ВИДЕО — Башкы прокуратура Жогорку сотко жана жергиликтүү сотторго 400 нускада кодекстерди тапшырды

ВИДЕО — Башкы прокуратура Жогорку сотко жана жергиликтүү сотторго 400 нускада кодекстерди тапшырды
Башкы прокуратура Жогорку соттун Жазык иштери жана жоруктар  иштер боюнча соттук коллегиянын судьяларына жаңыдан күчүнө кирген кодекстерди тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун Басма сөз кызматы бүгүн, 21-декабрда билдирди.
Башкы прокурордун орун басары Кумарбек Токтакунов Жогорку сотко келип, Жогорку сотунун Жазык иштери жана жоруктар  иштер боюнча соттук коллегиясына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстердин нускаларын тапшырды.

Белгилүү болгондой  үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан баштап, Жаңы Баш мыйзамга ылайык, сот  өндүрүшүнө  байланыштуу бир катар мыйзамдар менен бирге эле жаңы кодекстер колдонууга кирди.

Башкы прокуратура Жогорку сотко жана жергиликтүү сотторго 400 нускада кодекстерди тапшырды.

Жогорку Соттун Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.