Эрнис АСЕК уулу: «Аска элең бороондордон тосуп турган, алсыз бир гүл да элең өсүп турган…»

Эрнис АСЕК уулу: «Аска элең бороондордон тосуп турган, алсыз бир гүл да элең өсүп турган…»

Эсен болуп, эстей жүр!  

РЕДАКЦИЯДАН: 15-сентябрь. Дал ушул күнү «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор болгон, президенттик шайлоодо талапкер (2000-жылы), Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты (2005-жылы) болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Эшимканов Мелис Асаналиевич көз жумган. Сөөгү 18-сентябрда «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. 

Андан бери 10 жыл өтүптүр. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 59 жашка чыкмак экен. 

2012-жылы жубайы Асел Эшимканова жолдошунун элесине арнап «Мелис Эшимканов» аттуу китеп түзгөн. Ал китеп баарыӊыздардын эле колуӊуздарга тийбесе керек. Ошол китептин баш сөзүн жазган маркумдун бир тууган иниси Эрнис АСЕК уулу. Бүгүн ал агасынын жанында… Көзү өтсө да, сөзү өчпөйт эч качан. 

Эрнис АСЕК уулу: «Өмүрдү ушунчалык сүйдү, өлүмдү жек көрчү…»

Мелис Эшимканов… Аскадай зор кишим кулады. Болгон жүрөгүӊ менен сүйгөн адамыӊ жөнүндө жазыш өтө эле кыйын экен. Бир жыл бою ушул баш сөздү жазалбай кыйналдым. Күндө кечкисин компьютердин маӊдайында олтурам, кагаз менен тиктешем, көздөн чолок жаш чыгат да турат. Байкем бир жаралган, эч кайталангыс киши болуптур. Жүрөгү тоодой эле, сөзү көӊдөй башты шылып түшкөн кылычтай эле, өмүрү өрт эле. Элден башкача жашады, мейли саясатта болобу, мейли карапайым калктын арасында жүрөбү, мейли журналистикадан изденеби, Шукшин айтмакчы, жүрөгү жашоого эт болуп өсүп алды. Өмүрдү ушунчалык сүйдү, өлүмдү жек көрчү, «Эй, үка, мен өлбөйм» деп калчу. Жашоону чексиз сүйгөн киши гана ушинтип айталат. Өткөндө Сагын эже (Акматбекова) айтып жатпайбы, «Минтип чагылгандай өмүрдү ким жашай алат эле, аз жашаса да, саз жашады, баарын көрдү, баарын билди, Мелис гений эле болуптур». Канчалаган тил укту, канчалаган жаман сөздөргө кабылды, кабагым-кашым дечү эмес. «Менин терим крокодилдикиндей болуп калган» деп тамашага салып койчу.

Бул китепке байкем жөнүндө пикирлер, массалык маалымат каражаттарына берген маектери, өзүнүн бала кезден бери жазган макалаларынын топтому, уул-кызынын, жубайынын, жакын досторунун, кесиптештеринин, шакирттеринин эскерүүлөрү, студент кезинде жазган аӊгеме-новеллалары кирди. Ушул китепти окуп, тирүү кезинде көпчүлүк түшүнө бербеген ойлоруна башкача көз караштан карап калат экенсиӊ. Ушул китепти даярдап жатып байкемди мен билгендей, мен туйгандай эч ким болбогонуна көзүм жетти. Эми ушул китеп калды… Тирүү кезинде «Бардыгын чогултуп, китеп даярдабайлыбы?» десем, «Койсоӊчу, кимге кереги бар, андан көрө китеп жаз дебейсиӊби, менин билбегеним жок да, өзүнчө эле бестселлер болот, эх, отура алсам кана» деди эле. Эми анын баарын өзү менен алып кетти.

Бир жолу үйүндө тамеки чегип турсак, «60ка чыгамбы, 70ге чыгамбы, кеп анда эмес экен, өмүрдү кандай өткөрдүӊ, кеп ошондо турбайбы. Мен муну кеч түшүндүм» деп калдыӊыз. Сиздин өткөргөн өмүрүӊүз татыктуу болду. Өрт өмүрдү өткөрүп койдуӊуз. Ошол өмүрүӊүз үчүн рахмат, байке!

Үкөӊүз Эрнис АСЕК уулу,

«Мелис Эшимканов» китеби, 2012-жыл

9 — ДЕКАБРЬ

Жыл сайын бул күн СМС жөнөтүү менен башталар эле. Анткени, 9-декабрь – ага ордуна ага, ата ордуна ата, дос ордуна дос болгон жалгыз адамым – Мелис Эшимкановдун туулган күнү. Сөгүлүп олтурам, төгүлүп олтурам… эч калыпка түшалбай койдум. Гезит-телелер интервью сурашат. «Агаң жөнүндө сен айтпаганда, ким айтат?» дешет. Мен жылуу-жумшак баш тартам. Агам үчүн жасай турган эмгек алдыда…

Экөөбүз көп деле сүйлөшчү эмеспиз. Бири-бирибизди далыбыз менен түшүнчүбүз. Сөздүн да кереги жок эле. «Кандай, старик?» дейт. «Жакшы» дейм. Болду, бири-бирибизди түшүнгөн болобуз. «Сага бир тапшырма бар» деп калат. «Сизге да бир тапшырма бар» деп калам. Бир ачылганда, сөз бербей бажылдап калабыз. Ата сөзүн да, ага сөзүн да, дос сөзүн да айтат…

Агам баскан бактарды аралап келем. Бул жол менен үн-сөзсүз экөөбүз далай бастык. Бир күнү сейилдеп келатсак, августтун аягында болсо керек, «Эрнис, Тибеттин «Книга мертвых» дегенин окудуң беле?» деп калды. «Ооба» дедим. «Мен түшүнбөй койдум. Сага кандай таасир берди?» деди. «Ой, байке, аны эмне кыласыз? Аны түшүнүш үчүн даярдык керек. Сиз даяр эмессиз да» дедим тийишип. «Мухтар өлгөндөн бери өлүм жөнүндө көп ойлончу болдум. Анан Истинаны ойлойм. Качан өтөм, билбейм. Мага бир жыл жетет эле» дедиңиз. Унчукпадым. Кайрадан үнсүз басып жөнөдүк.

Байкем жөнүндө айта турган сөз оголе көп. Балалык кез, жаштык учур, ата-эне, кудай, кино, футбол, журналистика, саясат, жандүйнө, кыздар, кыргыздар, өлүм, өмүр, Истина ж.б.у.с. деги койчу, эмне жөнүндө гана сүйлөшчү эмес элек. Анын баары китепке жазылар. Менден эч нерсе жашырчу эмес. Билгенимдин баарын окурман журтчулугуна тартууларым бардыр. Мени өзгөчө жакшы көрчү. «Карачечекей иним» деп эч нерсе да аячу эмес эле. Азыр эч нерсе жазалбай турам. Калыпка түшалбай койдум…

Студент кезинде жазган новеллаларын таап алдым. Жыргап окудум, куунап окудум. Саясат менен чарпылбаса, гениалдуу жазуучу болмок экен. Болбой калды…

9-декабрь. Эми СМС жазайын…

Аска элең бороондордон тосуп турган, алсыз бир гүл да элең өсүп турган…

Эрнис АСЕК уулу,

9-декабрь, 2011-жыл, «Учур»

P.S. Буга чейин Султан Раев, Мамат Сабыров, Бакыт Орунбеков, Сагын Акматбекова, Түгөлбай Казаков эскерген.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.