Президент Садыр Жапаров «Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол көтөрүү боюнча окуяны тыкыр иликтеп, чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
— Президент Садыр Жапаровго “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча маалымат жеткирилди. Мамлекет башчысы өлкөнүн Ички иштер министрлигине бул факты боюнча бардык жагдайларды иликтеп чыгууну, Өмүрбек Текебаевге карата орун алган аракеттерди жасаган адамдарды аныктоо максатында тыкыр ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү жана тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле, болгон окуяда аны айрым күчтөр өз максаттарына колдонууга аракет кылып жатканын жокко чыгарууга болбойт.
ИИМ: «Текебаевге кол салгандарды аныктоо иш-чарасы жүргүзүлүп жатат»
Текебаевге кокусунан кол салган ээнбаштар…
Бүгүн, 1-декабрда, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге капысынан кол салуу болду. ИИМ бул ВИДЕОдо кол көтөргөн бейбашты ачуу үнүнөн, кийиминен, жүзүнөн таанып, бат эле тапса болот… Укук коргоо органдардагы адамдын кимдигин фото, видео боюнча оперативдүү тастыктап, тактаган адистер үчүн, эгер чындап аракеттер көрүлсө, кыска убакыттагы эле иш экени маалым…
Өмүрбек Чиркешович өзүнө кол салуу кайсы жерде болгонун журналисттерге бул видеосунда айтып берген:
Өмүрбек Текебаев 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого “Ата Мекен” партиясын жетектеп барган. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип, аны жокко чыгарууну талап кылууда…
2 thoughts on “ВИДЕО — Жапаров Текебаевге кол көтөрүү боюнча окуяны тыкыр иликтеп, чара көрүүнү тапшырды”