МАЕК — Асел ЭШИМКАНОВА: «Мелис, Эрнистин ыйык, бийик көргөн Кубат акеге Адамды жолуктурдум»

МАЕК — Асел ЭШИМКАНОВА: «Мелис, Эрнистин ыйык, бийик көргөн Кубат акеге Адамды жолуктурдум»

Эсен болуп, эстей жүр!  

«Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, президенттик шайлоодо талапкер (2000-жылы), Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты (2005-жылы) болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Эшимканов Мелис Асаналиевич 15-сентябрда көз жумган. Андан бери 10 жыл өтүптүр. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 59 жашка чыкмак экен. 

Бүгүн, 15-сентябрда, саат 11:00дө, «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү Мелис Эшимкановдун эстелигинин алдында маркум агабыз эскерилет. Андан соӊ «Улуу Тоо» кафесинде куран окулат. 

Эскерүү иш-чарасын жеӊебиз Асел Эшимканова уюштуруп жатат. Жеӊебиз менен маек курганыбызда, ал саясаттагы, журналистикадагы үзөңгүлөш досторун, чыгармачыл адамдарды эскерүүгө чакырганын билдирди. 

— Жеӊе, Мелис байкеден ажыраганыбызга билинбей эле 10 жыл болуп калыптыр. 10 жыл кандай өттү?

Ар кандай күндөр өттү, эми анын баарын айтпай эле коеюн. Балдарым атасынан өтө жаш калгандыктан, ар нерсени сурашчу, дагы эле сурап калышат. «Атам кандай киши эле? Кантип тааныштыӊар эле? Кайда барчу элеӊер?» деп сурашат. Альбомдогу сүрөттөрдү чогуу карап эскеребиз. Өздөрү да интернеттен берген маектерин карашат, угушат. Анда да суроо чыгарышат: «Эмнеге антип айтты, минтип айтты? Бул кайда болгон окуя?» деген сыяктуу толтура суроолорду беришет. Атасынан 6 жашында калган Адамчик 16га, 4 жашында калган Миэлла 14 жашка чыкты. Кызым кичинекей болгондуктан атасы кайда кеткенин түшүнбөй деле калды. А балам болсо баарын түшүнүп, мени сооротконго аракет кылчу. Куран окутуп келген адамдар кеткенден кийин ыйлап калчумун. Ошондо уулум көз жашымды аарчып, ар нерсени көрсөтүп, туурап, куудулданып, көӊүлүмдү көтөргөнгө аракет кылчу. Баламдын мындай аракетине бир чети таӊгалып, бир чети ыраазы болуп жүрдүм. Адамчигимдин аракетин текке кетирбейин деп өзүмдү колго алдым десем болот. Балдарымдын атасынын жоктугу башкаларга билинбей калбаса, бизге кадимкидей билинди жана билинет. «Мелис болгондо бардыгы башкача болмок» деп кейип калам.

— Демек, жоктоо дартын дагы деле жеӊе албай келатыпсыз да?

— Эӊ жакын адамыӊдан ажыроо азаптын азабы. Куса, сагыныч… Жоктоо дартын жеӊүү оӊой-олтоӊго турбайт. Тилекке каршы, мындай абалды өзүӊ да башыӊдан өткөрүп жатасыӊ. Андайда кандай адамдар жардам берээрин жакшы билесиӊ: ата-эне, бир тууган. Алардын мээрими, жылуу мамилеси менен андай абалдан чыктым. Эми өзүмө келатканда, оор учурда мага колдоо көрсөткөн алтын атам да каза болуп калды. Анан Эрнис… Карачечекей кайнимдин каза болгонун укканда аябай жаман абалда болдук. Эрнис да элүүгө чыкпай, так Мелистин (49) жашында кетти… Атамды, Мелисти, Эрнисти унуткан жокпуз жана эч качан унутпайбыз, элестери жүрөгүбүздө жашап келет.

— Эрнис агасын арман кылып жүрүп өттү. Анын сагынычы сөзүнөн, кусалыгы көзүнөн, жоктоосу жазгандарынан билинип турчу. Көзү өткөнчө жоктоо дартынан айыккан жок. Акыркы күндөрү Мелис байкенин бейитинен чыкпай калган, бат-бат бара берчү. Сурайын дегеним, Мелис байке акыркы күндөрү өзүн кандай алып жүрдү эле?

— Мелис акыркы күндөрү көп ойлонуп калган. Ойлонуп эле жүрдү. Ой басып калган. «Замандаш» партиясынын негиздөөчүсү, белгилүү саясатчы Мухтарбек Өмүракуновду аябай жоктоду. Ичинен сызып эле жүрдү. Кайгы-капа да жүрөгүнө катуу таасир берди го…

— 10 жыл ичинде сиз тууралуу ар кандай ушактар болду, «сизди күйөөгө тийгизип койгондор да болду.  Ушак-айыӊга көӊүл бурасызбы?

— Туура эмес, жалган маалыматтарды окуп алып капаланып калган күндөр болгон. «Эмнеге адамдар мынча каардуу? Эмнеге ушинтип туура эмес жазышат? Эмнеге так маалымат беришпейт?» деген суроолорду берип, ага жооп таба албай, капаланып калчумун. «Жакшы адамга сөз эмес, чөп да жармашат» дегендей, болбогон сөз айтыла берет. Ушак-айыӊга көӊүл буруп, аларга жооп кайтарып, алардын деӊгээлине түшпөй эле кой, Аселёк!»,-деп Мелис көп айтчу. Анынсыӊарындай, көрүнүктүү,  атактуу, ийгиликтүү адамды кеп-сөз ээрчий берет экен. Болбогон кепке көӊүл бурбайм, сүрүштүрүп, артынан түшпөйм. Социалдык тармактардан алысмын, ага кирбей калганыма көп жыл болду. Жалган, калп ушак таратып жаткандарды Кудайга койдум.

Эгер кайталап турмуш курсам, анда элге бат эле угулмак да. Кыргызда жакшы сөз бар го: «Жамандын жары болгончо, жакшынын жесири болгон жакшы»...

— Мелис байке эмнени жактырчу эмес эле?

— Мелис туулган күнүн белгилегенди көп жактырчу эмес. Ошентсе да, тар чөйрөдө белгилечү. Достору менен отурганды жактырчу. Эми алар менен көӊүл ачуу максатта эмес, маанилүү маселелерди чечүү үчүн гана жолукчу.

— Балдарыӊыздын кимисинин мүнөзүн атасына окшоштурасыз?

— Атасына Адику аябай окшош: кыймыл-аракети, баскан-турганы, ой-жүгүртүүсү. Жадагалса ойлонгонуна чейин окшош. 9-классты ийгиликтүү аяктагандан кийин, билимин чет өлкөдөн улантууну чечти. Мындай чечимин толугу менен колдодум, Европадан билим алууга кетти.

Адамдын келбетин Мелис байкеге аябай окшоштурдум. Бирок, бою сизди тартыптыр. Муну Кубат аке да байкап, айтты го…

«Духовный учитель» деп Мелис менен Эрнис Кубат акени абдан ыйык, бийик көрүшчү. Кубат акенин ой-жүгүртүүсүн адамдар көп түшүнө бербейт. А Мелис менен Эрнис түшүнчү. Атасы менен агасынын сыйлаган адамына Адику дагы кызыгып, интервьюларын угуп, жазгандарын окучу, бирок, «түшүнүү кыйын экен» деп калчу. Жакында эле Кубат аке Бишкекке келгенде Адамды жолуктурдум. Шаардагы куттуу үйүнө чогуу бардык го. Кызы Жамбы менен жакындан тааныштым. Ошол жолугушууда Кубат аке менен Адикунун жылдызы келишип, жакшы баарлашып отурушканын, Мелиске келбетин окшоштурганын, акыл-насаатын айтканына өзүӊ деле күбө болбодуӊбу…Аягында ак батасын берип, башына өзү жакшы көргөн ак калпагын кийгизип узатпадыбы. Ушундай Улуу адамдан бата алуу кандай гана жакшы. «Атаӊдын боюн тартпай калыпсыӊ, менден да узун жигит болгон турбайсыӊбы?» деп күлбөдүбү… Атасынын боюн, өжөрлүгүн кызыбыз Миэлла тартты. Микуля мектепке 4 жашында барды. 3 жашында жазганды, окуганды өзү эле үйрөнүп алган. Байкесин ээрчип, «мектепке барам» деп жарым жыл ыйлап, аябай талап кылып жүрдү. Кызымдын каалоосун жаӊы жылдан кийин аткардым. Көӊүлү калып, «барбайм» десе, кайра бала бакчага берип коем деп жүргөм. Андай болгон жок, өздөштүрүп кетти. (Күлүп) «Ар кимдики өзүнө, Ай көрүнөт көзүнө» дегендей, мактана тургандай уникалдуу, таланттуу кызым бар. Азыр ал көркөм гимнастика менен алектенүүдө. Аны менен катар ырдаганды, бийлегенди жакшы көрөт. Ырдаган жагынан атасын тартты окшойт, себеби, Мелис да жакшы ырдачу да. Алты тилде (кыргыз, орус, англис, кытай, француз, еврей) ырдайт, эркин сүйлөйт.

— Атасына арнап ыр жазганын угуп калдык эле. Андай таланты калган жокпу? Сизчи, ыр жазып жатасызбы?

— (Күлүп) Азыр экөөбүз теӊ ыр жазбайбыз, андан алыстап кеттик. Ыр жазууга бир учур келет экен, жаш кезде. Ошол учурда жазып калдым.

— Кесибиӊизди, көгүлтүр экранга чыгууну сагындыӊызбы? Журналистикага кайра кайтып баргыӊыз келеби?  

­- Жашырганда эмне, башында аябай эле кесибимди сагынып жүрдүм. Аны эми сөз менен жеткире албайм. Азыр анын баары артта калды. Азыр мен кесибиме кайрылууну каалабайм, себеби андан да кызыктуу ишим бар. Маркетинг тармагын тандап алгам, ошондо эмгектенип келатам.

— Мурдагы Асел менен азыркы Аселдин айырмасы барбы?

— (Күлүп) Албетте, бар, асман менен жердей. Баягыдай баёо Асел жок, анда мен ишенчээк элем. Бардык болуп жаткан окуяларга кызыкчумун. Жаман сөздөргө көӊүл буруп, жүрөгүмдөн өткөрчүмүн. А азыр болсо такыр башкамын, эч нерсеге көӊүлүм бурбайм, жүрөк оорутпайм.

Айтылуу акындын ырын айтканда эл ыйлап…

«Ар нерсенин өз убагы болот» дегендей, сөз кезеги келип турганда айта кетейин. Быйыл, 25-апрелде жолдошум журналист, акын, котормочу Эрнис АСЕК уулунун эскерүү кечесин Филармонияда өткөргөнбүз. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жоктоо дартыма ортоктош болуп, кеңешин берип келаткан Асел жеңем Эрнисти эскерүүдөн мурда жолдошу Мелис байкебизди эскерип өткөнү көрүүчүлөрдүн жүрөгүн жылыткан. Сөзүн ыр менен баштаган эле… Жолдошуна арнап өзү чыгарган ыр экен деп кабылдап, «өзүнүн ырыбы, кимдики?» деп телефон чалып сурагандар да болгон…

Жеңем кезинде орусча, кыргызча ыр жазчу, ошондон улам мен да кызыгып сурап калсам, күлүп: «Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момунованыкы, көптөн бери сахнага чыкпаганга сүрдөп кетип автордун атын айтканды унутуп коюпмун. Жоктоо дартынан чыгалбай жүргөн кезде кайсы бир гезиттен  көрүп, жүрөгүмө жакын болгондуктан бир окуп эле жаттап калгам. Ошол бойдон айтып жүрөм. Ушундай мыкты ырды жараткан акын эжебизге таазим», — деген.

Бул чындык, Гүлсайра Момунова эжебиздин ырлары мыкты. Мыкты болгондуктан орус классты бүткөн Асел жеңеме да таасир берип, ал ырды уккан мен да, көрүүчүлөр да ыйлап жатат да…

5:52ден баштап уксаңыздар болот:

 

 Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.