдап күлгөндөр көп болгон. Мыйыгынан жылмайган кесиптештеринин кытмыр күлкүлөрү Мелисти ого бетер чыйралтат, улам элде жок макалаларды жазып, окурмандардын оозуна, аркы жогорку комсомол уюмунун жетекчилеринин көзүнө, сөзүнө илине баштайт. “Жаш калемдештерге”, “Таттыбүбүнүн кызы”, “Жаш режиссерлорго жардамга муктаж”, “10-“Б” неге таарынды?” деген макалалары далайдын бүйүрүн кызытып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Жазгандары партиялык, комсомолдук чогулуштарда каралып, чаралар көрүлөт. Коомчулуктун көңүлүнө алына баштаган жаш кабарчы 1988-жылы 26 жашында Фрунзе шаарынын 1-Май райондук кеңешине депутат болуп шайланып кетип, дагы көптүн оозун ачырат.

Мелистин бактысына Горбачевдун “кайра куруу” саясаты (1986) башталып калып, каалагандай ачык жазууга жакшы шарт түзүлгөн. Ал жазгандын баары талкуунун темасына айланып, оргуган ойлору менен окурманды да дүрбөлөңгө салып жатты. Белгилүү акын Акбар Рыскулов редактор болуп турганда “Ленинчил жаш” гезити “Жаштык жарчысы” болуп өзгөрөт.

ЛКСМ Борбордук Комитети тараптан: “Жаштык жарчысынын” аты эле өзгөрбөй, гезиттин заты, анын редактору да өзгөрүшү керек” деген жел сого баштайт. Жел шамалга айланып, комсомолдун республикалык комитетинин пленуму гезиттин жетекчисин атаандаштык негизде шайлоону чечет. Өзүнүн ички-сырткы амбициясы ашып турган Мелис ЛКСМ БКнын пленумунун мүчөлөрүнөн жана редакция кызматкерлеринен колдоо табууга аракет кылат, шайлоого чейин аны бекемдеп коет. Баса, ал кезде Мекең комсомолдун Борбордук комитетинде сектор башчысы болуп иштеп жаткан эле.

1991-жылы апрель айында жаштар гезитине редактор болом деп ал кездеги аттуу-баштуу төрт журналист ат салышат, бири – Мелис, жашы да Мелис. Шайлоонун жыйынтыгы чыкканда Бишкекте “күн күркүрөп, чагылган түшкөндөй” эле болду. Эч ким күтпөгөн, пакана бой Мелис Эшимканов “Жаштык жарчысы” гезитине башкы редактор болуп шайланат. Жеңилип калгандар ызасына чыдашпай “Түндүктөн түшкөн редактор” деп макала жазышты. Анан баягы “беш жылдан кийин редактор болом” деген сөздү эстешти. Ошондон кийин Мекеңдин лакап аты “түндүктөн түшкөн” аталып калды.

Мелис күтүп отурган жок, “Жаштык жарчысы” гезитин “Асаба” деп өзгөрттү, журналисттердин жаңы командасын түздү. Көп өтпөй гезиттин башын комсомолдун ээлигинен чыгартып, “өзү бий, өзү хан” болуп калды. Ага жетиш үчүн көп тоскоолдуктардан өттү. Ал учурдагы катуу замандын каары күчүндө экендигин эске алганда Мелис ошондо эле эрдик иш жасаган.

“Асабаны” желбиретип…

Мелистин таскагы “Асабада” ачылды, элдин оозунда ушул эле гезит болуп калды. Калктын ишенгени, бийликтин корккону да жалгыз “Асаба” эле. Акаев президент “мени бүгүн сындабаптырбы” деп ишин “Асаба” гезитин окуудан баштайт” деген легенда кеткен. Айтор, “Асаба” менен Акаевдин мамилеси бирде мемиреген жазга окшоп жылуу болсо, бирде бороон чапкындуу кыш сымал болду. Ошонун баарына Мекемдин Ак үй менен болгон алакасы, кызматташтыгы өз таасирин тийгизип турган. Кээде оппозициянын азгырыгы менен президентти шыбаган учурлар көп болду. “Асабада”  “Чокчолой баатыр” рубрикасы менен Ак үйдөгү интригалар байма-бай чыгып, ажонун шаштысын кетирген учурларды санап болбойт. Акаевдин айланасындагылар эле “Асабанын” штаттан сырткаркы “кабарчылары” болушкан. Мелис Акаевдин доорунда “президенттин  керт башына сыйынбай, көкөлөтө мактабай эле коелу. Сындасак да өзүбүздүн башыбыздагы “төөнү” көрө жүрөлү. Референдумга ал жыргаганынан бараткан жок. Биздин гезит президенттин референдум өткөрүү демилгесине колдоо көрсөтүүчү демилгелүү топ түздү” (“Асаба”, 1994-жыл, 30-январь) деп гезити менен кош колдоп колдосо, бир топ убакыт өткөндөн кийин “жалаң партсоветтик номенклатура кадрларына таянып, алардын эл турмушунан алыс эрежелерине ишенгениңиз, коррупциянын ажыдаарларын, жез тырмактарын өзүңүздүн жаныңызга – жетинчи кабатка жеткиргениңиз бийлик кризисин жаратып, элдин келечекке ишенбөөчүлүгүн жаратты” (“Асаба”, 2000, 31-август) деп Акаевди бетке чаап, көзгө сайып сындап келди.

Акаевдин айланасындагылар “Асабаны” бийликтин көкөйүнө көк таштай тийип, тамагына тыгылган кылкандай көрсөтүп, бейбаш гезиттен кутулуунун жолун издеп жатышты. Мелистин оозун жабуу үчүн ортомчуларды салышты. Ага болбогондо өкмөтчүл маалымат каражаттары аркылуу Эшимкановдун эсин оодарып, шыбап жатышты. Аны да тоготпогондо Мекеңдин үйүнүн босогосуна бир кап туз жөнөтүштү. “Асабанын” кожоюнуна туз да таасир берген жок. Ага болбогондо советтик Кыргызстандын жетекчиси Т. Усубалиевдин колу менен сотко беришип, “Асабаны” 5 миллион сом доого жыгып, гезитти жаап тынышты. Эгемен Кыргызстандын тарыхында мынчалык  акчага жыккан учур боло элек. Саясаттагы бул күрөш Мелисти дагы сынады, чарчатты. Ийилди, ыйлады, бирок сынган жок.

“Ал бийликтин адамдары менен өздөрүнө жараша сүйлөшчү, керек учурда аларды пайдалана билчү. Ал эми жөнөкөй журналисттерге келгенде абдан күйүмдүү эле, жапакеч эле. Байлардан, бийликтен кайсы бир жол менен тапкан акчасына Робин Гуддай болуп журналисттерди бакчу”, – деп эскерет Мелистин шакирти Аскер айым..

Дүйнөлүк тарыхта журналист болуп туруп саясий партия түзгөн учурду көрбөдүм. Албетте, саясаттын кайнаган жеринде журналисттер болот, аралашат, катышат, жазат, жарыялайт. Эгер журналист саясатка барып карьера жасап, депутат же министр болом десе, анда калемгерликти ташташ керек болот. Бул дүйнөлүк журналистикадагы этикалык эреже. Мелис бул этиканы да бузду. Гезиттин башкарып туруп, “Бей-бечаралар” партиясын түздү. “Асабаны”, “Агымды” партиянын үгүттөөчү куралы катары пайдаланды, гезиттер саны сайын партияны даңазалап, ага кошулууга чакырып жатты. Анын аркасы менен миңдеген адамдар “Бей-бечараларга” ишенип, күргүштөп кирип жатышты. Мелистин массаны уюштуруудагы, ишендирүүдөгү дагы бир таланты ачылды. “Анын мыкты саясатчылыгы башкалар батынбаган нерселерди тобокелдикке салып жасачу, «мен жасайм, көпүрө болом» деп көп саясатчылардын башын кошо алчу, эң кызыгы саясатчылар аны угушчу, тилин алышчу”, – деген пикирлерди көп окуйбуз.

Мелис Эшимканов Кыргызстанда эркин журналистиканын өнүгүшүнө зор салым кошкон менеджер-редактор катары жогору баалагандар, ошол эле учурда кыргыз журналистикасында “имиш жанрын” калыптандырган, аны өнүктүргөн бир муун калемгерлерди “тарбиялап” кеткенин да айтышат.

“Кара жашик” КТРге барганда…

2006-жылдан баштап президент Бакиевге элдин нааразылыгы көбөйүп, оппозиция байма-бай митингдерди өткөрө баштаган. Мелис да алардын катарында, катары эле эмес саясий акциялардын модератору, өзү айткандай “ди-джейи” болуп жүрдү. Тапандыгы, тапкычтыгы, куйкум сөзү менен элдин бүйүрүн кызытып, сезимин козгоп, улуу күрөштөргө чакырып жатты. Бакиев бийлиги менен оппозиция элдешкис чекке жетип калгандай сезилип, чоң өзгөрүүлөр болчудай, коомчулук “Ала-Тоо” аянтын карап калышкан. Анан эле Алмазбек Атамбаев “бийлик менен оппозицияга көпүрө болоюн” деп өкмөт башчылыгына кетти, “Карыпкуловдун кара жашиги” деп келаткан Мелис Эшимканов КТРдин башчылыгына дайындалды. Оппозициянын айрым “ярыйлары” да кызматтарга кетишти, калгандарынын тилин табыштыбы, тынчып эле калышты. Кыскасы, Бакиевдин администрациясы “конституциялык реформа жасайбыз” деп кыйкыргандардын үнүн басып, абалды тынчытууга жетишкенин билебиз.

“КТРде реформа жасайм” деген Мелис Эшимканов көп өтпөй эле үч тараптан токмок жей баштады: биринчиси, КТРдеги кадрлык жана программалык өзгөртүүнү каалабагандар жамааттын ичинен найза көтөрүп чыгышты, ал тургай соттошууга, ачкачылык жарыялоого жетишти. Экинчиси, “үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” дегендей “КТРдин ички ишине кийлигишпейм” деген Ак үй эски адатындагы көзөмөлүн күчөтүп, “Азаттык” радиосунун кабарларын эфирден бердиртпей, Мелисти тушап салат. Үчүнчүсү, “бизди сатып кеттиң, пикирлерибизди бербейсиң” деп Эшимкановду оппозиция, бейөкмөт уюмдар тепкилеп жатышты. Мындай басымга чыдабай Мелистин ооруканага жатып калган учурлары көп болду. “Бир айдан бери чарчаганым чын, тамакты ичсем ичем, ичпесем жок, уйкум да азайып кетти” (“Агым”, 11.12. 2007) деп айтканы бар. Чарчады, чыдабады, уктабады, ооруду, анан “тойдум байдын кызына” деп КТРди таштап баса берди. Андан ары Алайдын тоолоруна Кубатбек акесине кетип калды... ” Ыйлагым келгенде, буулукканда, дүйнөнү тааныгым келгенде тоого чыгып кетем” деп калчу Меке…

“Люстрация болоюн деп жатам”

2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуядан кийин Мелис бир жылдай коомчулукта көрүнбөй калды. Бир күнү мага телефон чалып калды, ал-жай сурашкандан кийин: «Сен бильярд ойнойсуңбу?”,- деп сурады, “Ооба” дедим. “Анда саат 12де “Дасмияга” кел, бильярд ойнойбуз, саат үчтөн баштап мени менен иштеген улуу-кичүүнү чакырып койдум, чай ичебиз”,- деди. Макул болуп, айткан убакта айтылган жерге бардым.

Белгилүү журналист агаларыбыз Эсенбай Нурушев, Акбар Рыскулов баштаган кесиптештер үч саат чер жаза бильярд ойнодук. Мекем демейдегиден башкача жайнап, баарыбыз менен ойноду, кесиптештеринин илгерки жоруктарын эстеп, күлдүрүп отурганы көз алдымда турат.

Саат үчтө “Дасмиянын” залында акыркы 30 жылда Мелис менен иштеген 150нүн тегерегинде журналисттер чогулушту. Алардын ар бирине Мелис өзү телефон чалып чакырыптыр. Узак жылдан бери көрүшпөгөндөр мындан көп. “Сиздердин ар бириңиздер менен ар кандай маалымат каражатарында иштедим. Баарыңыздар менин өмүр жолумда эсимде болгонуңар менен турмуштун, тагдырдын ар кандай себептери менен жолугуша албай жүрдүк. Силерди көргүм келди, силер менен ырдагым келди, силер менен баштан өткөндү эстегим келди. Эгер силер менен иштеген учурларда кимдир бирөөңүздү таарынтсам, жаман сөз айтсам, ар бириңиздерден кечирим сурайм… Мен люстрация болоюн деп жатам”,- деген эле.

Көрсө, кесиптештери үчүн Мелистин бул акыркы сөзү экен, биз менен коштошуу үчүн айтылып жатканын кайдан билдик. Андан көп өтпөй эле “Учур” гезитине Мелис өзүнүн “люстрация чайы” жөнүндө минтип айтыптыр: “1995-жылы Кубат аке менен Алайга жалгыздык аралына кеттим эле. Бул жолу андан да оор этабы болду. Анткени 30 жаш менен 50 жаштын айырмасы бир топ экен. Көп нерсени ойлонуп жүрдүм, бир жыл бою тырмагымдын учунан баштап мээме чейин тазаланганга аракет кылдым….Апрель окуясындагы шейит кеткен балдардын өлүмү мен үчүн абдан оор тийди” (“Учур”, 03.02. 2012). Мелистин жүрөгү булардын баарын көтөрө алган жок, оор тийди…

“Кубатбек аке – Кудай, пайгамбар” жана акыркы сапар алдында…

Мелис Эшимканов 50 жылдык өмүрүндө далай улуу-кичүү кишилер менен дос болгон. Бирок, алардын эң биринчиси – айтылуу жазуучу Кубатбек Жусубалиев. Көп адамдар өзүнөн 30 жаш улуу адамды дос деп айта албайт. Мелис “Кубат аке-досум” деп өмүр бою оозуна түшүрбөй, кудайындай сыйынып, пайгамбарындай сыйлап, атасындай багып, баласындай тарбия алып кетти. Тагдырына, турмушуна, саясатка таарынганда, чарчаганда Алайга Кубат акеси-досуна барып, черин жазып, жашоого дем-күч алып келчү. Экөө Тибетке чейин барып, тазаланып жүрдү. Кыргызстанда Кубат акени баалагандар аз, түшүнбөгөндөр көп. Жалгыз Мелис гана түшүнүп кетти.

— Алайдын тоолорунда дербиштик өмүр сүргөн Кубатбек Жусубалиевди жалгыз гана досум дейсиз, эмнеге?

— Кудай атанын жазмышынан да. Экөөбүздү байлаган бир улуу сыр бар. Буга мен чексиз бактылуумун (“Супер-Инфо”, 19.03.2010),- дейт Мелис.

Кубатбек Жусубалиев дүйнөгө кылымдарда бир келчү киши. Кудай, пайгамбар, өзүн-өзү тазалоо жолуна түшкөн инсан. Биз дүйнөгө чыгарма, поэзия түрүндө түшсөк, бул киши иш жүзүндө түшкөн. Ал денесин, бутун, тырмагын таза кармагандай эле, мээсин, жан дүйнөсүн таза кармап келет. Түбөлүк өлбөсттүккө ишенген киши” (“Майдан.kg”, 16.06. 2011),- дейт Мекең.

Мелистин “эгер менде 30 пайыз жакшы касиеттер болсо, ошонун баарын Кубат Жусубалиевдин таасири деп билем. Акыркы бир жылдан бери мага таарынып жүрөт. Анткени Апрель революциясынан соң жолукканда “Мелис, эми токтот, жакшы эде кутурдуң. Шайтандын жолунан чык, саясатыңды ташта, гезитиңди токтот. Баш отуң менен руханий дүйнөгө кир”,- деди, мен ага “Кубат аке бир аз убакыт бериңиз” (“Майдан.kg”, 16.06. 2011) деп айтканы бар.

Мелиске убакыт жетпеди…таза руханий дүйнөгө кире албады, 2011-жылы 15-сентябрда түбөлүк келбес жайга кете берди.

“Агым” гезитинин кабарчысы Мелиске суроо салыптыр:

  Эгер эртең эң акыркы күнүң десе, ошол күнү эмне жасап үлгүрмөксүз?

—  Бир нерсе жасап калайын деп жан талашпайт болчумун. Кудайга гана чөк түшүп: “Мейли алып кете бер, бирок кечир, кечир, кечир” демекмин” (“Агым”, 25.07. 2008), — дейт кайран Мелис.

Мүнөзүм турган турпатым боюнча өтө катаал, татаал жана карама-каршылыктуу адаммын. Менде авантюристтик, романтик да, жакшысы да, жаманы да аралашкан, бүгүнкү оор оош-кыйыш замандын адамынын образы чогултулган. Башкы маселе, жакшыргым келет, тазалангым келет” (“Агым”, 25.07. 2008) деп ичиндегисин төккөн эле.

Эр ортолуу 50 жашка толгону турам. Ушул куракка келгенге чейин жолумдун 80 пайызын шайтан башкарып келди. Орто жолдо ички дүйнө тазалыкты, аруулукту самап, туткундан бошонгусу келген кулдай колумдагы кишендерди бычырата сындыргым келип, Тибетке, Алайга кетип калган күндөрүм болду… Жалган жашоонун азгырыктары көп экен. Тилекке каршы, менин жашоомдо “шайтан аке” өз доорун сүрүп алды (“Майдан.kg”, 16.06. 2011)- деп, өзүн ачып салдыбы Мелис?

Мелис Эшимканов жазган макалаларында, эссе, очерктеринде дүйнөгө белгилүү инсандар: Конфуций, Сальвадор Дали, Эрнест Хемингуей, Федерико Фелини, Владимир Высоцкий, Акиро Куросава, Василий Шукшин, Уильям Фолкнердин (“Мелис Эшимканов” китеби, “Турар”, Бишкек-2012) чыгармаларына көп кайрылганын, алардын накыл кептерин байма-бай пайдаланганын, алардын мурастарын тереңден тааныгандыгын, дүйнөсүнө таасирленгенин байкайбыз.

Мелис Эшимкановдун артында ушундай тарых, ушундай таалайлуу, ары татаал тагдыр, үлгү болчу, сабак алчу жол калды. Үзүлгөндү улар, учугун узартар эки уулу, эки кызы калды. Биринчи никесинен Жылдыз, Төлөгөн аттуу уулу-кызы бар. Алар азыр Америкада жашашат. Экинчи никеси Асел экөө Адам, Миэлла деген уул-кыздуу болушкан, мектеп окуучулары. Аман болушсун, атадан калган туяктарды Мелистин руху колдоп жүрсүн!

Бакыт ОРУНБЕКОВ

P.S. Буга чейин Мелис Эшимкановдун достору Султан Раев менен Мамат Сабыров эскерген.

Сүрөттөр: маркум Эрнис АСЕК уулунун архивинен алынды.

 

2 thoughts on “Бакыт ОРУНБЕКОВ: «30 жылдык тарыхта “Мелис Эшимканов” деген ысым жазылып калды»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.