Түгөлбай КАЗАКОВ: «Театрды театр кылган мыкты драматургдардын бири Мар Байжиев болчу»

Түгөлбай КАЗАКОВ: «Театрды театр кылган мыкты драматургдардын бири Мар Байжиев болчу»

Эсен болуп, эстей жүр!

29-октябрь. Бүгүн III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендин ээси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан улуттук кино академиясынын мүчөсү, драматург Мар Байжиев каза болгон күнү. Маркумдун жылдыгына карата Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында ачылган Улуттук адабиятты өнүктүрүү борбору эскерүү уюштурган. Эскерүүгө катышкан белгилүү инсандардын эскерүүсүн беребиз. 

“Айтматовдон кийинки кыргыз адабиятын дүйнөгө тааныткан адам”

— Мар ага экөөбүз чынында ынак мамиледе элек. Алтымышынчы жылдарды “Алтын доор” деп  так, таамай атаган. Биздин жалпы маданияттын алтын доору десек болот. Ошол алтын доордун учурунда маданият министри Күлүйпа Кондучалова эжебиздин мыкты касиеттеринин бири,  министрликке өтө таланттуу, келечектүү жаштарды чогулткан. Ошол жаштар  Мар Байжиев, Бексултан Жакиев, Эрнис Турсунов, Мелис Шаршенбаев болчу. Кийин булардын баары чыгаан инсандар болуп чыга келишти. Театрга Мираида (Далбаева) эжебиз баш болгон өзүнчө бир муун келди. Ошол учурда актерлор дагы, чыгармалар дагы гүлдөп турган мезгил болчу. Биз ал кезде спектаклдерди көрүп, бирде ыйлап, бирде сооронуп отурган көрүүчүлөрдүн бири болчубуз. Эски кыргыз драма театры Фрунзе музейинин жанында болчу. Мен студент элем, театрга көп келчүмүн. Экия Мукамбетов сахнада микрофону жок ырдап жатса, чымын учпай, эл былк этпей угуп отурганы эсимде. Ошол учурлардан тарта абдан жакшы көрүп, театрга байланып калдым. Улам кийинки спектаклдерди күтүп көрөм. Театрды театр кылган мыкты драматургдардын бири Мар Байжиев болчу. Бул адам Чыңгыз Айтматовдон кийинки кыргыз адабиятын дүйнөгө тааныткан адам десем жаңылышпайм. Анткени, бул кишинин “Эрөөл” деген пьесасы жазылары менен Советтер Союзунун бардык өлкөлөрүнө анын жылдызы жанып, таанылып кеткен. Эмнеге дегенде Советтер Союзу учурунда пьесалар гүлдөп кеткен учур эмес эле. Партиянын көрсөтмөсүнөн чыга албай, бир топ чыгармалар ошол доор менен кошо өчүп кетти. Ошол кезде Мар Ташымович суурулуп чыгып, компартияга эч кандай тиешеси жок “Эрөөлдү” жазды. Ошон үчүн бул чыгарма дүйнөнү кыдырып кетти.Чыңгыз Төрөкуловичтен кийинки орус тилдүү калемгер дагы ушул Мар ага деп жүрөбүз.

Бул адамдын тамашасы дагы шумдуктай курч эле. Бексултан Жакиев, Ашым Жакыпбеков, Төлөмүш Океев кошулганда Ала Тоо дүңгүрөп турат эле. Таппаган тамашасы жок, актерлер, кино группа чарчап турабы тамашалуу кеби, нарктуу сөзмөрлүгү менен бир заматта сергитип, жарптарын жазып койчу. Бул адамдардын арасында чыгарма дагы жаралып, жашоо да жашалып, көңүл да көтөрүлүп өмүр токтоп турар эле. Ушундай доордун адамдарын көрдүм. Мындай доор өзүнөн-өзү келбейт да. Жогорудагыдай мыкты кишилердин аркасы менен келди.

Ошол алтымышынчы жылдарда Күлүйпа Кондучалова драматургдарды чогултуп алып: “Бизде интермедия деген жанр бар, бирок, анын мыкты үлгүлөрү жок. Силер жазышыңар керек!” дегенде Мар Байжиев  “Шурик”, “Бопуштун кайгысы” деген эки интермедия жазат. “Бопуштун кайгысын” Асанкул Шаршенов, Күнболот Досумбаев жана Тууганбай Абдиев ойногон. Бул интермедиялар шумдук күчтүү чыккандыгын мындан билиңиз, элдин “дуу” күлкүсүнөн зал жарылып кете жаздайт эле.

Мар Ташымовичтин  мыкты жери, ойдо жок жерден ичеги-бооруң эзилгиче күлдүрчү. Кыргыздын юмору өзү шылдыңга жакыныраак болот да, Мар аганыкы интеллектуалдык юмор болчу. Ошол үчүн дүйнө кыдырып кетти деп ойлойм.

Афина БАКИРОВА,  «Эркин Тоо» гезити

«Манас» эпосун изилдөөгө зор салым кошкон инсан

Драматург, прозаик, жазуучу, адабиятчы, котормочу, кино жана театр режиссёру катары чет мамлекетке чейин белгилүү болгон Мар Байжиев Жалал-Абад шаарында 1935-жылы 23-мартта туулган. Балалык доору Фрунзе шаарында өткөн. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) орус тили жана адабияты факультетин, Москвадагы киносценарист жана кинорежиссёрлук жогорку курсун аяктаган. «Кыргызфильм» студиясында, Маданият министрлигинде, «Литературная газета» басылмасында эмгектенген. Драматургдун чыгармалары бир топ мамлекеттердин (Москва, Ленинград шаарларынын, Германия, Польша, Чехословакия, Румыния, Австрия, Венгрия, Финляндия, Швеция, Канада, Монголия, Россия, Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Азербайжан, Украина, Молдавия, Өзбекстан, Казакстан) сахнасында коюлган. Атай кетсек, «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд», «Он экинчи күн», «Төрт адам» пьесалары. Бардыгы ийгиликке ээ болгон. Агабыздын сюжетинин негизинде эки опера коюлуп, «Өзбекфильм» студиясында «Нөшөр» тасмасы тартылган (1979-ж.). «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасы жазылып, анын сценарийинин негизинде улуттук «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму» фильми тартылган. «Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер тартылып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон, дүйнөлүк жана Орто Азия кинофестивалдарынын жогорку дипломдоруна ээ болгон. Алар: «Ак илбирстин тукуму» («Кыргызфильм»), «Чочун бакыт» («Өзбекфильм»), «Нөшөр» («Өзбекфильм»), «Нокдаун» («Кыргызфильм»), «Жиндилер поезди» («Кыргызфильм»), «Окуя» («Кыргызфильм»), «Алтын күз» («Кыргызфильм»), «Жаңы жыл түнү» («Казакфильм), «Эргулдар» (ЦТ “Москва”). «Окуя» жана «Жиндилер поезди».

Мындан тышкары, Мар Байжиев «Манас» эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого зор салымын кошкон. «Манас» эпосу жөнүндө биринчи даректүү тасманын автору. «Манас» эпосунун орус, англис тилдериндеги үч томдук энциклопедиясын чыгарган. 2008-жылы Саякбай Каралаевдин, Сагымбай Орозбаковдун жана башка манасчылардын варианттары боюнча “Манас» эпосун орус тилине которгон. Д.Фурмандын чыгармаларын, А.Чеховдун, Ж.Коктонун пьесаларын кыргыз тилине которгон.

Интеллектуалдык деңгээли бийик, эки тилде (кыргыз, орус) мыкты жазган Мар Байжиев элдик оозеки чыгармачылыкты изилдеп, сахналаштырып, чет элге жайылтууда, кыргыз элинин маданиятын ар түрдүү жанрда даңазалоодогу эбегейсиз эмгеги зор. Жогоруда Түгөлбай Казаков агабыз айткандай, айтылуу Айтматовдон кийинки эле кыргыз адабиятын дүйнөгө тааныткан инсан. Мар агабыз 86 жашында былтыр (2021-жылдын 29-октябрында) акка моюн сунган. 31-октябрда акыркы сапарга узатканбыз. Сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

 

2 thoughts on “Түгөлбай КАЗАКОВ: «Театрды театр кылган мыкты драматургдардын бири Мар Байжиев болчу»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.