Белгилүү журналист, акын, котормочу, конфликтолог Жыргалбек Касаболот «Шайлоодон кийинки оомат жана доомат» аталыштагы кезектеги макаласын «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды.
Шайлоодон кийинки оомат жана доомат
«Шайлоодо көп добуш алган утпайт, добушту санаган утат» деген жаңы макал бар. Эгемен Кыргызстандын тарыхында таза экени так далилденген бир гана шайлоо өткөн. Ал 2010-жылкы, Убактылуу Өкмөттүн тушундагы парламенттик шайлоо болгон. Ошондо бийликке оппозициячыл болгон «Ата-Журт» партиясы баарынан көп добуш менен келген. Калган шайлоолордун баарында эле көп добуш алган тарап эмес, санагандарга жакын тараптар расмий утушка ээ болуп келатышат.
Бул жолу деле ошондой болду. БШКдагы сервердин бузулушунан улам маалыматтардын өтө кескин өзгөрүп кетиши далай адамдардын ишеничине суу септи. Бери дегенде үч партия — «Улуттар Биримдиги», «Ата Мекен» жана «Эл үмүтү» шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын жарыялашты. Алардын катарына башкалар да кошулууда.
Парламентке азыркы бийликти жактай турган үч партия («Ата Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак»), аларга атаандаш болуп көрүнгөн бир партия («Бүтүн Кыргызстан»), диний электоратты колго алган дагы бир партия («Ыйман нуру») келди. Ушунун өзү кыргыз саясатына тышкы таасир тийгизген күчтөр канчалык кубаттуу экенин көрсөтүп турат. Диний фактор өзү эле көп жылдан бери тышкы таасирдин натыйжасы экени түшүнүктүү.
Ал эми Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун тирешүүсү жасалма болушу мүмкүн. Убагында булар кирген «Ак жол» партиясы колдогон Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев кандай тажрыйбалуу сырткы күчтөр менен байланышта болгонун эске алганда, саясий технология жагынан кыйла натыйжалуу ыкма тандалып алынган. Бир максатты көздөгөн эки күчтүн жасалма тирешүүсү эл көзүнө булардан башка, булардан маанилүү саясий күч жоктой, саясий айдыңда ушулар эле калгандай таасир этет. Эгерде калп десе экөөңүн бирөө Курманбек Бакиевге ачык каршы чыгышы керек. Кумтөр боюнча Кыргызстанга эң зыяндуу келишим Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин тушунда түзүлгөнүн моюнга алышы керек. Ал үчүн күнөөсүн да моюнга алышы керек. Менимче, анте албайт. Демек, тамыры бир, ал эми ортосундагы согушу жасалма. Аны эки тараптын «дакансалары» билбеши мүмкүн, билип да кереги жок.
Кыскасы, негизинен бакиевчилер өттү.
Президент Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгына ишенбегендерге добуштарды кол менен санап чыгууну сунуш кылды. Ошондой эле нааразы болгон тараптар жалпы тыянакка өздөрү ынанмайынча шайлоонун жыйынтыгы чыгарылбай турганын жарыялады. Бул убадасы аткарылса жакшы. Чындыгында электрондук эсепке ишенич кеткенине көп болгон. Өмүр бою жашаган жеринен каттоосу табылбай, өмүрү атасы тааныбаган жерлерден чыккан кишилерден көп эле жолу маалымат түштү.
Бирок Садыр Жапаровдун убадасына ишениш кыйын. Анткени буга чейин кетип жаткан парламент боюнча да, парламенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча да, Жерүй кени боюнча да айтканы менен кылганы, мурунку айтканы менен кийинки айтканы далай жолу айырмалуу чыккан. Ошондуктан эгерде бийлик мурунку амалдарды жаңырта турган болсо добуштар кол менен саналышына жергиликтүү деңгээлде да, борбордук деңгээлде да тоскоолдук болушу мүмкүн. Буга чейинки шайлоолордо деле байкоочуларды добуш саноодо ж. б. процедураларда участокторго киргизбей койгон ыкмалар көп эле колдонулган. Азыр да айрым бир мандаттуу округдардан ошондой маалыматтар түшүп жатат. Мындан тышкары, бюллетендер кол менен саналганда деле ал жакта жасалмалоо болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Кол менен саналгандан кийинки талаштар сотто чечилет.
БШКнын чечимине карабай Жогорку сот Талант Мамытовдун шайлоого катышуусуна уруксат берди. Демек, акыркы чечим Нургүл Бакированын колунда, ал болсо Садыр Жапаровдун сунушу менен келген. Сотторубуз чындыкты чыркыратып туруп эле теңирден тескери чечим чыгарып, анысына ынандырарлык түшүндүрмө бербей мелтиреп туруп алган учурлар көбөйгөндөн көбөйүп эле келатат.
Азырынча өтпөй калды деп расмий эсептелген партиялардын иш жүзүндөгү реакциясы кандай болору, ал канчалык резонанска ээ болору белгисиз. Туруктуулук жагынан алганда биринчи иретте «Улуттар Биримдигинин» көнүмүш электораты көп болгон Ош шаарына көңүл буруу зарыл. Эртеңки күн кандай болоруна карабастан, колдон келсе шайлоонун жыйынтыктары анын катышуучуларын нааразы кылбагыдай ачык, даана болсо жакшы болмок. Анын себептери саясатка эмес, экономика менен туруктуулукка байланыштуу.
Анткени шайлоодон кийин экономикалык каатчылык токтоп калчудай түрү жок. Бензиндин баасы азыр жасалма түрдө кармалып турат. Ал көтөрүлсө башка бааларга да олуттуу таасир тийгизет. Чөнтөгүн каатчылык аралаган карапайым элден өткөн коркунучтуу оппозиция жок. Канчалык стихиялуу болсо ошончолук кооптуу.
Дагы бир чочуткан жагдай — шайлоого катышкандардын аздыгы бул жолу да рекорддук чекке жакындады. Айрым бир мандаттуу округдарда эл баарына каршы добуш берди. Бул элдин шайлоо системасына ишенбей калганын, жалпы эле бийликке каршы экенин көрсөтүп турат.
Бирок экономикалык каатчылык шайлоого катышкандарга да, катышпагандарга да бирдей тийет. Нааразылык күчөсө шайлоого барган-барбаганына карабайт. Мындай шартта жалаң бийликке жакын партиялар толуп алган парламент бийликтин жоопкерчилигин ого бетер күчөтөт. Шылтоо түгөнөт. Шылтоо ансыз деле түгөндү.
Бийликтин популярдуулугу начарлагандан начарлап баратат, бирок ага каршы чыккан саясий күчтөр да чачкын, биригүүгө даяр эмес. Мындай кырдаалдан Ооганстандагы талибдердин жеңишинен шыктанган диний радикалдар гана пайда көрөт жана өз позициясын бекемдейт.
Ошондуктан добуштар кол менен саналып, анын аныктыгы менен жыйынтыгы шайлоонун бардык катышуучуларын ыраазы кылса экен деп тилек кылып туралы.
Жыргалбек КАСАБОЛОТ
Таза шайлоо менен ааламды таң калтыра алган жокпуз…
Кыскасы, БШК да, бийлик да, чынында, эмне болгонун түшүндүрө албай жатат. Шайлоону өткөрүүгө кыйыр да, түз да катышы бар “кызмат адамдарынын” ар кыл дөдөмөл-божомол, жоромолду айтып чыккандары бурмалоолордон шек саноону арбытты. Маселен, Шайлдабекова алгач башында: “Ар бир урнада шайлоочулар добушун санаган программалаштырылган система бар. Ал абдан көп маалыматты камтыйт. Сайтка алгач башка программаны жүктөп алышыптыр” деген жүйөнү айтып чыкты. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “болжол менен 20 өлкөдөн жасалган хакерлердин чабуулу экен, эксперттер айтышты, сервер коргоосу мыктылыгынан эле аман калыптыр” деп чыкты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары (азыркылардын кызматтарын айта берип тил сына турган болду) Эдил Байсалов: “Кайдагы хакерлер?! үзгүлтүк да болгон жок. Сервер да, система да кадимки шартта иштеп жатты. Жарыя кылуу таблицалардын бириндеги формуладагы болбогон катачылык” деп Twitterдеги баракчасына жазды. Кийин башкасын айтып чыкты…
Пендебиз, дей беребиз, ак-кара ишибизди бир гана Кудай билет… Бул шайлоого жооптуулар кандай амал кылышса да, «кыңыр иш кырк жылда да билинет»… балким андан да эрте…
Кыскасы, таза шайлоо менен ааламды таң калтыра алган жокпуз…
Шайлоочуларды да, талапкерлерди да козгогон АСУ…
Эске сала кетсек, 28-ноябрда шайлоо тилкелери жабылгандан кийин, БШК сайты эмнегедир эки жолу иштебей калган. Биринчисинде — партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчисинде — АСУдан (автоматтык эсептөө урна) түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан newess.shailoo.gov.kg сайты жабылып калган. Бир катар партиялар да, шайлоочулар да муну «көз боёмочулук» деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылышууда…
И баса…
Президент Садыр Жапаров, БШК (Борбордук шайлоо комиссия) система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир бербегенин билдирип жатышат. Президент Боршайкомдун майда-чүйдө катасынан, айрыкча, парламентке өтпөй калган партиялардын ишенбөөчүлүгүн пайда кылганын, БШКдагы сервердин бузулуунун чоо-жайын УКМК териштирип жатканын кечээ «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирген.
Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы