Акаев акталдым десе, УКМК иши тергелип жатат дейт. Ошондо кимиси калп айтты?..

Акаев акталдым десе, УКМК иши тергелип жатат дейт. Ошондо кимиси калп айтты?..

Кыргызстанга экинчи жолу бир жумага келип, кечээ кайтып кеткен экс-президент Аскар Акаев барары менен орусиялык «Московский комсомолец» басылмасына интервью берип, ага карата 16 жылга созулган куугунтук токтогонун, эми ага Кыргызстанда эч кандай доомат жоктугун, бардык иштер жабылганын, эми бардык кыргыз жарандарындай эле Кыргызстанга каалаган убакта ээн-эркин кирип-чыга ала турганын айтып бериптир. Мурунку келишинде «тергөө жүрүп жаткандыктан, көп нерсени айталбайм» деген Аскар Акаевич бул сапарда деле ачылып, чачылып ачыктап эч нерсе деле айтпаптыр…

«2021-жылда эки жолу мекенимде болдум. Жайында бир жумага, декабрда бир жумага учуп барып келдим. Ал жактан таңдан кечке укук коргоо органдары менен тыгыз иштештим. Мекенимде мага карата эч кандай дооматтар калган жок, бардык иштер жабылды десем болот. Эми, Кыргызстандын бардык жарандарындай эле, мен дагы каалаган учурда ал жакка барып келалам” деп маегин баштаган Аскар Акаевич «Кумтөр иши» боюнча сурак берүүгө президент Садыр Жапаровдун телефон чалуусунан кийин макул болгонун, Орусия президенти Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун  макулдашуусунан кийин гана Кыргызстанга келгенин билдирген.

«Ооба, албетте, “Кумтөр” боюнча мен күбө катары да, айыпталуучу катары да өттүм… Бишкектен мага берилген көпчүлүк суроолор так ушул ишке байланыштуу болду. Анткени, бул ишкана тууралуу баарынан көптү мен билем, 1990-жылдардын башында инвесторду так мен тапкам. Башында алар жакшы иштеп жатышкан болчу. 1990-жылдары бийик тоо жана тоң жер шартында ыкчам убакытта, үч жылда, Борбор Азиядагы эң чоң алтын кени ишканасы курулду. Биринчи алтын 1997-жылы алынды. Бирок 2000-жылдардын башында кыянаттык иштерди башташып, экологияга ченемсиз зыян келтиришти, айрым чиновниктерибизди коррупцияга аралаштырышты. Ишке зыяны болбосун үчүн, башка эч нерсе айталбайм. Бирок мага байланыштуу бардык суроолор алынды, эл аралык сотто жардамы болсун деп, тергөөчүлөргө керек бардык маалыматтарды бергенге аракет кылдым«, — дептир Аскар АкаевАнан бул киши Кыргызстандын «Кумтөр» боюнча эл аралык соттон утуп чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогору деп баалаган.

Жапаров менен Ташиевге ыраазы, экс-президенттерге нааразы…

Акаев 2005-жылдагы март ыңкылабын «мамлекеттик төңкөрүш» деп эсептерин, андан кийинки убактарда катары менен бийликке келген Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков да анын ишин калыс караганга кызыкдар болушпаганын, аларга нааразылыгын, азыркы бийликке ыраазычылыгын билдириптир. Тагырагы, ага козголгон, көбън өзү ойдон чыгарылган деп эсептеген кылмыш иштеринде, ага катаал эмес, акыйкат мамиле кылганы үчүн президент Садыр Жапаровго жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге өзгөчө ыраазычылыгын айтыптыр. Анан бул кишиде азырынча Кыргызстанга кайтып келүү планы жок экен, бирок мекенине ээн-эркин кирип чыга аларын кубанычтуу кабарлаптыр.

Келди, кайра Москвадагы үй-бүлөсүнө учуп кетти…

Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган биринчи ажобуз саналган Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан эл Ак үйдү алгандан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ошондон бери Орусияда баш калкалап келаткан болчу.

Арадан өткөн 16 жылдан кийин Кыргызстанга биринчи жолу — быйыл 2-августта сурак бергени келген. Ал өзү тергөө менен кызматташуу алкагындагы кепилдик менен келгенин жарыя кылган эле. Сурак берди да, бир жумадан кийин Орусияга учуп кетти…

Жакында эле, 14-декабрда, «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде жүрүп жаткан тергөө иштеринде улантып көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке келип, 20-декабрда кайра Москвага учуп кетти.

Бийлик башкача айтты эле….

Атайын кызмат кенге байланыштуу бардык келишимдерден коррупциялык фактылар аныкталганын жана мурдагы аткаминерлер басымдуусуна иш козголгонун кабарлаган эле…

Азыркы өлкө бийлиги «Кумтөр» алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд Компани” президенттерди «сатып алганын» далилдегенге аракет кылышаарын, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге кылмыш иштери козголгонун маалымдашкан. Аскар Акаевге 1992-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган болчу.

Бирок Аскар Акаевич Россияга жетип, «акталдым» деп жогорудагы маекти бергенче эле: «Аскар Акаев Кыргызстандан кечээ саат 10:00дө чыгып кетти. Анын иши, сурак иштери толугу менен бүттү. Аскар Акаев үчүн Кыргызстанга жол ачык. Эми ал каалаган күнү учуп келе алат. Аскар Акаевге кылмыш иши козголгон эмес, болгону териштирүү жүргөн. Сурак негизинен 2003-жылдагы келишим боюнча жүргөн. Тергөө жүрүшүндө «Центтерра» сатып алган үч башка кендин активи 5% жогору бааланып калганы белгилүү болуп, Аскар Акаев ошону жакшылап карап койбогону үчүн элден кечирим сурады. Тергөө маалында Акаев Кумтөрдөн бир цент да албаганы, «Центерранын» бир дагы үлүшүнө ээ эместиги аныкталган. Аны күнөөлөгөнгө эч нерсе жок. Ага коюлган бардык айыптар алынып салынды» деп Аскар Акаевичти жактагандан тайбаган коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков айтып чыккан эле…

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети болсо, «Кумтөр иши» боюнча Аскар Акаевге байланыштуу тергөө иши уланып жатканын жана бул боюнча жаңы айыптар тагылганын бүгүн маалымдады…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.