9-май — экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган күн. 30дай өлкөнү согуш отуна салган бул алаамат 1941-жылдын 22-июнунда башталган: фашисттик Германия Москва сааты менен таңкы 4тө абадан-кургактан сокку уруп СССРге кол салган. «Барбаросса» планы менен чагылгандай тездикте СССРди багындырып, кышка чейин согушту жыйынтыктамакчы болгон душман максаты орундалбай, ал согуш узак 1418 күн-түнгө созулуп, 1945-жылдын 9-майына караган түнкү 00:43тө фашисттик Германиянын кыңк этпестен баш ийген актыга кол коюусу менен аяктаган… Улуу Жеңиш күнү — ушул күндү жакындатыш үчүн 27 млн. совет эли курман болгон. Ушул Улуу Жеңиш күнү үчүн биздин жергебизден кан майданга 360 миң жоокерибиз аттанып, 114 миңден ашыгы кайтпай калып, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон. 360 миң өмүр — Улуу Жеңишке айланып кеткен өмүрлөр… Жашоо, өмүр, мекен баасын билиш үчүн алар тууралуу баяныбыздын аягы үзүлбөшү керек… А бүгүн биз өрүкзарлуу Баткендин кулуну, бул дубандан чыккан жападан-жалгыз Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков тууралуу айтып беребиз… Баатыр аталар баяныбызды дагы да улантабыз…
Баткендик Баатыр баяны…
Самат Садыковдун өмүр башаты кадимки совет адамдарынын өмүр баянындай эле жупуну башталат: өрүкзарлуу Баткендин Лейлек районундагы Кара-Сай айылында карапайым үй-бүлөдө 1920-жылы төрөлгөн, 7 жылдык мектепти бүтүрүп, «Ударник» колхозунда араба айдап, колхоз иштерине эрте аралашкан. Согуш башталганда 21 жаштагы боз улан жигит болгон. Айрым бир маалыматтар боюнча, ал үйдүн улуусу, андан кийин эки карындашы, бир иниси болгон. Апасы үйдө жаш балдары менен алек болуп, атасы Сүлүктүдө шахтада иштеп турган. Садык аскерге комсомол катары кетип, согуш маалында аскерден партия катарына кабыл алынат.
Айтмакчы, Самат Садыков согушка Ош облусунун Лейлек району Кара-Сай айылынан деп аттанган. Дал ушул Ош облусу, Омский деп жаңылыш окулганбы же жазылганбы, орусча Ошский деп жазылганы төмөндө айтылчу 16 жылдык кечиккен кабарга себеп болгон…
Самат Садыков Советтик Армия катарына 1940-жылы кγзγндө 6-октябрда чакырылат. Ал жылдарда аскердик кызмат өтөө мөөнөтү 3 жыл болгон. Солдат Самат Брянск шаарына жакын жердеги 4-кавалерия дивизиясынын 16-полкуна келип, орус тилин жакшы билип, аскердик окууну тез өздөштүрүп, шайыр, жайдары мүнөзү менен солдаттарга да, командирлерине да бат эле жагат. Зээндүүлүгүн, тапкычтыгын байкаган командирлер аны пулеметчулор бөлүмүнө алышат. Согуш башталгандан Саматтын дивизиясы биринчи Беларусь фронтунун курамында Брянсктан Брестке чейинки кармаштардын баарына катышат. Самат Садыковдун ушул салгылаштарда чебер пулеметчу катары тайманбастыгын, эр жγрөктγγлγгγн, өжөрлγгγн, тапкычтыгын көрсөтөт. Брянсктын Дятьково айылындагы кармашта эле биринчи күжүрмөн сыйлыгын – «Эрдик γчγн» медалын алат. Кийинки «Эрдиги γчγн» медалын 1943-жылы октябрда алат. Ал эрдигинин баяны мындай: А.Шаповаловдун эскадрону (атчан-пулеметчулар бөлүгү) Днепр жээгиндеги кармаштардан чыгып, Каменка кыштагына карай баратып, көздөгөн жерге жете электе аларга немистер кол салышат. Айрыкча душман пулеметчулары ок жаадырып тытып киришет. Душман мизин кандай болбосун кайтаруу керек болуп, Самат Садыков тымызын «Максим» пулемету менен жакынкы дөңсөлөрдγн бирине чыгып, биздин аскерлерге чукулдап калган душманды карай пулеметунан ок жаадырат. Кγтγγсγз тараптан атылган октор немистерди чегинγγгө аргасыз кылат, Самат ошол учурдан пайдаланып фашисттердин пулеметтору жайгашкан жайларга ок жаадырат. Көп узабай полктун башка эскадрону жетип келип, Каменка кыштагына чабуул жасап толугу менен ээлешет…
Айтылуу «Багратион» операциясы… Командир кенже сержант Самат Садыков…
Беларусь аймагын толук, Прибалтика өлкөлөрүнүн жарымын, Польшанын чыгыш райондорун бошоткон Советтик Армиянын айтылуу «Багратион» операциясы — эң зор аскердик операциялардын бири болгон. Маалым болгондой, «Багратион» операциясынан кийин немец баскынчылары Польша аймагынан чегине башташкан. Алардын артынан тγшкөн аскер бөлγктөрγнγн ичинде 4-кавалерия дивизиясы да болгон. 1944-жылы 16-полк стратегиялык мааниси чоң Влодава шаарына кирип барган. Станоктуу пулеметтук аскердик чакан бөлүмчөнү башкарып калган кенже сержант Самат Садыков башында турган топ шаар борборундагы γйлөрдγн бирин ээлеп, алар тарапка келаткан немистерди тынымсыз аткылоого алышкан. Фашисттер чегинγγгө аргасыз болуп, γч замбирегин таштай качышкан. Операция ийгиликтγγ ишке ашты делип, согуш маалындагы кайратмандыгы, айлакерлиги, тапкычтыгы γчγн Самат Садыков Кызыл Туу ордени менен сыйланат. Влодавадан кийин Польша шаарлары биринин артынан бири бошотулуп, чечγγчγ кармаш азыр Быдгош аталган Бромберг шаарында болот. Немистер ушул шаарга бардык аскердик кγчγн топтоп, контрчабуулга өтγγнγ максат кылган болот. Советтик Армияга да биринчи кармаш оңдуу жыйынтык бербей, дивизия жетекчилиги адаттан тыш чечимге келишет: шаардын ар кыл райондоруна тγн жамынып жетип, кармаштар жанданган учурда душманга тылдан кол салуу γчγн пулеметчу-чалгынчылар тобун тγзγшөт. Бул операция мыкты ишке ашырылып, өзгөчө Садыковдун тобу айырмаланат: пулеметчу-чалгынчылардын тылдан жасаган кγтγγсγз соккулары немистердин эсин чыгарып, дивизия соңку катуу чабуул менен душманды Бромберг шаарынан сγрγп чыгарат. Ушул кармаштардагы кайратмандыгы жана эрдиги γчγн Самат Садыков 1945-жылдын 26-мартында эле Советтер Союзуну Баатыры наамына көрсөтγлөт. Бул тууралуу Лейлек районундагы Садыков атындагы мектеп мугалимдерине мурунку эскадрон командири, согуштан кийин Чγйдγн Кант шаарында жашаган Александр Григорьевич Шаповалов айтып берген экен.
Берлинге карай жол. Баатырдын баатырларча курман болушу…
Согуш жылдарында Самат Садыков ондогон кармаштарга катышкан, ар биринде мыктылыгын көрсөткөн. Польшанын Бромберг (Быдгощ) шаары үчүн болгон кармаштарда Садыков пулеметун взводдун флангасындагы темир жолдун кырдалган топурагына эле орното калып, немецтер жашынган үйдү аткылоого алат. Υйдөн качып чыккан немис аскерлерин толук кырып, душмандын атуучу куралдары турган жерлерге ок жаадырып, үч оор, беш жеңил пулеметун, отуздай немис аскерин жок кылат.
Шаар бошотулгандан кийин 1-Беларусь фронтунун аскерлери, анын ичинде 4-кавалерия дивизиясы Одер дарыясын кесип өтүп, Берлинди карай бет алат. Орто жолдо Претцель жана Зеелов немец шаарларына жакын жердеги токойго келип токтошот. Алдыдагы кармаш тактикасын тγзγγ γчγн Александр Шаповаловдун эскадронуна шаардын чет-жакасын чалгындап чыгуу тапшырмасы берилет. Эскадрон шаарга жакындап-жакындай электе, кечээ жайма-жай өткөн жерден оң-солдон пулемет, автомат октору атылып, душман буктурмасына кабылат. Ыкчам чаап өтүү буйругу берилгенде, атчан жоокерлер токойду карап чаап жөнөшкөндө, Саматтын атына ок тийип кулап тγшөт. Алдыда буктурманы бузуп бараткан жолдошторун көрүп, Самат ок чыгаруу ыңгайын издеп, жакын жердеги аты да, жоокери да окко учкан жерден Горюнов пулеметун көрүп, ала коюп, атка жашынып душман жакындаганда ок чыгаруу үчүн бөгγп жатып калат. Капталдан, алды-артынан чыккан фашисттерди карай ок жаадырганда, немистер жерге жабышып жатып калышат. Горюнов пулеметунун үнү тааныган эскадрон аскерлери дароо контрчабуулга өтγп, немистер башаламан чегинγγгө аргасыз кылышат. Пулеметтон ок жаадырып жаткан Самат башынан жаракат алган болот. «Зеелов, Претцель, Гольцова шаарларынын тегерек-четин чалгындап кайттык. Претцель шаарынын чыгышындагы токойдо душман танктары топтолуп жатат, атайын поезддер, унаалар снаряд, мина ташып жатат, биз тарапта аткычтар бөлүктөрү, артиллерия камынып турат» деген билдирүүнү штабга жеткирген чалгынчылар «артка кайтканда буктурмага тушугушканын, үч жоокер набыт болуп, экөө оор, төртөө жеңил жаракат алганын, Самат Садыков болбогондо андан да көп кырылуу болмоктугун» полковник Горобецке билдиришет. Ал дароо Саматты башка госпиталга жибербей, талаа дарыгерине полктун санитардык бөлγгγндө эле дарылоону тапшырат да, Советтер Союзунун Баатыры наамына көрсөткөнгө документтерди тезинен даярдоо буйругун берет. Бул 1945-жылдын март айынын соңку күндөрүнүн бири болгон…
Айтмакчы, кийин айтылып калган аңыз-кептер боюнча, Самат Садыков анын 4-кавалериялык дивизиясы Берлинге жакындап калганын угуп, атчан жоокерлер катарында Берлинди алууга катышууну жана Рейхстагга жетγγнγ согуш башталгандан каалагандыктан, толук дарыланып бγтө электе эле качып барып эскадронго кошулат. Бирок, тилекке каршы, Рейхстагга жетγγ тилеги ишке ашпай калат. 1945-жылы 1-майда, Берлиндин чет-жакасында айыгышкан катуу кармаштар болуп, фашисттер катуу каршылыкты көрсөтγп, Рейхстагды алабыз деген советтик жоокерлер тынымсыз чабуулдарга өтγп, ар бир чарчы жерди катуу кармаш менен алып жγрγп отурушат. Самат Садыков «Максим» пулемету менен Берлинден анча алыс эмес Брандербургдун Фризак шаарындагы көп кармаштын чок ортосунда жγрөт. Ошондой кармаштардын биринде анын пулеметунун кезектеги патрондор лентасы атылып бγтγп, кийинкисин саларда жанына снаряд тγшγп жарылып, бир сыныгы Саматтын дал жγрөгγнө келип тиет…
1945-жылы 1-майда, Улуу Жеңишке 8 күн, туулган күнүнө 7 күн калганда набыт болгон Самат Садыков болгону 24 жашта болчу. Аны бардык урмат-сый менен Бредихов кыштагында жерге беришет. Акыркы каармандыгы γчγн Самат Садыков тγбөлγккө 1-даражадагы Ата мекендик согуш ордени менен сыйланат. Советтер Союзунун Баатыры наамын берγγ Жарлыгы кечеңдеп, Самат Садыков көз жумгандан кийин 1945-жылы 31-майда чыгат…
Самат САДЫКОВ: «Силерди кучактаар кγн алыс эмес…»
Кан кечкен согуш талаасына уулун узаткан ата-энелер үчүн үмүт шооласын жандырган баалуу кабар амандыкты билдирген үч бурчтуу каттар болгон. Андай сагынычтуу каттарды ата-энесине Самат да жазат. Акыркы катын Берлинге жакындап калган тушта алган жаракаттан полктун талаа госпиталында дарыланып жатканда жазат. 1945-жылдын 1-майынан бир канча мурун Саматтын ата-энеси – Садык жана Бүүзада уулунан «… Госпиталда жатам. Жакынкы кγндөрдө Берлинди алууга катышам деген γмγттөмγн. Силерди кучактаар кγн алыс эмес…» деген кат алышат…
Ошол бойдон уулунан кабар үзүлөт… Фашисттик Германия багынып, Улуу Жеңиш күнүн алып келген жоокерлердин амандары жер-жерине кайтып барышат. Бирок Самат Садыков кайтып келбейт… Же тирүүсү, же өлүүсү, же дайынсыз кеткени билинбей бир жыл, эки жыл… дагы бир канча жыл өтөт… 16 жылдан кийин гана Саатовдордун γйγнө аскер адамдары келип, Самат Садыков 1945-жылы 1-майда каза болгонун, ага Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылганын айтып, тастыктаган документтерди жана алтын медалды тапшырышат…
Сабыр САДЫКОВ: «Ош облусунун ордуна Омск облусу деп калган экен…»
Самат Садыковдун кичγγ иниси Сабыр Садыков «а балким амандыр» деген үмүт жетелеген 16 жылдан кийинки суук кабар тууралуу мындай эскерген экен:
— Анда мен мектепте окучумун. 1961-жылы жазында биздин γйгө эки аскер адамы келди. Эмне болгонун баарын айтып беришти. Армия штабында катачылык кеткенин тγшγндγрγштγ. Наамга көрсөтγγдө Ош облусу дегендин ордуна Омск облусу деп көрсөтγлγп калган экен. Анан алар тээ Сибирдин тγпкγрγндөгγ айылдардын арасынан Кара-Сайды издей беришкен. СССРдин Жогорку Советинин Грамотасында мындай жазылган: «СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1945-жылдын 31-майындагы Жарлыгы менен немец баскынчылары менен кγрөшγγдө фронттогу командованиенин кγжγрмөн тапшырмаларын γлгγлγγ аткаргандыгы жана көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы γчγн Садыков Саматка Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылды» деп.
Самат Садыков тууралуу алгач ким жазган?
Балким ага чейин жазгандар болгондур, бирок Абдирашит Урбаевдин орусча макаласын окуганымда, ал Баткенден чыккан баатыр тууралуу баянды Улуу Жеңиштин 30 жылдыгына карата казып, жазып баштаган экен. Абдирашит абанын 1945-жылдагы зарыктырган Жеңиштен кийинки жылы төрөлгөнүн эске алсак, 30 жашында иликтеп баштаган. Баатырдын балалыгы, жаштыгы өткөн Лейлек районундагы Кара-Сай айылына барып, апасына, бир туугандарына, жердештерине жолугуп, Советтик Армиянын Борбордук архивине да жазып, маалыматтарды чымчым-чымчым кылып чогултууга киришкен. Бул киши ким десеңиздер, маркум Абдирашит аганы журналист журтчулугу жана акындар чөйрөсү жакшы билет. Ал киши орус тилинде да, кыргыз тилинде да бирдей мыкты жазган журналист болгон. Обондуу «Жалал-Абад менин шаарым», «Бир келип кетчи Ош жакка» ж.б. ырлардын сөзүн жазган, Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыкты алган акын болгон. Мекен алдындагы өз милдетин аткарып, кайратмандык менен кармашып, баатырларча каза болгон, эрдиктери аңызга айланган Самат Садыков сындуу баатырлардын өмүрлөрү урпактарга сабак болсун, жөлөк, кубат болсун деп аздыр-көптүр жакшы иштерди жасап кеткен кыргыздын мыкты уулдарынын бири болгон…
Токторов тарткан тасма…
Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун эрдигин эске салган даректүү тасма тартылды. Анын бет ачары жакында эле Бишкекте 4-майда болуп өттү. Алим Токторов режиссерлук кылып, Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясы тартып бүтүргён 50 мүнөттүк тасма 7-майда Сүлүктү шаарындагы Маданият үйүндө, 8-майда борборубуздагы тарых музейинде (саат 11:00, 15:00до) жана Раззаков шаарындагы кинотеатрда, 9-майда Баткен шаарындагы Октябрь кинотеатрында көрсөтүлөт…
Айтмакчы, Самат Садыковдун киндик каны тамган кичи мекени Кара-Сай айылы азыр Самат айылы деп аталат. Анын ысмы айылдагы мектепке, көчөгө, сейил багына берилген…
Эч ким, эч нерсе унутулбайт! Бирок адам эси бат эле эскирет, андыктан баатырларыбызды, баалуулуктарыбызды эскерип жана эскертип айтып турушубуз керек!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
One thought on “Жеңишке 8 кγн калганда каза болгон Самат Садыков. 16 жыл уулун күткөн ата-эне…”