Бакыт Жетигеновдун абактан чыгышы кесиптештеринин колунда. Депутаттар бүгүн чечим чыгарат!

Бакыт Жетигеновдун абактан чыгышы кесиптештеринин колунда. Депутаттар бүгүн чечим чыгарат!
Жогорку Кеңеш депутаттары коллегасы Бакыт Жетигенов боюнча чечимди 15-декабрда эле парламент жыйынында карашмак. Анда кворум болбой калгандыктан, бүгүнкүгө (22-декабрга) жылган болчу…
Белгилей кетсек, ЖК депутаты Бакыт Жетигенов “Шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштырып, андан кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштырган” деп шектелип, аны менен кошо камалган 15тей бала шеринеге чогулганда сүйлөшкөн сөздөрдүн негизинде камакка алынган. БАКЫТ ЖЕТИГЕНОВ БОЮНЧА ТΥЗΥЛГӨ̲Н ДЕПУТАТТЫК КОМИССИЯ аны камакка алууга негиз болгон, далил делген ошол аудио тасманын УКМК өкүлү окуп берген текстин угуп, «̲Т̲Е̲Л̲Е̲Ф̲О̲Н̲ ̲С̲Ү̲Й̲Л̲Ө̲Ш̲Ү̲Ү̲Н̲Ү̲Н̲ ̲Т̲Е̲К̲С̲Т̲И̲Н̲Д̲Е̲ ̲Б̲И̲Р̲ ̲Д̲А̲Г̲Ы̲ ̲Ж̲О̲Л̲У̲ ̲»̲Б̲И̲Й̲Л̲И̲К̲Т̲И̲ ̲Б̲А̲С̲Ы̲П̲ ̲А̲Л̲А̲Б̲Ы̲З̲»̲ ̲Д̲Е̲Г̲Е̲Н̲ ̲С̲Ө̲З̲ ̲Б̲О̲Л̲Г̲О̲Н̲ ̲Э̲М̲Е̲С̲.̲.̲.̲ ̲Б̲И̲Р̲ ̲Д̲А̲Г̲Ы̲ ̲С̲Ө̲З̲ ̲Б̲О̲Л̲Б̲О̲С̲О̲ ̲Д̲Е̲Л̲Е̲ ̲У̲Ш̲У̲Н̲Д̲А̲Й̲ ̲О̲Л̲У̲Т̲Т̲У̲У̲ ̲А̲Й̲Ы̲П̲К̲А̲ ̲Ш̲Е̲К̲Т̲Е̲Л̲И̲П̲ ̲Ж̲А̲Т̲К̲А̲Н̲Ы̲Н̲А̲ ̲Т̲А̲Ң̲ ̲К̲А̲Л̲Д̲Ы̲К̲»̲ деп, прокуратуранын сунуштамасына макул болбой, Бактыбек Жетигеновду «ЖООПКО ТАРТУУГА УРУКСАТ БЕРБӨӨ» чечимин кабыл алышкан.

Артка кайрылсак…

Эске сала кетсек, 26-ноябрда «Бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен Бакыт Жетигенов жана 15 адам кармалганын атайын кызмат — УКМК билдирген болчу. Көп узабай Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери («Бийликти күч менен басып алууга даярдануу») боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, Башкы прокуратура тарабынан мекемелер аралык тергөө тобу түзүлгөн.

27-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда депутаттын баш коргоо чарасы каралып, 26-январга чейин камакта калтырган чечим чыккан.

Башкы прокуратура “Жазык-процессуалдык кодексинин” талаптарына ылайык, үч депутатты (Б.Жетигенов, А.Жээнбеков. Т.Зулпукаров) жоопко тартууга макулдук алуу үчүн 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамалары менен кат жөнөткөн. 1-декабрда убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Белгилей кетсек, прокуратуранын жогорку депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу сунуштамаларын карап чыккан депутаттык комиссия кандай чечим кабыл алса да, ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмак. Эгер жалпы депутаттар макул болбосо, камактагылар бошотулуп, аларга ачылган иш өндүрүштөн алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин убактылуу токтотулмак.

Анан депутаттык комиссия Башкы прокуроратуранын камактагы Жогорку Кеңеш депутаттарын кол тийбестиктен ажыратуу сунушуна макулдук бербеген чечимге келип, 8-декабрда ал чечим Жогорку Кеңеште каралып, депутаттар депутаттык комиссиянын чечимин колдоп, анын негизинде Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров камактан чыгарылган болчу. 

Ал эми Бактыбек Жетигенов боюнча корутунду даяр эместиги айтылган. Депкомиссия комиссия жыйынына Бакыт Жетигеновдун жактоочулары, тийиштүү мекеме өкүлдөрү келбей калып, кийин кайра чогулуп кароо чечимине келишкен… 

ДЕПКОМИССИЯ: «Телефон сүйлөшүүнүн текстинде бир дагы жолу «бийликти басып алабыз» деген сөз болгон эмес»

Негизи Жогорку Кеңеште Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровдун ишине Жетигеновду кошуп  кароо талабы айтылган. Бирок бул маселе каралган күнү депкомиссия төрагасы Канат Исаев Жетигенов боюнча корутунду түштөн кийин даяр болорун айткан. Бирок түштөн кийин Башкы прокуратуранын өкүлдөрү келбей коюп, корутунду дагы чыкпай калган. Кийинки күнү депутаттык комиссиянын башчысы алмашыпКанат Исаевдин ордуна Айсулуу Мамашова шайланган. Курамы жаңырган комиссия Бакыт Жетигеновду камакка алууга негиз болгон, далил делген аудио тасманын УКМК өкүлү окуп берген текстин кайрадан угуп«Далил катары тымызын жаздырылып алынган телефон сүйлөшүүнүн текстин окуп беришти. Ал жерде бир дагы жолу «бийликти басып алабыз» деген сөз болгон эмес. Ал аудио жазуу азырынча текшерүүдөн өтө элек. Биз текшерүүдөн өтө элек болсо деле окуп бериңиздер деп сурандык. Текстте «бийликти басып алыш керек, андай-мындай кылыш керек» дегендей терс маанайдагы сөздөрдү уккан жокпуз… Текстти окугандан кийин баарыбыз таң калдык. Бир дагы сөз болбосо деле ушундай олуттуу айыпка шектелип жатканына таң калдык» деп бир добуштан Бактыбек Жетигеновду «жоопко тартууга уруксат бербөө» чечимин кабыл алышкан.

Жетигеновдун тарапташтары абактан чыгарууну талап кылып келишет! Президент угаар бекен?

Бакыт Жетигенов камакка алынгандан бери тарапташтары пикетке чыгып, абактан чыгарууну талап кылып келишет.

20-декабрда Чүй облусунун Кемин районундагы Чым-Коргон-Самансур айыл аймагынын Аксакалдары абактан бошотуу боюнча президентке кайрылышкан. Кечээ, 21-декабрда айылдаштары, тарапташтары Чүй облусундагы Сайлык айылына чогулуп, эл өкүлү катары милдетин так аткарган, эл үчүн ак кызмат кылган депутаттын ак жеринен айыпталып камакта отурганына кабатыр болуп, эл уулун боштондукка чыгарууну суранып президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Угаар бекен?..

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.