МАЕК — Аскар АКАЕВ: «Путин менен Жапаровдун макулдашуусу менен Кыргызстанга келгем»

МАЕК — Аскар АКАЕВ: «Путин менен Жапаровдун макулдашуусу менен Кыргызстанга келгем»

Экс-президент Аскар Акаев Орусиянын mk.ru сайтына кечээ, 20-декабрда интервью бериптир. Бул маеги (бүгүн, 21-декабрда) «Московский комсомолец» гезитине да жарыяланды. Аскар Акаевичтин бу кызыктуу маегин alakan.biz сайтыбызга которуп берип турубуз. 

2021-жылда эки жолу мекенимде болдум. Жайында бир жумага, декарда бир жумага учуп барып келдим. Ал жактан таңдан кечке укук коргоо органдары менен тыгыз иштештим. Мекенимде мага карата эч кандай дооматтар калган жок, бардык иштер жабылды десем болот. Эми, Кыргызстандын бардык жарандарындай эле, эми мен дагы каалаган учурда ал жакка барып келалам. 

Албетте, бул жерде башкы ролду учурдагы президент Садыр Жапаров ойноду. Ал мага өзү чалып, 16 жылда Кыргызстанда мага карата көп иштер жыйылып калганын, көбү жок жерден жаралгандар да, бирок, аларды жабыш үчүн, менин түшүндүрмөлөрүм, жоопторум керектигин айтты. Бишкекке учуп келүү чакыруусун ыраазычылык менен кабыл алдым. 

Андан тышкары, УКМК башчысы, генерал Камчыбек Ташиевге да ыраазымын. Ал анын карамагында иштегендер мага жакшы мамиле кылышты. Алар так мыйзам чегинде иш алып барышты, катаалдыкты көрсөтүшкөн жок. 

— Жайында учуп барганыңызда, алдап коюшат же кандайдыр бир чагымчылдык кылышат деген кооптонуулар болгон жокпу сизде?

Күмөнсүнүү болгон жок, себеби менин барышым Орусия жана Кыргызстан президенттери: Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган иш болчу. Владимир Владимировичке Орусияда мага меймандостук мамиле кылышкан үчүн чексиз ыраазымын. 16 жыл бою бул жакта эмгектендим, бүтүн үй-бүлөм үчүн мыкты шарттар түзүлүп берилди.

— Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эң чуулгандуу иштердин бири “Кумтөр” алтын кени боюнча иш, анан сиз бул боюнча көрсөтмө бердиңиз…

— Ооба, албетте, “Кумтөр” боюнча мен күбө катары да, айыпталуучу катары да өттүм… Бишкектен мага берилген көпчүлүк суроолор так ушул ишке байланыштуу болду. Анткени, бул ишкана тууралуу баарынан көбүрөөк билем, 1990-жылдардын башында инвесторду так мен тапкам. Башында алар жакшы иштеп жатышкан болчу. 1990-жылдары бийик тоо жана тоң жер шартында ыкчам убакытта, үч жылда, Борбор Азиядагы эң чоң алтын кени ишканасы  курулду. Биринчи алтын 1997-жылы алынды. Бирок 2000-жылдардын башында кыянаттык иштерди башташып, экологияга ченемсиз зыян келтиришти, айрым чиновниктерибизди коррупцияга аралаштырышты. Ишке зыяны болбосун үчүн, башка эч нерсе айталбайм. Бирок өзүмө байланыштуу баардык суроолордон арылдым, эл аралык сотто жардамы болсун деп, тергөөчүлөргө керек бардык маалыматтарды бергенге аракет кылдым.

— Кыргызстандын сотто утуу мүмкүнчүлүгү канчалык деп ойлойсуз?

Мүмкүнчүлүктөр абдан жогору, себеби экологияга ченемсиз зыян келтирилди. Жалпылап айтсам, ал жерде эки мөңгү бар — Давыдов мөңгүсү жана Лысый мөңгүсү. Алар Борбор Азиянын эң кубаттуу дарыялары Сырдарыя менен Нарынды суу менен толуктап турушат. Бул мөңгүлөргө металл аралашпаган, бош тектерди ташташкандыктан, эрүүсү тездеп, булгануусу өскөн… Бул жерде жакынкы убактарда алтындан да кымбатка айланчу таза суу булактары тууралуу айтып жатабыз. Кыргызстан сотто утуп, “Кумтөр” эл жыргалчылыгына иштейт деген үмүттөмүн. 

— Башка өлкө башчыларынан да көрсөтмө алышат бекен? 

“Кумтөр” маселеси боюнча азыр мурунку эки премьер-министр тергөөгө алынууда. Бийликтегилер бул иштин аягына чыкканга ниеттенип жатышат. 

— Эмне үчүн сизден бардык айыптоолорду мурда алгылары келген эмес?

Бүгүнкү күнү эл аралык коомчулук, 2005-жылы Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш болгонун моюндап жатат. Ал учурдагы окуялар башында Бакиев, Атамбаев жана Отунбаевалар турушкан. Алар кезеги менен президент болушту, албетте, дайыма мага кандайдыр иш ачканга аракет кылышты, болбосо, башкы прокуратура көпчүлүк айыптоолор жок жерден жаралганын моюндаган эле да. Атамбаевден кийин бийликке анын кишиси Жээнбеков келди, ал дагы менин ишимдин объективдүү каралышына кызыкдар болгон жок. 

Бир гана Жапаров мага адилеттик кылды. Ал мага кылмыш иштерин жокко чыгаралбастыгын, аларды жабуу үчүн менин катышуум керектигин ачык айтты. Мен ага макул болдум. 

— Жапаровдун телефон чалуусу менен сиздин алгачкы барышыңыздын ортосунда канча убакыт өттү?

Жапаров чалды, эки күндөн кийин эле мен Бишкекке келдим. Бул убакытты Россиянын жетекчилигине барып-келишим тууралуу айтып койгонго жумшадым. Кандай болгондо да, 16 жыл бул өлкөнүн меймандостугунда болдум. Аны менен бирге жеке коопсуздугумдун кепилдиктерин билдим. 

Жыйынтыгында Кыргызстанга бир аптага келдим, андан кийин өлкөдө парламенттик шайлоолор өтүп, өлкө жетекчилиги мага көңүл бургудай эмес эле. Шайлоолор аяктаар менен, баштаганды аягына чыгаралы, келиңиз деп мага кайрадан чалышты. Кадимкидей өз нугунда кетти… 

– Жапаровдун чалуусу сиз үчүн канчалык күтүүсүз болду?

– Ачыгын айтсам, чалуу абдан күтүүсүз болду. Президент болуп шайланганынан жарым жыл өтүп-өтпөй тездик менен менин ишиме киришет деп ойлогон да эмесмин. 

– Жапаровдун сунушун уккандагы биринчи оюңуз эмнеде болду, эсиңиздеби?

Υйүмө кайтып бара аларымды дароо эле түшүндүм. Мурунку президенттердин учурунда Кыргызстандын прокуратура, башка күч мекемелеринин бештен-ондон кызматкерлери мага чыгып жатышты. Алар издөөгө алабыз, узакка камайбыз ж.б. менен коркутуп жатышты. Алардын айткандарын ойго алган жокмун, мени коркутпагыла, мени улуу Россия коргойт деп айттым. А бул жерде мага президенттин өзү чалды, ал куру бекер сөздү айта бербейт да. 

– Кыргызстанга келейин деген оюңуз барбы же азырынча Россияда эле каласызбы?

– Азырынча Россияда эле калам. Анткени бул жерде кызыктуу ишим бар. МГУда механика-математика факультетинде иштейм, көрүнүктүү окумуштуулар арасындамын. Илимий иш үчүн мыктылардын арасында болгон абдан маанилүү. Чыгармачылык кубатым барда МГУдагы ишимди уланта берейин дедим. 

Айрыкча жакында эле мага мыкты окумуштуулар сыйланчу жогорку илимий сыйлыкты — биринчи даражадагы Ломоносов сыйлыгын беришти. Жылына биринчи даражадагы бир жана экинчи даражадагы эки сыйлыкты ыйгарып турушат. Акыркы 16 жылда иштеп жаткан жамаатка абдан ыраазымын. Оор жылдарда мени колдошту, илим менен алектенге күч беришти. Өзгөчө азыркынын мыкты математиги, биздин ректор Виктор Садовничийге ыраазымын.  Анын жетекчилиги алдында жана анын керемет илимий мектебинде иштеп жатканым үчүн бактылуумун. 

– Борбор Азиядан Ломоносов сыйлыгын алгандардын алгачкысы болдуңуз да, бул даражада болуу кандай экен?

– Бул мен үчүн чоң урмат-сый жана сыйлык. Экинчи илимий жашоомдо болуп көрбөгөндөй бийиктиктерге жетүүгө мүмкүн болду. Бактылуумун жана ишимди уланта бергим келет. Мекениме болсо, маал-маалы менен барып турам. 

– Узак убакыттан кийин Кыргызстанга кайтып барганыңызда, туугандарга барганга, бейитте болгонго мүмкүнчүлүк болдубу?

Албетте, ар кечте көрүшүп жаттык. Туугандар, достор, кесиптештер, санаалаштар, 94төгү хирург Мамбет Мамакеев менен жолугуштум. Ал киши дале операция жасайт экен. Ата-энемдин, бир туугандарымдын бейитине зыярат кылдым…

– Сиз кеткенден бери Кыргызстан абдан өзгөрүптүрбү?

– Абдан. Көпчүлүк учурларда жакшы жактарына өзгөрүптүр. Жашоо кайнап, илгерилөө багытында баратат. 

 Маектешкен Артур АВАКОВ

Которгон Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Alakan.biz

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.