Мамат САБЫРОВ: «18 жашында атасынын өлүмүн көрүп коркуп калган досум апамды тирүү көрөмбү деп…»

Мамат САБЫРОВ: «18 жашында атасынын өлүмүн көрүп коркуп калган досум апамды тирүү көрөмбү деп…»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: 15-сентябрь. Дал ушул күнү белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Эшимканов Мелис Асаналиевич көз жумган.

Андан бери 10 жыл өтүптүр. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 59 жашка чыкмак экен. 

Бүгүн, эртең Мелис Асаналиевичти эскеребиз.

Белгилүү журналист, жазуучу, Мелис Эшимканов менен жаш кезинде таанышып, 35 жыл дос болгон Мамат Сабыров эскерет. 

Сендей дос эми табылбас…

Мелис экөөбүздү гезит тааныштырды. Союз маалында “Кыргызстан пионери” деп аталган гезит болоор эле. Эсимде, 7- класстан тарта эле Фрунзеден Мелис Эшимканов аттуу баланын жазгандарын окуй баштадым. Ошол эле Фрунзеден Дүрүяхан Дүйшеева, Кара-Суудан Гүлмира Мамажанова жазчу. Аларды көрүп, аларга суктанып, мен да жазып кирдим. Ал кезде гезиттерде эмнегедир авторлордун сүрөтүн жарыялоо салты жок эле. Бири-бирибизди макалабыз, аңгемелерибиз боюнча билгенибиз менен өңдөрүбүздү таанычу эмеспиз. Өңдөрүбүздү кийин, мектепти бүтүп, окууга тапшырганы келгенде гана көрдүк. Жолуккандагы алгачкы сөзүбүз — “а, ошол сенсиңби?” деген сөз болгон.

Мелис жапалдаш бойлуу, чыканактай бала экен. А мен куркуюп узунмун. Ошол 1980-жылы табышкан бойдон дээрлик отуз беш жыл узун –кыска болуп ээрчишип, жанашып жүрдүк. Беш жыл бир группада чогуу окудук, кайсыл бир дүкөнгө Шукшиндин, Думбадзенин китептери түшүптүр десе чымын –куюн болуп жетип, Феллининин, Абуладзенин кинолорун чогуу көрдүк. ”Ленинчил жашта”, ”Асабада”, кийин “Агымда” да чогуу иштедик. Экөөбүздүн бул достугубуз деги эле бүтпөчүдөй, үзүлбөчүдөй сезилчү, ушинтип эле ээрчишип жүрө берчүдөй туюлчу. Үзүлүп калды… Кокусунун чорт үзүлдү… Досумду күтүлбөгөн жерден шум ажал алып кетти.

*

Менин “Ленинчил жаш” гезитине келип калуума да Мелис себепкер болгон. Окууну бүткөндөн кийин Кадамжайда, райондук гезитте иштеп жүргөм. Бир күнү Мелис телефон чалып, “Бизде (Ал кезде Мелис “Ленинчи жашта” иштеп калган) бир орун бошоду, редактор менен сүйлөшүп койдум, тез кел!”,- деди.

Анда жаш, тажырыйба жок кез да, кандай болот дебей эдиреңдеп келип калып атпаймынбы. Бирок, редакторго кирээр замат ээликкеним бирөө ээке чапкандай эле жок болду. ”Бош орун жок” деди кара торусунан келген киши чорт гана. Кайдан келдиң, колуңан эмне иш келет деп сурап да койгон жок (менин кебетем жакпай калганын кийин билдим). Ошондон тарта менин борбор калаадагы азаптуу күндөрүм башталды. Райгезиттеги жумушуман бошоп келгем, ала келген анча-мынча тыйыным көп өтпөй түгөндү. Күнүгө эртең менен чыгып алып, улам бир редакциянын эшигин кагам, бардык жерден “бош орун жок” деген окшош жоопту уккан соң шаабайым сууп, Мелиске келем. Байкуш досум “духуңду түшүрбө, табылып калаар” деп көңүлүмдү жубатып, тамак алып берет, анча-мынча тыйын карматат. Анын кеңеши боюнча ар кайсыл темадагы макалаларды биринин артынан бирин жазып, алар үзгүлтүксүз жарыяланып турду. Анан бир күн редактор алмашаар замат мен жөнүндө ага да айткан экен, “келсин” дептир. Ошентип, жаштар гезитине келип, Мелис менен бир кабинетте отуруп калдым.

*

Мелисти тамашалап, “сен тагдырдын эрке баласысың” десем жыргап күлүп калчу. Чындыгында эле ага атак-даңк, урмат-сый аябай эрте келди. Мектепте окуп жүргөндө эле бүт Кыргызстан таанычу, университетте аны мугалимдерден тартып, деканга чейин жакшы көрчү. ”Мелис” деп тымызын да, ачык да сүйүү арнаган кыздарды айтпай эле коеюн.

Бирок, ошол эле учурда тагдыр аны оор сыноолорго да туш кылды. Жапжаш кезинде атасы көз жуумп кетти. Бир жолу таңзаарда мен жашаган жатаканага келип, “Жүр мени менен ооруканага барып келчи. Өзүм баргандан коркуп атам”,- деди. Көрсө, аяш апам катуу ооруп, реанимацияга түшүп калыптыр. 18 жашында атасынын өлүмүн көрүп коркуп калган байкуш эми апамды тирүү көрөмбү деп жүрөкзаада болуп жаткандагысы экен. Экөөбүз автобуска отуруп, шаардын четиндеги 4-ооруканага жетип бардык. Реанимациядан палатага которулду дешти. Айткан палатага кирип, апасын жылмайган абалда көргөндөн кийин гана өзүнө келди кайран досум…

Экинчиби, үчүнчүбү курста тун уулу Чыңгыз, андан соң кызы чарчап калды. Байкуштун “сенде Алыкулдун “Бөбөккө” деген ыры барбы?” деп жалооруй сураганы дале көз алдымда турат. Ичи эңшерилип, жүрөгү канап турган ушул саам өзүнө тагдырлаш издеп, өзүн Алыкулдун саптары менен соороткусу келди окшойт…
Сыртынан бакыттын сересине жеткендей телегейи тегиз, жайдары көрүнгөнү менен ичинде арманы толтура, күлкүсү менен көз жашы аралаш жигит эле. Көпчүлүк Мелис байкемдин сыртын эле көрүшчү, ички жан дүйнөсүн эч ким көрө алган жок”,- деп ыраматылык Эрнистин айтканы ошондон улам болсо керек…

*

Кээде кобурашып отуруп, таңды атырып ийчү элек. Эми эстесем, жалаң адабиятты, кинону сөз кылчу экенбиз. Мурза Гапаровду талдайбыз, Кубат Жусубалиевди талдайбыз. Маркестин, Хуан Рульфонун романдарына тамшанабыз. Жаш, романтик кездер экен да! ”Аким эмес, акын болсок дечү элек”, -деп Акбар байке (Рыскулов) жазгандай, биз да мансап, бийлик, байлык деген менен ишибиз жок, жазуучу болсок деп гана кыялданчубуз. Мелис буркан-шаркан түшүп, жаңы жазган аңгемелерин окуп берет. Анан мен өзүмдүн жазгандарымды окуйм…

Анан чоң турмуш башталды. Максаттар, багыттар өзгөрдү. Мелис комсомолдо иштеди, кийинчерээк депутат да болду. Бирок, кандай жумушта иштебейли, ошол кыялкеч күндөргө болгон ностальгиябыз жоголгон жок. Кийин ал редактор, мен орун басар болуп жүргөндө да ошол алаамат кездерди эстеп күлүп калчу элек.

Мен ал күндөрдү дале сагына берем… Досумдун жайдары мүнөзүн, адамгерчилигин сагынам. Достукка бекемдегин, кечиримдүүлүгүн сагынам. Анан Мелистин 49 жашында кырды ашып, көрүнбөс, келбес жакка сапар тартып кеткенин эстейм да көзүмө жаш тегеренет…

Мамат САБЫРОВ

P.S. Мелис Эшимкановдун дагы бир жакын досу, мурдагы Маданият министри, Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары, Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин эскерүүсүн бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.  

2 thoughts on “Мамат САБЫРОВ: «18 жашында атасынын өлүмүн көрүп коркуп калган досум апамды тирүү көрөмбү деп…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.