Эсен болуп, эстей жүр!
Залкар кинорежиссер, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл артисти Дооронбек САДЫРБАЕВ агабыздын көзү тирүү болгондо 83 жашка чыкмак экен. Элибиздин бактысына бир жаралып келип кеткен асыл адамдан 2008-жылдын 28-майында ажыраганбыз: узакка созулган оорунун айынан 69 жашында көз жумуп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. Андан бери 14 жыл өтүптүр…
Көзү өткөнчө Жогорку Кеңештин депутаты (1995-2008-ж.ж.) болуп, парламентте, дегеле саясатта тайсалдабай калыс, курч, мурч сөзүн айтып, чындык деп чыркырап өттү…
АРХИВден…
Сонунбүбү КӨЛБАЕВА: «Дооронбек элине таарынып кетти»
— Эже, Дооронбек агай өзүнүн кетээрин сезген дешет. Сиз дайыма жанында болгон жакын адамы катары бул жөнүндө эмнелерди айтат элеңиз?
— Эки жыл мурда, 2006-жылы 4-октябрда тамакка ууланган. Ошол күнү жумуштан абдан чарчаңкы абалда келди. Аңгыча жездем өтүп кеткендиги тууралуу кабар келип, мен шашылыш кетип жатып «Эртең жакшы болуп каласың, топурак салганга бар» десем, макул болуп калган. Эртеси өлгөндө балам Зарылбек өзү эле жүрөт. Жөн келбей койбойт эле деп, дароо үйгө жөнөдүк. Келсек Доорош дем ала албай калыптыр. Ооруканага алып барсак, «өпкөсүнө суук тийиптир. Каны да 3 миллион эритроцитке түшүп кетиптир» деп кан куюшту. Убагында эч ким билген жок, бирок, Эрнст Акрамов «ууланыптыр» деп айткандан кийин ашказанын текшертсек, 3-4 тешик пайда болуп калыптыр. Жакшылап сурасам, «Таластан балдар келип, алар менен ашканага кирип тамак ичкем»,- деди.
Болбосо көчөнүн тамагын эч качан иччү эмес. Ошентип, ооруканада бир ай дарыланды, чыкканда эле 20 жылга карып чыкты. Эч нерсеге алы жок. Ар кайсы жерине сыздоок чыга берди. Бул организмдин алсыздыгынан кабар берет да. Өзү да сезгендей: «Байбиче, өлбөстү Кудай жаратпайт, сынбасты уста жаратпайт, мен жакында кетет окшойм, сен неберебиз Шерболот үйлөнгөнчө туруп тур, экөөбүз Кудай менен контракт түзүп алалы»,- деп калчу. «Ар кайсыны айтпай, андан көрө кайра ооруканага жат» десем, «Шерболоттун балдар бакчасындагы кечесине катышып анан жатам» деп болбой койбодубу. Тамашалап: «Кемпир, мен өлгөндө менин жетилигимди өткөрүп эле жаныма келип кал» дегенинде, «Кой кыркылыгыңды өткөрүп барайын» десем, «А мейлиң» деп, «А ашыңды менчелик ким өткөрөт» десем, «Сен жөн койсо улам эле нары жылдырып жатасың да» деп каткырып калат эле. Өлүм экөөбүздү бөлүп, минтип асманым кулап жалгыз калаарымды кайдан билдим (ыйлап). Мен аны катуу сүйчү элем да. Көрсө, олуям баарын билип, сезип турчу турбайбы.
«Мага десе көлүн чөмүчтөп сатышсын»
— Балким саясатка аралашпай, чыгармачылык жол менен жүрө бергенде мындай болбойт беле..?
— Азыр мен акыл калчап ойлонуп көрсөм, ал чарчаптыр. Чарчады да, андан ары жашай албай калды. Анан элине катуу таарынды. Өзгөчө Ысык-Көлдөгү жөө жүрүштөн абдан таарынып келди. «Аңкылдаган аялдар астыбыздан чыгып, «Сатсак өзүбүздүн жерди сатып жатабыз, силер өз жериңерге баргыла!»,- деп кубалашты. «Болот Шерниязовго Таласка, Өмүрбек Текебаевге Базар-Коргонго, Азимбек Бекназаровго Аксыга баргыла! Булар мага десе көлүн чөмүчтөп сатышсын дедим. Ушундай да 100 грамм аракка жерин саткан эл болобу? Ушунун баарына короткон кайран менин энергиям. Сенин тилиңди алып эле Түркияда калып калсам, канча деген чыгарма жаратмак экенмин»,- деп катуу кейиди.
1989-жылы Түркияда иштеди. 1990-жылы Кыргызстанга учурашканы келди. Ата-энесине куран окуталы деп туулган айылына баратсак, жолдогу кырка кыйылган карагайларды көрүп «Бияк эмне болуп калган?» деп менден сурап жатпайбы. Балам экөөбүз бул жерде калган элек. «Азыр колхоз-совхоз тарап, чоңдор алынын жетишинче баарын талап-тоноп жатышат. Баягы клуб деген жок»,- деп айтып кирсем эле: «Кой, менин тиги жакта жүргөнүм арзыбайт. Мен келишим керек»,-деди. Мен «Жаңы эле кетип, келем дегениң кандай? Кыйналабыз!»,- десем, «Жылдардын бир жылдарында бир азамат чыгып, убагында кыргыздын уулдары Садырбаев менен Океев Түркияда, Айтматов Бельгияда жанын багып, кыргызга эч нерсе кылышкан эмес!» десе эмне болот? Элим кандай күн көрсө, мен да ошо күндү көрөм, элиме колумдан келишинче, алымдын жетишинче жардам берем»,- деп көгөрүп келип алган.
Кийинки учурларда КТРдин журналисттерине да таарынып, интервью бербей жүрдү. Бир күнү Тамара Жаманбаева өзү чалып, «Телевидениенин 50 жылдыгына карата интервью алалы»,- десе, ага да: «Бербейм, мен силерден чарчадым»,- деп болбой койду. Ушунчалык катуу таарыныптыр, болбосо Тамара экөө карьерасын бир мезгилде чогуу баштаган, жакшы санаалаш, замандаш эле да. Каза болгондо Тамара келип: «Күйөөңдүн кежирдиги ай, ошондо макул болгондо эстелик болуп калбайт беле»,- деп ыйлады.
«Мен «Ала-Арчага» коюлсам, кийин сага ал жактан жер бербейт»
— Сизге абдан кыйын болоорун билип турсам да, Дооронбек агайдын өмүр менен кош айтышкан акыркы күнүн сурагым келип турат…
— Бир тууган эжемдин көзү өтүп кетти. «Мен эшикте көпкө туралбайм, сен өзүң эле барып келчи» десе тултуйган боюнча кеткем. Үйгө келсем отуруптур. Чарчап келип, бир аз кыйшая турайын деп уктап кетиптирмин. «Кемпир, мен өлөт окшойм» дегенин угуп, жүрөгүм шуу дей түштү. Турсам, столдун үстү кыпкызыл. Биринчи боек төгүп алган го дедим. Колу кыбырап жөн турчу эмес, отуруп алып үтүктү, узарткычтарды оңдоп, дагы майда-чүйдө бир нерселерди жасай берчү. «Мен азыр минтип оңдоп койбосом, Зарылбек сени 10 жолу айттырып анан жасайт»,- десе, «Антип айтпа! Эмнеге Зарылбек жасайт экен, өзүң эле жасайсың?!»,-деп урушчу элем. Столду жакын келип карасам, кан. Таштекти тоссом, 2-3 литрдей кан кусуп жиберди. «Мен ушундай болуп турсам, сен эжеме барбайт деп таарындың ээ»,- деди. «Койчу, ага таарынган жокмун, экөөбүз анын жашына жетеличи»,- деп эле айламды таппай калдым. Өзүнүн, менин кийимим бүт кан болду. Кошуналар келишип, жөлөп-таяп, тез жардамды чакырсак, күткүлө дешти. Аңгыча балам Зарылбек келип, анын машинасына салдык дагы Чүй облустук ооруканасына жөнөдүк. Өзү Акрамовго алып баргыла деди. Жолду катар: «Байбиче, мен сага абдан ыраазымын, 47 жыл бирге жашадык. Мас болуп сени урган жокмун. Башка аялдар менен жүрүп, сенин ичиңди күйгүзгөн жокмун. Бирок, аябай бай кылган жокмун. Сен мага ыраазысыңбы?»,- деп сурады, «Менин байлыгым сенсиң, оорусаң эле ушинте бергениң жаман»,- десем, «Ыраазымын деп айтчы, өз кулагым менен угайын»,- деди. «Ыраазымын, мен эркелеп жашадым» деген сөзүмдү угуп, баласына сүйлөгөнгө өттү. «Балам, апаңды капа кылба. Менин эч кимге карызым жок. Мен өлгөндөн кийин атамдын кимге карызы бар эле деп элден коркпой эле сура» ,-деген насааттарын айтып жатты. Анан: «Байбиче, экөөбүзгө Байтиктен эле жер ал. Эгерде мен «Ала-Арчага» коюлсам, кийин сага ал жактан жер бербейт. Беребиз дешсе да ишенбе! Алар бүгүн айтканын эртең танып кетишет. Экөөбүз өлсөк да бир жерге жаталы. Анан театрларга алып барба!»,- деп керээзин айтты. Ооруканада Акрамов бар экенин укканда: «Анда ичээр суум бар экен»,- деп кайра үмүттөнүп калды. Кан куюш керек болуп, донорлорду чогултуп келдик. Канын саткандар жалаң жаштар экен. Өзү араң жатат да: «Байкуштар канын сатып оокат кылып жатышкан тура, турмуштун жамандыгынан ушинтип жатышат да»,- деп кейип коет.
Уктабай жүрүп чарчанымды байкап, «Кемпир, эки күн чыда-аа» деп коет. 28-майда Акрамов: «Операция кылабыз, анализдеринин жыйынтыгын алап кел!» ,- деп жиберди. Кайра келгенимде палатада эч ким жок. Издеп жүрсөм, Акрамов астыман чыкты. Тимеле ийиндери түшкөн, башкача болуп турду. Көрсө, мага угуза албай жатыптыр. Өзү да аябай ыйлады деп айтышты. Ошентип, каран күн түштү да калды. Аркасында айла жок эле калдым. (Маек башталгандан тартып эле көзүнөн салаалап аккан жашын тыя албаган Сонунбүбү эже баарын элестетип жаткандай көзүн ачпастан жуумп алып айтып берип жатты. Ыйласа жанында адам отура албайт — авт.).
«Мүрзөсүнө барсак, экинчи жердеги казыкты алып салышыптыр»
— Айткан керээзин аткардыңыздарбы?
— «Театрларга алып барбагыла!» деп айткан десем, Азимбек Бекназаров: «Жеңе, элди да ойлосоңуз. Коштошкону бара турган эл көп. Үйгө эл, көчөгө машина батпай калды. Тил алыңыз!»,- дегенинен макул болдум. «Ала-Арчага» эле көмөбүз дешкенинен, «экөөбүз бир жерге жатышыбыз керек!» десем, «эки орун беребиз»,- дешти. «Ишенбе!» деп айткан деп какшап жатып, акыры Бекназаровдун кепилдигин алып, ага да макул болдум. Көмгөндөн эки жумада өткөндөн кийин мүрзөсүнө барсак, экинчи жердеги казыкты алып салышыптыр. Балам: «Бул жердин чечими жок экен деп алып салышты»,- дейт. Анан эле Бекназаров, Текебаев, Отунбаеваларга чалып, ала албай койдум. «Ишенбе!» деп айтканын укпай койгонумду карачы, эми эмне кылам деп отурсам, премьер-министр Чудиновдун маданият жана туризм боюнча жардамчысы жардам деп акча алып келиптир. Өзү да орус чалыш келин экен, ага айттым: «Доорошту эли жакшы көрчү эле. Баланча чокуга алып барып көмгүлө десе деле жөө көтөрүп барышмак. «Жеңеңер менен тирүү болсом бир үйдө, өлсөм бир көрдө болом» деп туугандарын да көндүргөн. Вам наверно смешно, где им лежат старикам деп ойлоп жатасыңар го. Биз да силердей жаш болгонбуз. Мага алып келген акчаңарды кайра алып, ошого андан көрө эки жерге чечим чыгарып бергиле. Жообун эки күн күтөм. Болбосо прессаны чакыртып, интервью берем»,- дедим. Эки күндөн кийин балам барса жердин документин беришиптир.
«Мени кечир, мен ушундай жаманмын»
— Дооронбек ага сизди катуу сүйчү дешет…
— Экөөбүз тең бири-бирибизди абдан катуу сүйчүбүз. Жети кыздан кийинки жалгыз уул болуп эрке эле. Мен аны жаш баладай карачумун. Ал да мага абдан таза мамиле кылчу. Бир да жолу «Биякта жүрөт, тиякта жүрөт» деген сөз уккан жокмун. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөн кезде: «Ал Дон Жуан, көп кыздар менен жүрөт. Сени алдап таштап кетет»,- деген группалаштарымдын сөзүнөн корксом дагы тобокелге салып, турмушка чыгууга макулдугумду бергем. Чекеме да черткен жок. Арманы жок жашадым. Кыркынан кийин өзүм да өлө турган болуп калдым. Кан басымым 200гө чыгып кетти. Он күн уйкунун дарысы менен жашадым. Ооруканага жаттым. Мени менен ажыга барган бир келин чогуу жатып калды. «Эже, сиз аябай жашык экенсиз. Мүрзөсүнө кайра-кайра бара берген болбойт. Ал киши абдан жакшы адам болгон. Ошентсе да, азыр сурак берип жатат. 90 күн өткөндөн кийин барыңыз»,-деди. Ошондон кийин бара элекмин. 90 күн 28-августта толот экен. Ошол күн эртэрээк келсе экен деп күтүп жатам. Өзү деле жакшы даярдады эле. «Кемпир, мен өлгөндө кечке эле ыйлай бербей, балдарыңа жөлөк бол» деп. Сүрөтү менен сүйлөшүп, «Мени кечир, мен ушундай жаманмын, токтоно албай жатам»,- дейм. Азимбек дагы: «Эже, сиз ыйлаганыңыздан келе албай жатам»,- дейт. «Көп ыйласаң, зыян кыласың!» деп элдин баары урушуп жатат. Мен ушундай кайраты жок адам экенмин. «Мүрзөсүнө барганда топурагынан жалап койсоң, жүрөгүң бир аз сууп калат» дешкенинен, ошентейин деп жатам.
«Мен да жашамак эмесмин, эгер сен пустой болсоң»
— Каяктан таанышып калдыңыздар эле?
— 1959-жылы Мединститутка тапшырдым. Дооронбек да 3-курстун студенти болуп туруп, өз алдынча спектаклдерди коюп, эмгектенип жүргөн кези экен. Биринчи курстун студенттерин «Кружокторго катышпасаңар стипендиядан кесебиз» деген мугалимдин сөзүнөн коркуп драм-кружокко жазылдым. Ал ошол кружокту жетектейт экен. Ошол жерден тааныштык. Ал кезде бир жыл айылдарды кыдырып, чоң театрларга да спектакль коюп жүрдүк. Бир жыл сүйлөшүп жүрүп, 1961-жылы, 29-августта баш коштук.
— Ортоңордо бир эле балабы?
— Алымкан аттуу кызыбыз бар эле. Чарчап калган. Андан кийин зарыгып көргөн балабыз Зарылбегим 30 жашта. Анын эки уул, бир кызы бар.
— Ал кишинин жүргөн жерин дайыма юмор коштоп жүрөөр эле. Сиз дагы бир кызыктуу окуясын айтып бербейсизби?
— Бир курдай Таласка Сүйүнбай Эралиевдин юбилейине барышат. Тойдо Таластын чоңдору: «Сизге да бир жылкы белекке» деп ээр токумун алып келип тапшырышат. Ошол жерден ал: «Мектептин директору ким?» деп сурайт, директору ордунан турса, ошол жылкыны директорго тапшырып, «Мугалимдериңе союп туруп, бөлүп бер»-дейт. Анан Сүйүнбай Эралиев Доорошко: «И-ии жүргөн жериңе чөп чыкпайт да. Эми мен да сени туурашым керек» деп күлүп, бир жылкыны ал ооруканага тапшырыптыр. Керек болсо үйгө да устукан көтөрүп келчү эмес.
— 47 жыл бирге жашап, өзүңүздү татыктуу жубай болуп бере алдым деп ойлойсузбу?
— Влад Листьев деген журналист бар эле го. Ал бир супсулуу кызга үйлөнүп, эки айдан кийин ажырашып кетет. «Эмне болуп бат эле ажырашып кеттиңер?» деп сурашса, «Сначало меня поразило ее красота. А затем я узнал, что у нее в голове пусто. А с пустатой невозможно жить» деп айтты» деп Доорошко айтсам, «Туура, мен да жашамак эмесмин, эгер сен пустой болсоң» деп жатпайбы. Экөөбүз таанышкандан баштап, мен аны акылына акылым тең келсин деп китептерди көп окучумун. Керек болсо музыкалык аспаптар жөнүндө да окуп чыктым.
Бир күнү мен иштеген ооруканага бир журналист кыз келиптир. «Мен эч кимге интервью бербейм» десем, болбойт. Сүйлөшүп бүткөн соң дагы деле кете албай турат. Эмне болду десем: «Эже, сизди Дооронбек агайдын бутун жууйт»,- деп уктук деп сурады. «А сен күйөөңдү бутун жуубайсыңбы?»,- десем, «Это же унижение»,- дейт. «Анда сен күйөөңдү сүйбөйт турбайсыңбы, бул мага унижение эмес, удовольствие»,- деп айттым дагы: «Эми сен түшүнбөй жатсаң, ар жагын айтайын. Биринчиден, ал арак ичпейт. Экинчиден, саунага барбайт, үчүнчүдөн башка аялдарга барбайт. А саясат көп нервиңди алган, көп энергияны талап кылган жумуш. Ошондуктан, стрессин түшүрүш үчүн, экинчиден жөтөлүн кетириш үчүн жууйм. Жылуу сууга бутун салып укалап, экөөбүз сырдашабыз. Бул ал үчүн да, мен үчүн да ырахат. Күйөөсүнүн бутун жуугандан ырахат алган аял — ал бактылуу аял»,- дедим.
Маектешкен Элмира МАДИЕВА