Улан Ниязбеков шайлоо учурунда одоно укук бузууларга жол берилбегенин айтты. Ишенелиби?..

Улан Ниязбеков шайлоо учурунда одоно укук бузууларга жол берилбегенин айтты. Ишенелиби?..
Бүгүн, 20-декабрда, ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо боюнча ар тараптуу ыкчам чараларды күчөтүү маселелери жана шайлоо учурунда коопсуздук иш-чараларынын жыйынтыктары боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Ага министр орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жана башкармалыктардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Айтымында, Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, шайлоо учурунда коомдук коопсуздук күчөтүлгөн тартипте камсыздалып, одоно укук бузууларга, резонанс жараткан кылмыштарга жол берилбегенин билдирген.
Бирок, коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары ушуну менен эле токтоп калбайт. Алдыда дагы аткара турган иштерибиз көп. Жер-жерлерде ар бир жетекчи жергиликтүү бийлик органдары, айыл өкмөттөрү, айыл башчылары, эл арасындагы кадыр-барктуу адамдар, активдүү жарандар менен элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча тыгыз байланышта иш алып барууну күчөтүү зарыл. Ар түрдүү туура эмес маалыматтарды таратып, жөнөкөй жашоочулардын тынчын алган чагымчыл аракеттерге жеринде бөгөт коюп, алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Калктын жашоо турмушун жеңилдетүү боюнча урматтуу Президентибиздин Жарлыктарын ишке ашырууну баарыбыз аткарууга милдеттүүбүз. Атап айтканда, эл менен жолугушууларды улантып, элдин суроо талаптарын жеринде чечип, ар тараптуу бардык жардамдарыбызды берип, коомдук тартипти сактоодо жапа тырмак иш-чараларды колго алабыз. Биринчи жетекчилер жеке өзүңүздөр график түзүп, жер-жердеги райондорду, шаарларды, айылдарды кыдырып, эл менен жолугуп, маселелерди жеринде чечүүгө иш-аракеттерди көрүңүздөр.
Азыркы учурда, ички иштер министрлигинин түзүмүндө өзгөрүүлөр орун алды. Унаа мекемеси, жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөө ишмердиги, айдоочуларды даярдоо, окутуп-үйрөтүүгө карата лицензия берүү багыттары ИИМдин карамагына өткөндүгүн билесиздер. Бүгүнкү күндө өткөрүп алуу боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат. Биздин эң башкы милдетибиз – жол кырсыктарын азайтып, адам өлүмү менен коштолгон фактыларды алдын алуу болуп эсептелет.
Аны менен бирге, милициянын аймактык инспекторлорунун, туристтик экологиялык милициянын жаңы образдагы ишмердиктерин ишке киргизип, милдеттерин кеңейтүү үчүн ченемдик-укуктук актылар даярдалды. Бул кызматтарды заманбап каражаттар менен камсыздап, туруктуу иш алып барууга шарттарды түздүк. Жаңы кызматтар негизги үч милдетти аткарат. Биринчи — адам өмүрүн ар түрдүү коркунучтардан коргоо, экинчи — элдин тынчтыгын күнү-түнү сактоо, үчүнчү — коомдун туруктуу жашоосун камсыздоо үчүн элге сервистик тейлөө көрсөтүү болуп эсептелет”, — деди министр.
Ошондой эле, министр жетекчилердин жана өздүк курамдын алдына 7 тапшырманы койду.
1. Милициянын көчмө кабылдамалары тарабынан укук бузууларга жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларын андан ары улантсын;
2. Коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулган аймактарда кайгуул иштери күнү-түнү жүргүзүлүп, жеринде сервистик тейлөө иштери күчөтүлсүн;
3. Чек-арада жана ага жакын аймактарда ар түрдүү окуяларды болтурбоо үчүн алдын алуу иштери жүргүзүлсүн. Коомчулукка туура эмес маалымат таратып, элдин ой-пикирин бузган чагымчылдык аракеттерге бөгөт коюлсун;
4. Бети ачылбай жаткан кылмыштардын бетин ачып, ушул жылды ийгиликтүү жабуу боюнча иш-аракеттер күчөтүлсүн. Элдин турмуш-тиричилик абалына терс таасирин тийгизген уурулук, мал уурулук, тоноочулук сыяктуу кылмыштардын бети ачылсын;
5. Биринчи декабрдан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстерди кызматкерлерге окутуп-үйрөтүүлөр жүргүзүлсүн. Кодекстердин талаптарын аткарбай же билбестиктен туура эмес аткарып, жыйынтыгында элден арыз-даттануулар келип түшө турган болсо, ошол жердеги биринчи жетекчилер тартиптик жазага кириптер боло тургандыгын эскертем;
6. Өлкөнүн бүтүндүгү жана элдин тынчтыгы үчүн күнү-түнү иш алып барууга ички иштер органдарынын ар бир кызматкери милдеттүү экендиги баса белгиленсин;
7. Ички иштер министрлиги тарабынан буга чейин берилген тапшырмаларды, коллегиянын чечимдерин аягына чейин аткаруу колго алынсын.
Мындан тышкары, министр Улан Ниязбеков жыл жыйынтыгы менен ар бир жетекчинин жеке ишмердиги каралып, тиешелүү баа бериле тургандыгын билдирген.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.