Эсен болуп, эстей жүр!
Айтылуу Мелис Эшимканов бейитинде эскерилди…
Эл сүйүп, издеп окуган «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, 2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Эшимканов Мелис Асаналиевич бүгүн, 15-сентябрда «Ала-Арча» көрүстөнүндө эскерилди. Мындай иш-чараны маркумдун жубайы Асел Эшимканова уюштурду. Иш-чарага «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезитинде чогуу иштеген кесиптештери, шакирттери жана туугандары катышып, эскеришти. Алар бүгүнкү күндө, бардык жерде Мелис Эшимканов жетишпей турганын баса белгилешти.
Назира СААЛИЕВА
Эрудит Эшимканов
Эскерүүгө катышкандардын бири — журналист Азимжан Ибраимов. Ал эскерүүсүн гезитте иштеген алгачкы «лөктөрдү», Эшимкановдун шинелинен чыккан «молодойлорду» тизмектеп баштаптыр.
Көп кырдуу, көп сырдуу Мелис Эшимканов… Кыргыз журналистикасы менен чоң саясаттын чок ортосунда жүрүп жашоонун ачуу-таттуусуна бышкан, «бешиктен бели чыга электе» атпай журтка, жогорку бийлик чөйрөсүнө аты чыккан ишмер. Анын дымагы менен кыргыз басма сөз айдыңында башкалардан айырмаланган өзгөчө бейбаш стиль, агым пайда болду. Алгач «Жаштык жарчысы», кийин «Асаба» жана «Агым» деген «тапан гезиттер» жарык көрүп, жаш Кыргызстанда нукура сөз эркиндигинин жел аргысы ачык-айкын жүрүүсүнө жол ачылды. Буга «түндүктөн түшкөн редактор» мезгилдин демин, күрөө тамырын тарта билгендиги менен жетише алды. Көп учурда аны буга көөдөндү тиреп турган «мен жасайм» деген ишеним, ички деңгээл, менеджердик күчтүү сапат алга жетеледи. Комсомолдон топтогон уюштуруучулук, саясий тажрыйба да аз эмес эле.
Гезитке ошондо не деген гана күчтүү ысымдар агылып келип, ачылган жок. Адегенде Кубатбек Жусубалиев, Салижан Жигитов, Кеңеш Жусупов, Эсенбай Нурушев, Чоюн Өмүралиев, Калык Ибраимов, кийин Алым Токтомушев, Шайлообек Дүйшеев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Түгөлбай Казаков, Мамат Сабыров, Талант Конокбаев, Султан Жумагулов өңдүү «лөктөр» гезит бетин бербей, эркин ой жүгүртүүнүн жогорку үлгүлөрүн көрсөтүп киришти. Унутта калган улут наркы, улуттук философия, улуттук нигилизм, байыркы кыргыз тарыхы, алыскы цивилизация жана өнүккөн коом тууралуу көлөмдүү, терең, аналитикалык макалалар мына ошондо жарык көрдү бейм.
Андан соң Бакыт Орунбеков, мен, Каныбек Иманалиев, Төлөгөн Карыкеев (Кимбайке), Жыргалбек Касаболотов, Эрнис Асек уулу (Эшимканов) сыяктуу жаш, бирок курч, амбициялуу журналисттердин доору башталды.
Ушул кез тууралуу белгилүү жазуучу, журналист Султан Раев: «Азыркы демократтар сгущёнка сүт ичип, нанды» наня» деп жүргөн, ал эми Азимжан, Бакыт, Каныбек сыяктуу «молодойлор» — Эшимкановдун «шинелинен» чыккандар эле… Меке досумдун шинели Мамат экөөбүзгө костюм болуп калчу. Ал кездеги журналисттер «пахта койгонду, заказ менен жазганды, партия-сартияны билбейт эле. Сындаганыбыз — Акаев, эрмегибиз — Бегиш Ааматов эле. Арадан 30 жыл өттү. Принцип жана идея — башкы позициябыз болгон десем жаңылышпайм»,- деп эскергени бар.
Туура, буга чейин ара-чолодо ар кайсы гезитке жазганыбыз болбосо, бизди алгач кесипкөй журналистикага Мелис Эшимканов алып келген. Мен азыр өзүм иштеген мезгилди гана сөз кылып жатам. А болбосо, бизден кийин да бул мектепте далайлар – Жылдыз Мусабекова, Аскер Сакыбаева, Чолпон Орозобекова, Жеңиш Эдигеев өңдүү белдүү калемгерлер торолушту. Өз кезегинде Табылды Эгембердиев, Шералы Назаркулов сыяктуу демократчыл публицисттер да «Асаба» гезити аркылуу коомчулукка таанымал болушту десем жаңылышпайм. Анткени Мелис байке чыгармачыл жазмакерлердин бардыгына эркиндик берип таштаган. Кааласаң бийликти көтөрүп чаап, татыктуу болсо — жерден алып көргө сүйрө. Эрк өзүңдө, бирок жаңыча ой айт. Эл эмнеге суусап турат, ошону бер. Фактылар менен сүйлө, бирөөнү куру бекер «шыбабагыла». Макалаң жүк көтөргөндөй болсун. Башкы редактор катары Мелис Эшимканов ушуну талап кылар эле. Антпесең, биринчи планеркада эле жазган макалаң менен кошо өзүң да жиликтелип, көктү сүзгөн төбөң жер сайып калышы мүмкүн. Майда-чүйдө материал менен кирген кызматкер анысы шоона эшпей каларын мурда эле билчү. Себеби редакцияда чыгармачылык күчтүү атаандаштык бар эле. Демек, ар бир планеркага дыкааттык менен даярдык көрүү кажет.
Мен да «Жаштык жарчысы» гезитине орношорум менен эле каалаган темага кайрылып, шейшептей болгон макалаларды дембе-дем жазгандыгым эсимде. Андайда башкы редактор дем берип, мактап, далыга таптап коет. «Мен бүгүн Айтматовдон интервью алам» же «спикер Медет Шеримкулов менен сүйлөшөм» десем да, демимди суутпай, «Барып кел» деп колдоо көрсөтөр эле. Чынын айтуу керек, эгерде Мелис байкенин саясий жетиктиги, эр жүрөктүгү, айрымда хандан-бектен кайра тартпаган көктүгү болбосо, гезит мурдагы партиялык номенклатуранын айдагынан чыкпаган супсак басылма бойдон кала бермек. Андыктан жетекчинин лидердик чапчаңдыгы, ички кудурет, жөндөмү, анан калса, келген адамды магниттей тартып алган сөздөрүнүн эми, жылуулугу «Асабада» күчтүү команданын топтолушуна, саясий-экономикалык оор акыбал тууралуу курч макалалардын жаралышына шарт түзгөн.
Мелис Эшимкановдун, керек болсо, дипломаттык чеберчилигинин мыктылыгы үчүн бийлик адамдары менен катар, ага оппозициядагы саясатчылар да байма-бай келип, маалымат алышып, өз мүдөөлөрүн айтып кетише турган. Эң «свежий», «бомба» деген маалыматтар алгач ага жетип, анан гезит бетине жарыяланчу. Натыйжада, эң актуалдуу маселелер «Асаба» гезитине чыккандан кийин гана коомчулукта кызуу талкууларды жарата баштай турган. Ал турсун, биздин басылмага чыгып кеткен маалыматтар, айрым ушактар деле белгилүү убакыттан кийин чындыкка айланган учурлар кездешчү.
Гезиттин, журналисттин күчү мына ушул. Эрудит Эшимкановдун да күч, кудурети, өзү айтып калчу «авантюрасы» да ушунда эле. Таасирдүү эле. Кабинетинде олтуруп өкмөттүк «тройка» телефон аркылуу далай чиновниктердин тагдырын чечип салган кездери болгон. Муну туура баамдап, баалаган жана өзүн келечектеги чоң саясаттан көрө билген кыраакы адамдар редакцияга баш багып, түпкүрдө жаткан ой-мүдөөлөрүн алгач «Асаба» гезитине жарыялап коюну өтүнүп, андан колдоо күтүшө турган.
Журналист Мелис Эшимканов менен саясий истеблишмент да эсептешчү. Эсептешпей кое алмак да эмес, анткени өлкөдөгү ар бир олуттуу окуя «Асаба» (кийин «Агым») гезитинде чагылдырылышы же талдоого алынуусу белгилүү бир деңгээлде жалпы саясий абалга өз таасирин тийгизип турган. Андыктан өз учурунда биринчи президент Аскар Акаев да эртең мененки ишин «Асаба» гезитин барактап, таанышуудан баштай тургандыгын бекер айтпаса керек эле.
Андыктан көптөгөн саясатчылар, мамлекеттик, коомдук ишмерлер да Мелис Эшимкановдун берген «батасына» жараша аброй күтүп, жүз табышкан учурлар аз эмес. Ушинтип жүрүп ал далай чыгармачыл жаштардын эле эмес, көп саясатчылардын да тушоосун кескендиги ырас. Алар бүгүн белгилүү жазуучу, журналисттер же белдүү саясатчылар.
Эгерде макалада же кайрылууда кадр маселеси козголсо, же кайсы бир чиновниктин былыгы ачыкка чыкса, аларга карата Президент, Өкмөт тараптан сөзсүз реакция жасалбай койчу эмес. Советтик доордогу миллиондуу тираж менен чыгышкан «Правда», «Известия» же биздин жергиликтүү «Советтик Кыргызстан» гезиттерин элестетип коюңуз.
Албетте, ошол кезде Кыргызстандын «демократия аралчасына» айлануусуна көптөгөн факторлор таасир эткен. Асыресе узак мезгил бою эркиндикти, эгемендикти эңсеп келген кыргыздын улуттук менталитетинин өзгөчөлүгү, «Асабадан» тышкары, «Республика», «Кыргыз Руху», «Аалам» сыяктуу эркин басылмалардын чыгуусу, ар кандай саясий партиялардын түзүлүүсү, жигердүү коомчулук ж.б..
Мелис байке адам катары досторун тең алып, теңдеш жүрдү. Адатта алардын арасына бизди да кошуп алар эле. Мейли майрам болсун, мейли иш кайнаган күн болсун, өзүнүн ички маданиятынан, адаттагы дипломатиялык ийкемдүүлүгүнөн жазбай бардыгына тең мамиле жасай турган. Чечкейи чеч боло кубанганда оозун чоң ачып, бадырайган тиштери көрүнгөнчө каткырар эле. Ал эч кимден корунчу, жашынчу эмес, түз жүрүп, түз сүйлөчү. Аны жакшы билген достору гана «Меке чал» деп атай алышчу. Анткени «Чал» деген сөздүн артында баарын билген, көптү көргөн айлакер, акылдуу деген маани жатчу. Кимди болбосун сындагандан, өзүнө карата сындардан да коркчу эмес. Ага душман болуп кастарын тигип келгендер дос болуп жайдаңдап чыгышчу. Кыясы, Мелис байке өзү сүйгөн, көп учурда цитата келтирген Авраам Линкольндун «Я побеждаю своих врагов тем, что превращаю их в друзей» деген принципти колдонсо керек.
Мелис Эшимканов ишмер инсан катары маалымат менен элди, жалпы мамлекетти туура башкарса боло тургандыгын ырастап жүрүп кетти. Ар качан идея үчүн жүгүрдү. Окуганы Феллини, Макиавелли, Фолкнер, Кубат акеси эле. Бул адатын, принциптерин бир тууган иниси Эрниске (Асек уулу) калтырганга үлгүрдү. Тилекке каршы, иниси Эрнис да так байкесинин жашында дүйнө салды. Экөө тең 49 жашында кетти.
Мелис Эшимканов түпкүлүгүндө, маалыматка эгедерлер менен мамлекеттик саясаттын ортосунда элчи болуп, кыргыз журналистикасынын деңгээли, кыргыз мамлекетинин жан күйдүргөн акыбалы үчүн күйүп жүрүп кетти…
Азимжан ИБРАИМОВ
P.S. Буга чейин Жеңиш Эдигеев, Султан Раев, Мамат Сабыров, Бакыт Орунбеков, Сагын Акматбекова, Түгөлбай Казаков, Эрнис Асек уулунун эскерүүсү жана Асел Эшимканованын маеги жарыяланган.
Сүрөттөр: маркум Эрнис АСЕК улуунун архивинен алынды.
Бир аздан соң бейиттеги эскерүүнү окуй аласыздар!