Сартпай КУРМАНАЛИЕВ: «Урматтуу президент, Бакыт Жетигенов мамлекеттик төңкөрүш жасай турган жигит эмес!»

Сартпай КУРМАНАЛИЕВ: «Урматтуу президент, Бакыт Жетигенов мамлекеттик төңкөрүш жасай турган жигит эмес!»

Кемин районунун ардактуу аксакалдары Сартпай Курманалиев, Таалай Абасов, Абай Мамырбаев, Жолдош Суранчиев, Жекшен Ишеналиев өлкө президенти Садыр Жапаровдон Жогорку Кеңеш депутаты Бакыт Жетигеновду абактан бошотууну суранган кайрылуу каты бүгүн, 20-декабрда, редакциябызга келип түштү. Аксакалдардын үнүн жеткирип коюуну туура көрдүк… 

Аксакалдардын кайрылуусу

Жогоруда аты аталган Аксакалдардын атынан Чүй облусунун Кемин районундагы Чым-Коргон-Самансур айыл аймагынын Аксакалдар кеңешинин, Аксакалдар сотунун төрагасы Сартпай Курманалиев президент Садыр Жапаровго, ЖК спикери Талант Мамытовго жана Жогорку Кеңештин жалпы депутаттарына мындай кайрылуу жасаган:

— Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Талант Турдумаматович жана ЖК депутаттары!

Биз, аксакалдар, кеңешип, Сиздерге кайрылууну чечтик. Алгач курулай жалаа менен убактылуу камакта отурган эки жолку чакырылыштагы ЖК депутаты Бакыт Жетигеновтууралуу учкай айта кетейин.

Бакыт улууга урмат, кичүүгө ызаат кылган, жеңилди жерден, оорду колдон ала койгон жигит. Ал колунда жокторго көмөк көрсөткөн, спортсмендерге демөөрчүлүк кылган адам. Андыктан АЛ МАМЛЕКЕТТИК ТӨҢКӨРΥШ ЖАСАЙ ТУРГАН БАЛА ЭМЕС.

Сиздердин сураныч, тергөөнү адилет, калыстык менен карап, баш коргоо чарасын өзгөртүп, абактан бошотуп берсеңиздер деген өтүнүч кайрылып отурабыз. «Шектүү» делгендердин баары боштондукка четинен чыгып жатат. Бакытка да абактан чыгарып берүүңүздөрдү өтүнөбүз!

Урматыбыз менен, Сартпай Курманалиев, Таалай Абасов, Абай Мамырбаев, Жолдош Суранчиев, Жекшен Ишеналиев.

Артка кайрылсак…

Эске сала кетсек, 26-ноябрда «Бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен Бакыт Жетигенов жана 15 адам кармалганын атайын кызмат — УКМК билдирген болчу. Көп узабай Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери («Бийликти күч менен басып алууга даярдануу») боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, Башкы прокуратура тарабынан мекемелер аралык тергөө тобу түзүлгөн.

27-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда депутаттын баш коргоо чарасы каралып, 26-январга чейин камакта калтырган чечим чыккан.

 Башкы прокуратура “Жазык-процессуалдык кодексинин” талаптарына ылайык, үч депутатты (Б.Жетигенов, А.Жээнбеков. Т.Зулпукаров) жоопко тартууга макулдук алуу үчүн 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамалары менен кат жөнөткөн. 1-декабрда убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. 

Белгилей кетсек, прокуратуранын жогорку депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу сунуштамаларын карап чыккан депутаттык комиссия кандай чечим кабыл алса да, ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмак. Эгер жалпы депутаттар макул болбосо, камактагылар бошотулуп, аларга ачылган иш өндүрүштөн алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин убактылуу токтотулмак.

Анан депутаттык комиссия Башкы прокуроратуранын камактагы Жогорку Кеңеш депутаттарын кол тийбестиктен ажыратуу сунушуна макулдук бербеген чечимге келип, 8-декабрда ал чечим Жогорку Кеңеште каралып, депутаттар депутаттык комиссиянын чечимин колдоп, анын негизинде Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров камактан чыгарылган болчу. 

Ал эми Бактыбек Жетигенов боюнча корутунду даяр эместиги айтылган. Депкомиссия комиссия жыйынына Бакыт Жетигеновдун жактоочулары, тийиштүү мекеме өкүлдөрү келбей калып, кийин кайра чогулуп кароо чечимине келишкен… 

Депутаттык комиссия: «Телефон сүйлөшүүнүн текстинде бир дагы жолу «бийликти басып алабыз» деген сөз болгон эмес»

Негизи Жогорку Кеңеште Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровдун ишине Жетигеновду кошуп  кароо талабы айтылган. Бирок бул маселе каралган күнү депкомиссия төрагасы Канат Исаев Жетигенов боюнча корутунду түштөн кийин даяр болорун айткан. Бирок түштөн кийин Башкы прокуратуранын өкүлдөрү келбей коюп, корутунду дагы чыкпай калган. Кийинки күнү депутаттык комиссиянын башчысы алмашып, Канат Исаевдин ордуна Айсулуу Мамашова шайланган. Курамы жаңырган комиссия Бакыт Жетигеновду камакка алууга негиз болгон, далил делген аудио тасманын УКМК өкүлү окуп берген текстин кайрадан угуп: «Далил катары тымызын жаздырылып алынган телефон сүйлөшүүнүн текстин окуп беришти. Ал жерде бир дагы жолу «бийликти басып алабыз» деген сөз болгон эмес. Ал аудио жазуу азырынча текшерүүдөн өтө элек. Биз текшерүүдөн өтө элек болсо деле окуп бериңиздер деп сурандык. Текстте «бийликти басып алыш керек, андай-мындай кылыш керек» дегендей терс маанайдагы сөздөрдү уккан жокпуз… Текстти окугандан кийин баарыбыз таң калдык. Бир дагы сөз болбосо деле ушундай олуттуу айыпка шектелип жатканына таң калдык» деп бир добуштан Бактыбек Жетигеновду «жоопко тартууга уруксат бербөө» чечимин кабыл алышкан.

Ал чечим 15-декабрда парламент жыйынында каралмак, бирок кворум болбой калгандыктан, 22-декабрга жылган болчу…

Эми эки күн калды депутаттардын чечимине…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

One thought on “Сартпай КУРМАНАЛИЕВ: «Урматтуу президент, Бакыт Жетигенов мамлекеттик төңкөрүш жасай турган жигит эмес!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.