Орозбек КУТМАНАЛИЕВ: «Момун чалды бетке катуу чаап, таарынтып алгам. Таарынычын араң жазганбыз…»

Орозбек КУТМАНАЛИЕВ: «Момун чалды бетке катуу чаап, таарынтып алгам. Таарынычын араң жазганбыз…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Мукам, коңур үнү менен угуучунун жүрөгүндө калган, ар бир ролун ийинине чейин жеткире аткарган айтылуу актер Орозбек Кутманалиевдин көзү тирүү болгондо 90-жайды тосуп, чайын ичип отурмак экен. Залкар артисттен 2005-жылы ажыраганбыз. Ал узак оорудан улам 73 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

АРХИВден…

Орозбек КУТМАНАЛИЕВ: «Орозкулдун ролу жагат, себеби…»

Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичирайонунда жашап жаткан Орозбек Кутманалиевдин куттуу үйүнө барып жолугуп, кызыктуу маек курганбыз… Анда 2003-жыл эле..

— Орозбек агай, «өмүр көчү балалыктан башталат» дегендей, маекти алтын балалыктан баштасак…

— Мен Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында 1932-жылдын 10-майында жарык дүйнөгө келгем. 13 бир тууган элек, андан үч эркек калганбыз. Менин балалык доорум согуштун оор жылдарына туш келип, талаада иштеринде иштеп, 4-классты эле бүткөм. Окууну улантууну эңсеп жүрүп, 1948-жылы 8-класска кирдим. 56 бала чогуу окуп, анын ичинен 14 бала, 2 кыз 10-классты бүтүрдүк. Бала кезде комуз чертүүгө аябай кызыкчумун, аны өз алдымча үйрөнүп алгам.  Дастан, термелерди айтып, ырдап да жүрдүм. Ыр-күүгө жакындыгымды байкаган чоң атам төкмө акын Осмонкул Бөлөбалаевге табыштаган. Атактуу актер, ырчы Ашыралы Боталиев айылдарды аралап келгенде, менин үнүмө баа берген. Анда мен 13 жашта элем. Агезде таланттуу балдарды борборго алып кетишчү. Мени да Боталиев андагы Фрунзе шаарындагы филармонияга алып келип, артисттердин сынынан өткөргөн. (Күлүп) Сындан өткөнүм менен шаардын жашоо-шартына көнө албай, айылымды сагынып кетип калгам.

— Кандайча актер болуп калдыңыз эле?

— Илгери кино көрсөтөөрдүн астында 20 мүнөттүк «Жетишкендик, чарбачылык» деген кыска журнал болчу эмес беле. Ошону окуганга эркектин үнү керек болуп мени «Кыргызфильм» киностудиясына чакырышканынан барып калдым. Барсам, короосунда эки бала мушташып жатыптыр. Тегеректеп эл карап турат, аларды ажыраткан эч ким жок. Анан мен чуркап барып экөөнү ажыратып жатпаймынбы… Бир киши келип, «Эмне ажыратасың?» деп аябай урушту… (Күлүп) Көрсө, алар киного тартылып жатыптыр да. Ошондо биринчи жолу кино босогосун аттагам. Ал жерден режиссер Юрий Борецкийге жагып калып, анын «Ак куулар конгон айдың көл» аттуу киносуна тартылгам. Анда мен Сабырбек аттуу жылкычынын ролун аткаргам. Актердук кесибимдин тушоосу ушул кинодон кесилди десем болот. Андан кийин бир топ кинолорго чакырылып, тартылдым. Болот Шамшиевдин «Ак кеме», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Бөрү зындан», «Эрте келген турналар», «Адамдар арасында», Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму», «Алтын күз», Мелис Убукеевдин «Акмөөр», «Сүйүү закымдары», Дооронбек Садырбаевдин «Түркүн тагдырлар», «Махабат дастаны», Кадыржан Кыдыралиевдин «Өрүкзардагы баян», Геннадий Базаровдун «Жаңылуу» аттуу бир топ кинолорго тартылдым. Чоң, кичине фильмдерди кошкондо 30 фильмге тартылдым го дейм.

— 30 фильмдин ичинен өзүңүзгө өзгөчө кайсы ролуңуз жагат?

— «Ак кеме» фильминдеги Орозкулдун ролу жагат.

— Эмнеге?

— (Күлүп) Себеби ал жакшы эле киши. Орозкул бала жытына зар болуп аялын сабайт, «артымда туяк жок» деп алдын ала күмбөз салдырат. Баланын жытына зар болгондуктан ошондой орой болуп калган. Эгер баласы болгондо, анда ал сонун киши болмок. Бул турмуштагы реалдуу образдардын бири. Ошонусу менен мага жагат.

— Бирок, ал ролуңуз көрөрмандарга жакпай, сизди жаман көрүшкөн да. Көчөдөн көргөндө да жаман көрүштү беле?..

— Кинолордун көбүндө мен терс каармандын ролун жаратып, элге жаман көрүнгөнүм чындык. (Күлүп) Жашоодо андай адам эмесмин, өтө боорукер адаммын. Боорукер болгонум үчүн «Ак кеме» киносундагы Момун чалды бетке чаба албай, 3 күн тартылганбыз. Анда мен 41 жашта, Куттубаев Асанкул аксакал 60 жашта эле. Режиссер Болот Шамшиев үчүнчү күн дегенде, аябай ачуу келип, «бир сааттын ичинде бириң чаптырууга, бириң катуу чабууга даяр болгула!» деп экөөбүздү муздак сууга таштап кетти. Күз мезгили эле. Ысык-Көл облусундагы Чоң Жаргылчак айылынын тоосунан тартылганбыз. Муздак сууга бутту салып отуруп, анан аксакалга айттым, «100 грамм ичейин, болбосо чаба албайм» деп. Мейлиң деди. Режиссер келди, мен чаптым. Бирок, Момун чалды таарынтып алдым. Көрсө, өтө эле катуу чаап коюпмун да. «Айбан экенсиң!» деп басып кетет го, чындап эле катуу таарынып басып кеткен. (Күлүп) Ал күн аксакалдын туулган күнү да экен. Кой союп, туулган күнүн куттуктап, таарынычын араң жазганбыз.

Орозкулдун ролу оор эпизоддордун бири. Анда ат менен тоодон сүйрөлүп түшүрүлгөн карагай арыктагы сууга тыгылып калып, аны Момун чал өтүгүн аяп, муздак сууга жылаңайлак кирип, жыгач менен чыгарып жатпайбы… (Күлүп) А Орозкул болсо лөкүйүп аттын үстүндө отуруп алып, абышкага айкырып жатпайбы… Так ушул кадр тасманы көркүнө чыгарган… Момун чал менен текеберленген Орозкулдун ролу… Асанкул Куттубаев өзүнүн ролун мыкты аткарган. Бул кинодон кийин аксакалды эл аябай урматтап-сыйлап калган. А мени болсо көрүүчүлөр жек көрүштү. Көчөдөн кичинекей балдар да, “Орозкул келатат, качкыла!” деп жашынышчу… «Бугунун мүйүзүн чаптың» деп көлдүктөр жаман көрүшсө, «карыган чалды чаптың» деп тяншандыктар жаман көрүп жүрүштү. (Күлүп) Акыры ал роль экенин түшүнүп, сакалымды сыйлап калышты.

Ал киного азап менен тартылганыбыз азыркыга чейин көз алдымда турат. Ар биринин ролу өзүнө жарашкан. Нургазы — Нургазы Сыдыгалиев, Карыз – Сабира Күмүшалиева, Момун – Асанкул Куттубаев, Гүлжамал – Айтурган Темирова, Бекей – Назира Мамбетова, Кулубек – Чоро Думанаев, Сейдакмат – Мукан Рыскулбеков, Шаман кемпир – Даркүл Күйүкова.

— Киного тартылганды сагындыңызбы?

— Абдан сагындым. Жадагалса жанагы гримдерине чейин сагындым…

— Учурда эмне иш менен алектенип жатасыз?

— (Күлүп) Тоок багып жатам. Тамаша, дыйканчылык менен алектенип жүрөм. Убагында Свердлов районунун Аксакалдар сотунун төрагасы жана Шаршен атындагы куудулдар театрында иштедим. Азыр пенсиядамын. 1995-жылы менчиктештирүү башталбады беле. Менчиктештирүү боюнча жарнакка сакалым менен тартылыш керек болуп сакалымды өстүргөм. Балдарым, кемпирим, «Алба, жакшы жарашат экен» дешкенинен алганым жок.

— Канча жашыңызда үй-бүлө курдуңуз эле?

— 22 жашымда үйлөнгөм. Биринчи никемден беш балам бар. Ал учурда мен филармонияда иштечүмүн. Аялым оорудан каза болуп калган соң, балдар менен эч жакка чыгалбай, ишти таштадым. Радиодогу балдар куран окутуп келишип, жумушка чакырышкан. Ошол жакка орношуп, Фатима аттуу жар таптым. Мен режиссер, ал оператор болуп иштечү. Жумушка эки жашар кызым менен барчумун. Ал Фатиманы көргөндө эле апа деп жабышып калды. (Күлүп) Апалап жүрүп, биролото апа кылып алганбыз. Фатимадан жети балам бар. Менин фамилияма өткөн. 34 жылдан бери чогуу жашап келатабыз. Балдарыбызды урушмак түгүл, аларды сен деп кагып, катуу сүйлөгөн жан эмеспиз. А чынында алар тартиптүү, ыймандуу. Азыр турмуш курганы да, окуганы да бар. Бир гана Айнура деген кызым оорудан каза болуп, кабырганы кайыштырып кетти… Артында бир кыз, бир баласы калды.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

«Бишкек таймс» гезити, 2003-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.